Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

“Караларга” каршы күрөш бар, натыйжа аз


Милициянын билдиришинче, соңку кезде каралар арасында тирешүүлөр орун алууда.
Милициянын билдиришинче, соңку кезде каралар арасында тирешүүлөр орун алууда.

ИИМ Камчы Көлбаевдин боштондукка чыгышы өлкөдөгү криминогендик кырдаалга таасир этерин билдирди.

Милициянын ырасташынча, соңку учурда белгилүү кылмыш топтору арасында бири-бирине үстөмдүк кылуу, таасир бөлүшүү максатында тирешүүлөр орун алып жатат. ИИМдин Уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев кылмыш төбөлү Камчы Көлбаевдин өткөн айда боштондукка чыкканына байланыштуу кошумча чаралар көрүлүп жатканын айтты:

- Токмок шаарында Батукаев менен Көлбаевдин кылмыштуу топторунун тирешинин негизинде орун алган адам өлтүрүү фактыларынын бети ачылды. Иликтөө иштери уланууда. Мен-мен деген “мыйзамдагы уурулар” боштондукта жүрүшөт. Криминалдык чөйрөдөн ар кандай сөздөр, ушактар, маалыматтар түшүп жатат. Бирок биз анын баарын көзөмөлгө алдык. Боштондукта жүргөн уюшма кылмыш топтун мүчөлөрүнө мыйзам чегинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өз ара талаш-тартышка, адам өлтүрүүгө жол бербегенге катуу аракет көрүп жатабыз. Көлбаевдин боштондукка чыгышы криминалдык чөйрөгө таасир этет. Бирок биз аларды толук көзөмөлгө алдык.

Камчы Көлбаев.
Камчы Көлбаев.

Өткөн айларда аты чыккан кылмыш төбөлдөрүнө байланыштуу орчун окуялар катталды: Түндүк Осетияда Азиз Батукаев кармалды. Башкы прокуратура аны Кыргызстанга алып келүүгө аракет жасай баштады.

Анын алдында АКШнын Мамлекеттик департаменти Камчы Көлбаевдин кылмыштуу схемасын ачып бергендерге бир миллион доллар сыйлык жарыялаган эле. Үч жыл илгери болсо АКШ президенти Барак Обама Көлбаевди дүйнөдөгү 7 эң ири маңзат королунун бири катары кара тизмеге киргизген болчу.

Дагы бир кылмыш тобунун анабашы атыккан Алмамбет Анапияевге байланышуу коомчулукта талаш-талкуу жаралды. Өткөн айда аттуу-баштуу спортчулар Анапияевди жактап, өлкө жетекчилигине кайрылган болчу. Кылмыш төбөлүн ачык актап жаткандар арасында Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары да бар. Рафик Мамбеталиев Анапияев оор кылмыштар боюнча айыпталып, издөө жарыяланганын эскертти:

- Биздеги расмий каттоо боюнча төрт негизги уюшма кылмыш тобу бар. Булар: Камчы Көлбаевдин, Азиз Батукаевдин, үчүнчүсү Алмаз Бокушевдин жана Максат Абакировдун топтору. Ушул тушта уюшма кылмыш тобунун 17 мүчөсүнө издөө жарыяланган. Алардын арасында Алмамбет Анапияев бар. Кармалып, алынып келингенден кийин тергөө амалдарын жүргүзүп ишин сотко өткөрөбүз. Чечимди сот чыгарат.

Буга чейин өкмөттө “караларга” байланыштуу кырдаал талкууланып жатканда алардын диний-экстремисттик топтор менен байланышы күчөгөнү, бизнеске кысым жасоону улантып жатканы, ошондой эле кайсы бир саясий күчтөргө таасир эте алары айтылган болчу. Рафик Мамбеталиев буга чейин айылдык, райондук кеңештерде 12 депутат уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү катары оперативдүү кызматкерлердин тизмесинде турганын маалымдаган. Азыр бул багытта иш уланып жатат деп билдирди:

"Женго" аттуу каймана аты бар Кадыр Досонов.
"Женго" аттуу каймана аты бар Кадыр Досонов.

- Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болуп жүрүп шаардык жана райондук кеңештерге депутат, төрага болуп отургандар болгон. Өзүңөргө маалым болгондой, “Джин” деген каймана аты бар Алтынбек Арзымбаевди партиядан чыгарышты. Ал оор кылмыш кылганы үчүн жоопко тартылган. Андан башка Кемин райондук кеңештин депутаттары каракчылык кылып кармалган, ушул тушта соту жүрүп жатат. Балыкчы шаарында да кылмыш топтору арасында талаш-тартыш болуп, жергиликтүү кеңештин депутаты жоопко тартылган.

Быйыл жыл башынан бери уюшма кылмыштуу топтун мүчөсү катары шектелип жүздөн ашык адам кармалды. Алардын алтоонун кылмыш дүйнөсүндө “положенец”, “смотрящий” деген наамдары бар.

“Ата Мекен” партиясы соңку парламенттик шайлоодо “караларды” ооздуктоо боюнча убада берген жайы бар. Аталган партиядан депутат Туратбек Мадылбеков уюшма кылмыш топторуна каршы күрөштөн натыйжа чыкпай жаткан себебин тартип коргоо органдары, сот, прокуратура тазаланбай жатканы менен түшүндүрдү:

- 2010-жылы революциядан кийин ИИМ, УКМК ичи кир адамдардын баарын сүрүп чыгып, патриот кадрларды алып келип, андан сырткары сот системасын да толугу менен тазалоосу керек болчу. Сот системасы өтө кир ыкма менен иштеп жатса, уюшма кылмыш топторго каршы күрөштөн кандай жыйынтык болмок эле. Туура, “Ата Мекен” шайлоодо ошондой багыт койгон. Баарыбыз ошол багытка ыктамайынча жетиштүү деңгээлде күрөшө албайбыз. Азыр болсо айткандарыбыздын баары угулбай калып жатат. Кесиптештерибиз да бизди коштобой жатат.

Апрель ыңкылабынан кийин бийликке келгендер уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш токтобойт деп ишендирип келет. Ошол эле учурда бийлик кылмыш топтор менен коюн-колтук алышып алды деген сындар көп айтыла баштады. Мисалы, Азиз Батукаевден сырткары, буйрутма киши өлтүрүүлөр боюнча өмүр бою абакка кесилген Эркин Мамбеталиевдин акталышы, кримчөйрөдө “Водолаз” аттуу каймана ат менен таанымал Максат Абакировдун бошотулушу, быйыл жыл башында Ошто мэр шайлоого эки күн калганда издөөдө жүргөн “Женго” деген каймана аты бар Кадыр Досоновдун капыстан пайда болушу жана чукул үй камагына чыгарылышы бир топ күдүк ойлорго, талкууга жем таштады.

XS
SM
MD
LG