Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Ак-Буура: кагаз бетинде калган эскертүүлөр


Ошто Ак-Бууранын жана анын оң-сол канаты болгон ири каналдардын жээгин тосуп алгандардан бошотуу мүмкүн болбой жатат.

Суу этегинде жашагандар каналдардын эки жээгин ачык сактоочу жолдор өз алдынча тосулуп, жээктеги айылдарга коркунуч келтирип жатканына даттанышууда.

Кырсыктарды алдын алуучу Оштогу экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы аларга чара көрүүгө шайы келбей жатканын моюнга алат.

Ош шаарын Ак-Буура жана андан бөлүнүп аккан алты канал аралап өтөт. Бул ири суулар жээкте жашаган адамдардын нагыз туткунуна айланган. Ак-Буура дарыясы баш болгон ири каналдардын жээктери чычкан өтө алгыс болуп тосулуп, бийликтердин эскертүүсүнө карабай ачылбай жатат.

Ош шаарынын тургуну Маматемин Топчубаев үйүнүн жанынан өткөн каналдын жээги толук тосулуп, айылга кооптуу абал жаратканына кабатыр.

- Каналдардын бойлорунда талап кылынган бир дагы эреже сакталган эмес. Каналдарды тазалоо мүмкүн эмес. Суу ашып кетсе, кандай болуп кетерин кудай билет. Бүт баары каналдардын жээктерин зым жана дубалдар менен тосуп алышкан. Каналдардын эки жээгинде болушу керек болгон жолдордун изи да калган эмес. Муну көзөмөлдөбөй жаткан, же уруксат берген айып архитектурадабы же башкадабы белгисиз. Азыр барып ач десең да ачпайт. Муниципалдык ишканадан "жээктерди ачкыла" деген кагаз ташталганын айтышты. Ошол бойдон дым болуп кетти. Эч кандай натыйжа жок.

Учурда Оштогу Ак-Буура жана башка каналдардын боюнан орун алган капиталдык курулуштар жүздөп саналат. Алардын айрымдары гана илгерки курулуштар. Бирок ал курулуштар күн санап заманбап имараттар менен толукталып жатат.

Тасмада: Ак-Буура боюндагы жер талашка түштү

Ак-Буура боюндагы жер талашка түштү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:29 0:00

Ош шаардык экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекция өкүлү Осмонбек Курманбеков шаардагы ири суулардын жээктерин курулуштан коргоо кыйын болуп жатканын айтты.

- Жээктерди ачык сактоо тууралуу мыйзам бар. Бирок ал мыйзам чыкканга чейин курулуп калган имараттар көп. Аны жээктен алыш үчүн компенсациясын төлөп беришибиз керек. Биз мыйзам чыккандан кийинки курулуштарга уруксат берилбешин көзөмөлдөп атабыз. Болбой эле куруп алгандарды аныктап, сот аркылуу буздурганга аракет кылып, азыр 10 чакты иш сотко өткөрүлгөн.

Курманбеков Ош шаарын аралап аккан ири суулардын жээктерин ээлеп алуу жолдорун эл жакшы өздөштүргөнүн кошумчалады.

- Эл жээктерди жашылдандыруу максатында деп алып, акырындап сөөрү коёт. Анан бастырма куруп, айланасын кыш менен урат. Анан бир нече жылдан кийин эле капиталдык курулушка айланып кетет. Мындай нерсени биз бүгүн эле аныктай албайбыз. Ал качан курулуш курганда аныкталып, мыйзам чегинде имаратты бузуусун талап кылып сотко жиберебиз.

ӨКМнин эскертүүсүнөн натыйжа чыга элек

2007-жылы Ак-Бууранын жээгиндеги 50 метр аралыкка курулуш курууга тыюу салынган. Калган каналдардын жээктери да 5 метрден 25 метрге чейин курулушсуз сакталыш керек. Бирок мындай мыйзамдар азырынча кагаз бетинде гана кала берүүдө. Бул арада Ак-Буура дарыясы менен кошо Ошту аралаган ири каналдар ага жакын үйлөрдүн кир сууларын жана таштандысын алып кетүүчү каражатка айланган.

Ош шаарынын тургуну Жылдыз Асанова таштандыга толгон каналдардан ири эпидемия чыгып кетеби деп кооптонот. Анткени ал сууларды айыл тургундары колдонот.

- Эми каналдын иши толо таштанды. Желим бөтөлкөлөр, самындын алкындылары, памперстер агып келет. Жогору жактан мончолордун суулары кошулат. Суу азайган учурда келемиш, ит-мышыктардын өлүктөрү жатканы көрүнөт. Ошого карабай каналдагы сууну ичип атабыз. Бир нерсе болуп, жугуштуу эпидемия чыгып кетпейт деп эч ким кепил болбойт.

Ош шаарын Ак-Буурадан бөлүнгөн алты канал аралап өтөт. Ал каналдарга чөмүлүүгө түшкөндөр маал-маалы менен агып кетип турганы анда көп көлөмдөгү суу өткөндүгүн далилдеп турат. Адатта төгүп жааган жаандан кийин каналдардагы суунун көлөмү көбөйүп, ашып кетип турат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош шаары жана шаар четиндеги ондогон айылдарды сел астында калуу коркунучу жогору жайлар катары каттоого алган. Ага болбой эле дарыя жээгин дарак-ташка толтургандар эч кандай көзөмөлсүз калып келет.

XS
SM
MD
LG