Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Үйсүз калгандардын Жамашевага таарынычы


Ош шаарынын көрүнүшү.
Ош шаарынын көрүнүшү.

Ош шаарында эки батирди шылуундук менен сатып жиберген Нурсултан Акимбаев аттуу жаран жоопкерчиликке тартылбай жатканына үй ээлери нааразы. Алар муну Акимбаевдин жеңеси, Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашевага байланыштырууда.

Нааразы тургундар Жамашеванын таасири менен Акимбаев үй камагына чыгып кеткенине, бул иш боюнча такыр тергөө жүрбөй жатканына даттанууда. Ал эми айыпталуучу тарап бул айыптоолорго макул эмес. Өткөн жылдын аягында болгон окуя боюнча милиция азыр тергөө ишин жүргүзүп жатканын билдирди.

20 жаштагы студент Жаркынай Жунус кызы Ош шаарынын Курманжан датка кичи районундагы Төрөбек Абакир уулу көчөсүндөгү апасы сатып берген үйдө жалгыз жашачу. Ошол кезде өзү теңдүү Нурсултан Акимбаев деген жигит менен мамиле куруп калат. Үйүнө кез-кезде конокко келип жүргөн Акимбаев бир күнү аны алдап-соолап, батирин сатып жиберген.

- Сиңдим жаш болгондуктан эч нерсени аңдабаптыр. Ал үйдү ата-энеси маңдай тери менен 22 миң долларга алып берген. Нурсултан Акимбаев прокуратурада иштеген эжелери, Мамкаттоо жана нотариустагы тааныштары аркылуу үйдүн документтерин тууралап, 10 миң долларга саткан. Үч ай ичинде документтер төрт адамдын колунан өтүп кетиптир. Ары бардык, бери келдик. Акыры эмне кыларыбызды билбей отуруп калдык, - деди Жаркынайдын эжеси Орозгүл Абдыкадырова.

Курманжан Датка кичи району. Ош.
Курманжан Датка кичи району. Ош.

Шаардын Черемушка кичи районундагы Гостелло көчөсүнүн №1-б үйүнүн 8-батиринин ээси Асел Токтобаева да Нурсултан Акимбаевге ушундай эле жол менен алданып калган. Акимбаев анын алысыраак таанышы болгон. Ал үйдө жок кезде Акимбаев документтерин уурдап чыгып кеткенин айтууда:

- Мен Бишкекке үч күнгө кеткен элем. Нурсултандын эжеси менин келиним болчу. Ошол аркылуу менин ачкычымды жасатыптыр да үйгө кирип, документтеримди уурдап кетиптир. Анан алып барып, нотариус менен Мамкаттоодон бир нерсе кылып бүтүрөт да, Сайдулла Мамаев аттуу кишиге 18 миң долларга сатып жиберет. Менин үйүм 45 миң доллар болчу. Бир күнү Мамаев келип, үйдү сатып алдым эле дегенде баарын түшүнүп атпаймынбы.

Бул эки батирдин ээси, алгач ар кимиси өз алдынча арыз жазып, бирок анысынан эч майнап чыккан эмес. Аларга үйдү сатып алганы менен же акчадан жок, же батирден жок калган Сайдулла Мамаев да кошулган. Жабырлануучулардын айтымында, милиция эки-үч айлап кылмыш ишин козгогон эмес. Ал ортодо Нурсултан Акимбаев кармалып, бирок кайра үй камагына чыгып кеткен.

Батиринен айрылып калган Асел Токтобаева Акимбаевдин жоопкерчиликке тартылбай жатышын анын укук коргоо органдарында иштеген туугандары менен байланыштырды:

- Тергөө иштери таптакыр жүрбөй жатат. Документтерди милициядан прокуратурага, прокуратурадан сотко, кайра милицияга жөнөтүп, жинди кылышты. Бир тергөөчүдөн экинчиге өткөрүп атышат. Тергөөчүлөр алгач “бул ишти жаап салабыз” дешкен. Анан мен “документтердин баары колубузда турса, эмнеге өткөрө албайсың?” десем, Нургазы Камилов деген тергөөчү “биз шаардык прокуратурага баш ийебиз, ошол жактан, анан Бишкектен чалып, тоскоолдук кылып атышат” деди. Алар кимдер экенин сурасам "айта албайм" дейт. Көрсө Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева Нурсултан Акимбаевдин жеңеси болот экен, бир эжеси Гүлнара Акимбаева Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасында, дагы бир эжеси Гүлмира Акимбаева Ош шаардык прокуратурасында иштейт экен. Атасы Таалай кайсы жерде иштегенин билбейм, бирок чоң атасы Орозбек Акимбаев Ош облустук аксакалдар сотунун төрагасы дешти. Кыскасы бүт эле укук коргоо органдагылар мунун таанышы болот экен “силердин колуңардан эмне келет? Жамашева биздин колдо” деп ачык эле айтып кетишти.

