Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:11

Саясат

Ш. Мамыров: ЕККУ полиция кеңешчилери эл менен сүйлөшпөйт

Кыргызстанга жаңы жылдан кийин келчү ЕККУ полиция кеңешчилери ички иштер тармагын реформалоого гана кол кабыш кылмакчы.

Милициянын полковниги Шамшыбек Мамыров "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолорунда"
Текст көлөмү - +
Эл аралык кеңешчилер тобунун коопсуздугун ким камсыздайт, алар кандай иш жүргүзөт?  "Азаттыктын" ушул сыяктуу суроолоруна Кыргызстандын ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Шамшыбек Мамыров жооп берди.

Шамшыбек Мамыров:
Булардын биринчи максаты - ички иштер органдарын өнүктүрүү, биздин милициянын жумушун эл аралык стандартка дал келе тургандай кылып көтөрүү болуп саналат. Алар үчүн бир жылдык мөөнөт аныктап жатабыз. ИИМдин буйругу менен үлгүлүү райондук 18 ички иштер бөлүмүнө аталган долбоорду ишке ашыруу дайындалды. Орто эсеп менен отузга жакын эл аралык кеңешчилер ички иштер кызматын өнүктүрүүгө жана жакшыртууга көмөктөшүү максатында келет.

"Азаттык": - Алар кеңеш берүү менен эле чектелеби, же ички тергөө иштерине да аралашууга укугу барбы?

Шамшыбек Мамыров: Булар ички иштер кызматкерлерине гана кеңеш берүү менен алек болот. Ал эми тергөөгө, өз алдынча эл менен жолугушууга, же болбосо көзөмөл кылып кайгуул кызмат өтөөгө булардын акысы жана мандаты да жок.

"Азаттык": - Мына ушундай шарттарга ылайык ЕККУ полиция кеңешчилери жергиликтүү калк өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө, баарлашууга акысы жок экен, аларга уруксат берилбептир, мунун себеби эмнеде?

Шамшыбек Мамыров: Себеби эл менен жолукканда булар кандайдыр бир башкача көз карашта болуп калышы мүмкүн. Анын үстүнө эл менен иштей турган, элдин талабын аткара турган мамлекеттин ыйгарымдуу бутагы катары өзүбүздүн милициябыз бар. Ошондуктан булар биздин гана ишке кеңешчи катары жардам беришет.

"Азаттык": - Ал эми полиция кеңешчилер тобунун коопсуздугун ким камсыздайт?

Шамшыбек Мамыров: Эми алар биз менен кызматташып жаткандан кийин алардын коопсуздугун ички иштер кызматкерлери, биз камсыздайбыз.

"Азаттык":  - Аларда курал алып жүргөнгө уруксаты барбы?

Шамшыбек Мамыров: Жок, алар эч кандай курал-жарагы жок келишет.

"Азаттык": - Рахмат маегиңизге.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Касым каяктан: Ош
03.01.2011 23:51
Азырынча бизге табышмактуу ЕККУ полиция кенешчилерин кыргызстанга киргизууго ИИМнен озгочо Ш.Мамыров чуркап журот.Эмне учун?
Бул полиция эл менен жолукпаса, баарлаша албаса анан кантип жагдайды тушунуп биздин милицияга кенеш берет?

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)