Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

“Баш аман болсо, үй да курулат”


Өткөн жылдагы июнь коогасында Ош жана Жалал-Абад облустарында үйүнөн ажырагандар үчүн турак-жай куруунун экинчи айлампасы башталды. Учурда өрттөлгөн үйлөр сүрдүрүлүп, баштапкы курулуш материалдары жеткирилүүдө.

Июнь коогасында турак-жайынан кол жууган үй-бүлөлөр алгач чатырларда күн көрүп турушкан. Өткөн жылды аяктай алар жалпы аянты 30 чарчы метрлик, башкача айтканда, 2 бөлмөдөн турган убактылуу үйлөргө көчүп киришкен болчу.

Коогалаңга жыл айлангандан соң турак-жайсыз калгандарга ошол өткөөл тамына кошумча дагы төрт бөлмөлүү, же болбосо 60 чарчы метрдин тегерегинде үй салына баштады.

Учурда өрттөнгөн, жарым-жартылай урап, дубалдары жараксыз болуп калган үйлөр жер менен жексен кылынып жатат. Ордуна жаңысын тургузуу максатында озунгандары жерпайын түптөй башташты.

Жабыркагандарга үйлөрүн толук куруп берүү үчүн Азия өнүктүрүү банкы кайтарымсыз негизде 28 миллион доллар бөлгөн. Бул каражатка “Актед” жана DRS аттуу уюмдар курулуш материалдарын тартып келүүдө.

Сулайман-Тоонун түндүк-батыш ыптасында жайгашкан Кызыл-Кыштак айылына барганымда ал жерге “Актеддин” кызматкерлери жерпай үчүн курулуш каражаттарын түшүрүп жатышыптыр.

Каражат аз, иш көп

Айыл тургуну Дилборхан Каримованын жолдошу шаардын башка бир четиндеги Он-Адыр айылындагы мектепте күзөтчү болуп иштейт. Андыктан бөлүнгөн каражаттарды өзү кабыл алып жатыптыр.

- Мына бул эки бөлмөлүү үйдү донор уюм салып берди. Анан мен өкмөт берген 50 миң сом акча менен достор берген тыйын-тыпырды топтоп, 7 метрлик дагы бир бөлмө кошуп алдым. Эми “Актед” бул жерге дагы үй салып бермей болуп алгачкы каражаттар цемент, шагылдарды таштады. Усталарды өзүм таптым, онадырлык балдар.

Дилборхан Каримова
Ал эми куруучу усталардын эмгек акысы үчүн донорлор 55 миң сомдон бермей болуптур. Хакимжан Пазылов мынча акчага үйдүн жарымы араң куруларын, андыктан усталарды туугандар арасынан тапканын айтты.

Ал эми усталар эмгек акылары кандайча бычылаарын мындайча айтып беришти:

- Жерпайдын 1 куб метрин миң сомго куябыз. Эң арзаны 800 сом болот. Кышты болсо 3 сомдон урабыз. Чатырчасынын чарчы метрин 300 сомдон жабабыз. Шыбагы да бар. Чарчы метри 120 сом. Полунун чарчысын болсо 150-200 сомдон кагабыз. Эсептеп көрсө 110 миң сомдон ашып кетип атат. Биз эми тууганча эле жасап атабыз, арзандатып.

Мындан тышкары үй салууда майда-чүйдө иштери аз эмес экени маалым. Албетте 55 миң сом акы төлөп деле 60 чарчы метрлик үй салдырып коюу мүмкүн. Бирок маселе анын сапатында. Өз ишин мыкты билген курулушчу бүгүнкү күндө мынча каражатка иштейт деп айтуу кыйын.

Ош жана Жалал-Абадды кабылына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов мамлекет турагынан айрылгандарга 200 миң сомдон ссуда бөлгөнүн, андан баш тарткандарга 50 миң сомдон кайтарымсыз акча бергенин, буларды ким кандай жумшаса өз эрки экенин белгиледи.

Эрмекбай Алымканов
Ош шаарынын чыгыш тараптагы кире беришиндеги Памир көчөсүнүн тургуну Эрмекбай Алымканов жаңы салган 2 кабат үйү тополоң учурунда өрттөлүп, жарактан чыккан.

Ал турак-жай салуучулар үй ээсинин пикири, мүдөлөрү менен эсептешпей жатат деп нааразы. Анын белгилешинче, алар күн мурунтан дайындалган пландын негизинде иш алып барып жатышыптыр.

- Стандарттык долбоору бар экен. Ошого ылайык, жабырланган деңгээлдерине карабай бирдей үй куруп берүү каралыптыр. Жеке долбоорго уруксат беришсе жакшы болот эле. Үй-бүлөмө ылайыктуу кылып өзүм куруп алмакмын. Ансыз деле берген курулуш материалдары бир аз жетпейт, уста акысы да азыраак.

Мамлекеттик дирекциянын маалымат катчысы Мелис Эржигитов:

- Ошол үй бүтүп, колдонууга берилген сон үй ээси кошумча куруп алууга болот. Параллель куруп кетүүгө укугу жок. Мисалы, ДРС 40 чарчы метрлик үй сала турган болсо анын ар бир чарчысына жооп берет. Ошондуктан курулуш иштерине тоскоолдук болбосун деп үй ээлеринин удаа эле курулушту кеңейтип кетүүсүнө макулдук берилбейт.

Дирекциянын эсеби боюнча, экинчи айлампада 1626 жеке турак-үй салынышы керек. Алардын ачкычтары күз айларынын аяк ченине чейин толук тапшырылат деп ишендирүүдө. Экинчи айлампа Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда да башталганы маалым болду.
XS
SM
MD
LG