"Күнөөсү болсо камалсын!"

Окуя боюнча Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева менен маектешүүгө мүмкүн болгон жок. Жамашеванын кайнатасы, күнөөлөнүп жаткан Нурсултан Акимбаевдин чоң атасы Орозбек Акимбаев бул айыптоолордун баарын четке кагууда:

Феруза Жамашева
Феруза Жамашева

- Жогорку Соттун төрайымы же төрагасы мен болом дегендер азыр, Жогорку Соттун жана Жогорку Кеңештин курамында олурат. Ал орун талаш болуп, азыр келиним Жамашеваны кетирүүгө кызыкдар адамдар аны жаман көрсөтүү аракетин көрүүдө. Ошого мени, кыздарымды, келинимди аралаштырып, жаманатты кылышты. Нурсултандын атасы Таалай менин биринчи аялымдан, алар менен көп деле катташпайбыз. Мен ал неберемди көрбөгөнүмө эки жылдын жүзү болду. Өткөндө уулум келип “Нурсултан ушундай болуп калды” деп акча сураганынан баш тарткам. Туугандар менен кеңешсем “өздөрү бүтүрүп алышсын” деген. Биз бул ишке кийлигишкен жокпуз. Жамашева да бул маселени такыр билбейт. Бирөөгө бир телефон чалып, “антип койгула, минтип койгула” деген болсом жер урсун. Эгер чындап күнөөсү болсо Нурсултан камалсын, жоопкерчиликке тартылсын.

Ал эми ишти тергеп жаткан Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү болсо аларга эч ким таасир этпей жатканын айтып, окуя боюнча иликтөө акыйкат жүрүп жатканына ишендирүүдө. Тергөөчү Азамат Садыков мындай деди:

- Черемушкадагы үй боюнча шаардык прокуратура кылмыш ишин козгоп, биздин өндүрүшкө өткөрүп берген. Биз иликтеп чыгып, Нурсултан Акимбаев бул үйдүн документтерин жасалма кылып, башка бирөөлөргө арзан баада сатып жибергендигин аныктап, далилдеп чыкканбыз. Анан баш коргоо чарасы эки айлык мөөнөткө камакка алуу тартиби менен Ош шаардык сотуна иш жөнөтүлгөн. Анан ал жерден баш коргоо чарасы “үй камагына өзгөртүлсүн” деген чечим чыккан. Экинчи иш боюнча мен өзүм аз күн мурдараак кылмыш ишин козгодум. Азыр эки иш боюнча тең тергөө амалдары жүрүп жатат. Бизге басым жасаган жок. Биз ишти эки ай ичинде кайрадан сотко өткөрүп беребиз.

Жогорку Сот: Жамашеванын бул ишке тиешеси жок

Жогорку Соттун маалымат кызматы "Ошто шылуундук менен жарандардын батирин саткан Нурсултан Акимбаевдин жоопкерчиликке тартылбай жатканына төрайым Феруза Жамашеванын таасири бар",- деген кабарды четке какты.

Маалыматка ылайык, шылуундукка шектелген Акимбаев Жогорку Сот төрайымынын күйөөсүнүн алыс тууганы экени, бирок көп жылдан бери катышпай турганы, анын иши мыйзам чегинде гана каралары белгиленет.

- Жамашева бул тууралуу жабырлануучулардын катынан кийин гана билген. Ошондон кийин Ош облустук сот төрагасы менен байланышып, ишти мыйзам чегинде гана алып баруусун тапшырган. Ал эми тергөө иштерине кийлигишти деген маалыматтар чындыкка дал келбейт, - деди "Азаттыкка" Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева.

Ош шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган Нурсултан Акимбаев учурда кайда экени белгисиз. Бул иштерге ага жардам берген бир тууган эжеси Айсулуу Акимбаева жана нотариустун кызматкерлери да шектелүүдө. Акимбаев эки батирди шылуундук менен сатуудан сырткары Жаркынай Жунус кызынын 100 миң сомдук алтын шакек-сөйкөлөрүн да сатып жибергенин жабырлануучулар айтышууда.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG