Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Жетим калтырган жетиси


2010-жылкы 7-апрел ыңкылабында окко учкан 86 адамдын катарында Эрнист Миңбаев да бар болчу. Кийинки жылы анын артынан жубайы Жийдегүл Нускеева жол кырсыгынан мерт болуп калган. Алардын артында томолой жетим калган бир уул, бир кыздын абалы кандай?

Элнура Эрнистова 11 жашта. Бишкектин Жал кичи районунда апрел ыңкылабында каза болгондордун жакындары үчүн курулган көп кабаттуу турак үйдөгү эки бөлмөлүү батирде таенеси, таежеси жана анын үч баласы менен чогуу турат.

Элнура бизге 7-апрелде атасынын башына ок тийип, ошондон көз жумганын айтып берди:

- Атам жакшы жана боорукер киши болчу. Мага кичинекей кезимден эле эмне жакса, ошонун баарын алып берчү. Атам өлдү деп укканда апам экөөбүз катуу ыйлаганбыз. Апрель окуясы жана саясат эмне экенин билбейм, кызыкпайм.

Бир жылдан кийин, 2011-жылдын сентябр айында апасы Жийдегүл Нускееваны Бишкекте машине коюп кетиптир. Элдияр Эрнистов – анын агасы, 1997-жылы төрөлгөн. Бирок ал бул үйдө жашабайт. Ошондуктан агасы менен айрыкча акыркы мезгилде кез-кезде эле көрүшүп калды. Тилекке каршы Элдиярга жолугалы деп, дайынын биле албай койдук.

7-апрель, 2010-жыл
7-апрель, 2010-жыл
Элнураны багып, чогуу жашап жаткан тайжеси Манагүл Нускееванын айтымында, Элдияр селсаяк турмушту башынан өткөрүп, үйгө жолобой калыптыр:

- Баласы үйдөн качат. Эмне үчүн качып жатканын түшүнбөйсүң. Ата-энеси тирүү кезинде деле качып жүрчү, анан алар өлгөндөн кийин дайынсыз жоголуп кеткен соң милицияга кайрылып, таап алганбыз. Андан кийин айылга алып барсак, ал жактан да качып келген. Анан ушинтип көчөдө жүрөт, үйгө да келбейт. Азыр болсо бул кызы колубузда.

Ошентип Элдияр каалаган жеринде конуп-түнөп жүрө берет. Анын кайда, кимдер менен жүргөнүн, эмне иш менен алек болорун кызыгып, артынан сая түшкөн кимдир бирөө бул үйдө бар экендиги деле билинбейт.

Манагүл өлгөндөн калган эки балага өз балдарындай эле кам көрөөрүнө ишендирип, бирок Элдияр бейбаш бала болуп калганын баса белгилеп отурду. Анын Элдиярды психологго алып барсам деген ниети бардай, бирок ал качан ишке ашары белгисиз. Элнуранын деле таежесине ынак экендиги анча сезилбейт:

- Оку десең отура берет да, сөздү укпайт. Урушасың. Анан жаман көрүшөт, бизди жаман көрөт дегенсип. Мектепте да сабактарда баалары, жазышы начар болчу. Азыр мен аны менен сабагын даярдашып, урушуп келаткан үчүн кичинеден оңолуп келатат. Анан мугалимдерине барып, мени бала каратып атат деп даттанат. Оку деп айтсаң сөздү укпай телевизор тиктеп отуруп алат.

Элнура Эрнистова 4-класста окуйт. Апасын жана атасын катуу сагынат экен, алардын өлгөнүн дале толук түшүнө электей. Башка балдардай эртеден кечке сыртта ойнобойт. Таежеси аны өзү эле ушундай түнт деп түшүндүргөнгө аракет кылды. Элнура сүрөткө жана музыкага кызыгарын айтты:

- Ырларды кичине эле билем. Кичинекей кезимде жакшы билчүмүн, азыр аягына чейин ырдап бере албайм. Мурун телевизордон ырларды угуп, жакшы билчүмүн, азыр ортосунан сөздөрдү унутуп, аралаштырып жиберем.

Маркумдардын уул-кызынын милдети таенесинин мойнунда болгону менен, ал кишинин саламаттыгы жакшы эмес. Ошондуктан Нарындагы кичүү кызы Манагүлдү бул батирге бала-чакасы менен алдырып келген. Жолдошу болсо үй-жайын карап Нарында экен. Биз таенесине жолуга албадык, Жумгалга кеткенин айтышты.

“Эжемдин балдарын өзүмдүн балдарымдай сүйүп бакканга аракеттенип атам”, - дейт ал үшкүрүп.

- Бул кыз жакшы окуса, келечекте ийгиликтүү адам болсо, үйдө да кичине оокатты жасаганды билсе деген эле ой. Андан башка эч нерсе каалабайбыз. Кантип эле жамандык каалайлы? Анан тиги баласы ээнбаш болгондуктан, бул атасы Ала-Тоо аянтында өлгөн үчүн бир батирлүү үйдү кызына жаздыртсакпы деп ойлоп атабыз.

11 жаштагы кичинекей Элнура үчүн да, үйдөн безип жүргөн Элдияр үчүн да азыр ар жыл сайын даңазаланган 7-апрель эң оор күн экени айтпаса да түшүнүктүү. Тагдырдын буйругу менен ата-энесиз чоңоюп жаткан кыргыздын бул уул-кызына ыйман берсин деп тилейли.
XS
SM
MD
LG