Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

Үч депутат камакта калды


"Ата Журт" партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов сот залында, 25-январь, 2013.
"Ата Журт" партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов сот залында, 25-январь, 2013.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Ата-Журт” партиясынын депутаттарын үй камагына бошоткон жок. Мындай өтүнүч менен айыпталуучулардын адвокаттары сотко кайрылышкан. Судья үч депутатка өтө оор айып тагылып жатканын эске алып, өтүнүчтү канааттандырган жок. Буга нааразы болгон депутаттардын тарапкерлери Жалал-Абаддагы митингин уланта турганын билдиришти.

Адвокаттар "Ата Журт” партиясынын камактагы депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовду жана алар менен кошо айыпталган үч жансакчынын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну соттон өтүнүштү. Алар айыпталуучулар качып кетиши мүмкүн деген кооптонууга негиз калбаганын, камактагы депутаттардын саламаттыгы начарлап кеткенин жүйө келтиришти. Адвокаттардын бири Азимбек Бекназаров депутаттардын тарапкерлеринин нааразылыгын басаңдатуу үчүн айыпталуучуларды үй камагына чыгарууну сотко сунуштады:

- Буга чейин деле ушундай окуялар биздин тарыхта болуп келген. Мурда деле бөгөт коюу чарасын өзгөртпөй, камакта гана отуруш керек деп "сокур чечим" кабыл алуу Аксы сыяктуу окуяларга себеп болгон эле. Ошондуктан мындай окуяларга жол ачпаш үчүн депутаттардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, камакка байланышпаган чечим кабыл алсаңыз, коомдогу чыңалууну басаңдатууга өз салымыңызды кошкон болот элеңиз.

Мамлекеттик айыптоочулар үч депутатка өтө оор айыптар тагылып жаткандыктан, аларды камактан чыгарууга болбойт деген каршы жүйө келтиришти. Соттун төрагасы Адылбек Субанкулов айыптоочу тараптын аргументин жөндүү таап, адвокаттардын өтүнүчүн четке какты:

- Соттолуучуларга, үй-бүлөлүк абалына, ден соолугу тууралуу жагдайларга буга чейин сот тарабынан баа берилген. Ал эми алардын күнөөсү далилденгени же далилденбегени өкүмдөн соң белгилүү болот. Сот айыпталуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүү чечимин канааттандырбайт.

Соттун мындай чечими отурумга катышкан жактоочулардын нааразылыгын жаратты. “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев чечимди "саясий буйрук" деп баалады:

- Бул кылмыш иштин ачылышынын өзү эле мыйзамсыз болгон. Ал саясий буйруктун негизинде болгон. Бийликтин, айрыкча өкмөттүн кемчиликтерин көзгө сайып көрсөткөн депутаттардын оозун жабуу үчүн ушундай чечимдер кабыл алынып жатат.

Күбөлөрдүн көрсөтмөсү уланып жаткан маалда сот залындагы суу түтүгү жарылып, ишти кароо 14-мартта уланмай болду.

Ал ортодо Жалал-Абадда митинг уланууда. Камактагылардын 250-300дөй жактоочулары облустук акимияттын алдында митинг өткөрүштү. “Ата Журт” партиясынын мүчөсү Рахат Керимбаева 10-марттан соң Бишкекте акция өткөрүүнү пландап жатышканын билдирди.

“Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев, парламенттеги фракция башчысы Садыр Жапаров жана депутат Талант Мамытов былтыр 3-октябрда “Бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган”, “Конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылган” деген айыптар менен камакка алынышкан. Анда аталган депутаттар уюштурган митингдин катышуучулары Ак үйдүн короосуна мыйзамсыз кирүүгө аракеттенишкен эле.
"Азаттыктын" архивинен: 25-январдагы сот жыйыны

Ташиев: Күнөөлүү эмесмин
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:00 0:00
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG