Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:52

Чайчылыктар чатырда күн кечирүүдө


17-ноябрдагы жер титирөөдө Кызыл-Суу айыл аймагындагы 177 үй жараксыз деп табылган. Зилзаланын очогу болгон Чайчы кыштагы да Кызыл-Суу айыл аймагында жайгашкан.

Учурда 110 үй-бүлө көчмө-темир үйлөргө киргизилген. Калган 60тай кожолук убада кылынган көчмө үйлөрдү күтүп жатат. Бирок алар кыштын суук күндөрү чатырда жашоо оор болуп жатканын айтышууда.

Кар баскан айыл

Чайчы айылын учурда аппак кар басып калса да зилзаладан жабыр тарткан Анипа Кыязова чатырда күн кечирүүдө. Күндүзү көмүр менен эптеп үйдү жылытса, түнкүсүн, меш өчкөндө ал балдары менен төшөккө калың оронгондон башка аргасы жок:

- Чатырда жашоо кыйын болуп атат. Кардын илеби жуурканыбыздын ичине чейин билинип атат. Өзгөчө түнкүсүн аябай суук болот экен. Кечээ эки күн өлгүдөй суук болду эле чатыр кадимкидей муз болуп тоңуп калыптыр. Түнү менен көмүр жагып олтура албайт экенсиң, анан меш өчүп калганда үйдө жатууга мүмкүн болбой калат. Үйүбүз көчүп түшүп калуу коркунучунда тургандыктан, ага кирип жашай албайбыз. Жабыр тарткандар көп болуп жатканы үчүн бизге контейнер алууга кезек келе элек. Тизме менен берип жатышат. Эки-үч күн ичинде бизге да келип калат дешкен, ошого ишенип эле олтурабыз.

Чайчы айылы
Чайчы айылы

Чайчы айылында жапа чеккен дагы 50дөн ашыгыраак кожолук ушинтип ызгаар суукта да чатырда жашап жатат. Калган 110дон ашык үй-бүлө контейнерден жасалган 60 көчмө үйгө киргизилген.

Чайчылыктардын бири Кайыркан Абдырасулова көчмө темир үйгө - жылуу турак жайга киргенине 15 күндөй болуп калыптыр:

- Кар жаагандан мурдараак чатырды контейнерге алмаштырганбыз. Темир үй дегениң мешти катуу жаксаң аябай ысып кетет экен, мешиң өчүп калса таптакыр муздап жатып калат экен. Биз да төшөктөрдү калың жамынып, оронуп-чулганып эптеп таң атырып атабыз. Дубал үйдөй болбойт экен да. Бирок эми жоктон көрө жогору деп жашап атабыз. Мамлекет ушуга көмөк кылганына деле ыраазыбыз. Чатырда олтурсак эмне кылат элек?!

Чайчы айылы
Чайчы айылы

17-ноябрдагы зилзаланын очогу болгон Чайчы кыштагы Кызыл-Суу айыл аймагына карайт. Бул аймакта жалпы 177 үй жараксыз болуп калган болчу. Азыр калган үй-бүлөлөргө да контейнерлерди алып келүү аракеттери көрүлүүдө. Бирок кыш түшүп баратканына байланыштуу жергиликтүү бийликтер кошумча жолдорду мерчемдеп жатышкан экен:

- Биздин айыл өкмөттө эки мектеп бар. Алардан окуу процессине тоскоол болбой тургандай кылып, 20 класстык бөлмөнү бошотконбуз. Буларга биз кокустан контейнерлер толук келбей, суук күчөп кетсе, жабыр тарткандарды киргизип турабыз деп, кошумча даярдап койгонбуз. Мындан сырткары айылдык ооруканада үч палатаны бошоттук. Муну дагы ал жерде дарыланып жаткандарга кедергисин тийгизбей тургандай кылдык. Ошондой эле жабыр тартпаган айылдардан да, эч ким жашабаган, бош турган үйлөрдү караштырып, даярдап атабыз. Маселен, Алп-Ордо деген кыштагыбыздан эле ушу күнгө үч үйдү бошотуп, даярдап койдук. Эгер Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жапа чеккендерге толук контейнер берип үлгүрбөсө, үй-бүлөлөрдү ушул жайларга киргизе баштайбыз, - дейт Кызыл-Суу айыл аймагынынын жетекчиси Муратбек Нышанбаев.

Убада кылынган насыя

Өкмөт башчы Темир Сариев чайчылыктардан эки жолу кабар алып, жабыр тартканда 50 миң сомдон кайтарымсыз же 200 миң сомдон кайтарымдуу ссуда берилерин айтып кеткен. Бирок бул айылдагылардын көбү буга чейин да ссуда алышкандыктан, бул жолу акчалай жардам ала албай калышы мүмкүн экен. Кайыркан Абдырасулова кайрадан кепке кошулду:

- 2008-жылы очогу Нура айылында орун алган зилзалада чайчылыктардын дээрлик 70-80% үйү жабыр тарткан. Анан алардын көбү эле ошондо 200 миң сомдук ссудага жазылышкан. Маселен, биз да алмакчы болуп, бирок анысы үзүл-кесил болуп атып, 2011-жылы колго тийген. Анан бөлүп-бөлүп атып, бир жыл пайдубал, бир жыл дубалын, анан араң быйыл жазда үйдү бүтүргөн элек. Кыздарым Орусиядан акча салып, кредит алып, болгон малыбызды сатып атып курулган үй кайра эле минтип бир жер силкингенде урап түшүп калды. Анан эми Сариев келгенде быйыл да бизге 200 миңден ссуда берилет деп айтты эле. Кечээ өкмөткө барсак, башкалар сертификат алышыптыр. Мурда ссуда алгандар силерге акча берилбейт деп, кайра жолго салышты. Жазда кайсы акчабызга үй салабыз билбейм эми...

Чайчы айылы
Чайчы айылы

Жапа чеккендерге гуманитардык жардамдар ушу күнгө дейре келип жатат. Жогорку Кеңештин бир нече депутаты, ишкана мекемелер зыян тарткан үйлөргө жетиштүү көмүр түшүрүп беришкен. Жашоочулар быйыл кыштан эптеп ошо менен чыгып кетебиз деп турушкан чактары.

Бирок аларды эми кантип үй салабыз деген суроо көбүрөөк ойлондурууда. Үйү талкалангандардын бири Кубаныч Садыков буларга токтолду:

- Мамлекетке биротоло эле жүгүбүздү артып алганыбыз да туура эмес. Бирок бийликтер бизди да аз-маз түшүнүп койсо деп үмүт артабыз. Анткени элдин тапкан дүнүйөсүн чаптап курган үйлөрдүн баары кыйрап калып, минтип колунда эч нерсе жок олтуруп калды. Эмдиги жылы үй салып баштаганга чынында таптакыр акчабыз жок. Ошого мамлекет жабыр тарткандардын шартын ойлоп, үйдү өзү куруп берсе деп суранабыз. 50 миң сомун деле, 200 миң сом жардамын деле тек коюп, жапа чеккендерге анча чоң эмес, анча кичине эмес бир кылка кылып үй салып берсе жакшы болмок. Үйүн оңдогонго боло тургандарга гана жардам кылса, анан үйү талкаланып калгандарга үй салып берсе. Болбосо 200 миң сом акчага азыр үйдүн пайдубалы деле бүтпөйт, чынын айтканда, а чөнтөгү жука эл кайсы жактан акча табат эми?

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөдөн кийин Ош облусунда жана Ош шаарында алты миңден ашык турак жайды текшерүүгө алган. Анын үч жарым миңдейи зыян тартканы аныкталган болсо, 500гө чукул үй таптакыр талкаланып калганы тастыкталды. Адистер текшерүү иш-чараларын дагы улантууда.

Өткөн айдын 17-ноябрында катталган жер силкинүүнүн күчү жети баллга жеткен. Жер титирөө Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Алай, Чоң-Алай, Өзгөн райондорунда да сезилген. Силкинүү ноябрь айынын ичинде эле беш-алты жолу кайталанган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG