Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:05

Саясий элитанын көчө күрөшү


Акматбек Келдибеков Оштогу тарапкерлери менен, 13-декабрь, 2011-жыл
Акматбек Келдибеков Оштогу тарапкерлери менен, 13-декабрь, 2011-жыл

Оппозиция лидерлери 1-марттан тарта бийликке каршы митингдер башталарын жарыялады.Бийлик-оппозиция тиреши басым көрсөтүүгө багыт алдыбы?

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, азыр расмий оппозиция лидерлеринин бири Акматбек Келдибеков маалымат жыйынын Бишкектеги “Россия” маалымат борборунда өткөргөнү журналисттер арасында суроо туудурду.

Келдибеков өлкөдөгү кырдаалды курч атап, жаңы коалиция мурдагы эки бийликтин жолоюна түшүп, ошолор сыңары эле оппозициянын сунуштарына кулак какпай жатканын белгиледи:

- Акаев менен Бакиевдин учурунда оппозиция болгон учурдагы бийликтин өкүлдөрү көп куугунтук көргөн эле. Эми ошонун баарын башынан өткөрүп, аны кайталып жатканына мен таң калып жатам. Жаз келгенде митингге чыгуусу күчөйт. Себеби элдин күткөнү акталган жок. Канчалаган адамдар бүгүн митингге чыгып жатат. Аны уккан, маселесин чечкен эч ким жок. Бакиев, Акаев учурунда оппозиция "бизди бийлик укпайт" деп айтчу эле. Эми эки жылдан бери бийликтин оппозиция менен отуруп, тегерек үстөлгө отуруп, акылдашканын көргөн жокпуз.

Бишкек, 6-октябрь, 2011-жыл
Бишкек, 6-октябрь, 2011-жыл
“Бизди укпай жаткандыктан көчөгө чыгууга мажбур болуудабыз”, - деген Келдибеков 1-марттан тарта адегенде Ошто, андан соң Бишкекте бийликке каршы митингдерди баштаган жатат. Анда оппозиция 1993-жылдагы Конституцияга кайтуу, өкмөттү кетирүү өңдүү радикалдуу талаптар айтылат. “Эгер бул талаптар аткарылса, Кыргызстанда жаңы президенттик жана парламенттин шайлоолор жарыяланышы керек”, - дейт оппозициянын өкүлү.

Ал ортодо парламентке кирбей калган коммунисттер да бул митингге катышаарын жарыялашты. Коммунисттер лидери Исхак Масалиевдин айтымында, оппозициянын бийликтин дарегине айткан сындары жүйөлүү:

- Бүгүнкү оппозициянын талаптарын колдош керек. Анткени алардын талаптарынын көпчүлүгү жүйөлүү болуп жатат. Өкмөт оппозициянын укпай, карабай жатат. Баары мурдагыдай эле кайталанып жатат. Акаев менен Бакиев учурундагы коррупциялык схемалар сакталып калбадыбы.

Элитанын тиреши

Анткен менен бийлик өкүлдөрү оппозициянын элди козгой тургандай кырдаал да, негиз да жок деп эсептейт. Алардын жүйөсүндө, түзүлгөнүнө эки ай болгон өкмөттү иштеттирбей, элди козутуу башталган реформаларга кедергесин тийгизет. КСДП фракциясынан парламенттин вице-спикери Төрөбай Зулпукаров:

- Өкмөт да, президент да жаңы эле иштей баштады. Алардын ишин бир жактуу жакшы деп айта албайбыз. Бирок аларды иштөөгө, кемчиликтерди оңдоого убакыт берүү керек эле. Негизсиз эле талап кыла берүү куру жалаа болуп калышы мүмкүн.

Камчыбек Ташиевдин тарапкерлери, Ош, 31-октябрь, 2011-жылы
Камчыбек Ташиевдин тарапкерлери, Ош, 31-октябрь, 2011-жылы
Кыргызстандын саясий майдаңында ар жыл сайын жаз алды менен саясий активдешүү көнүмүш адатка айланган. Мурунку бийлик учурунда да оппозиция саясий өнөктүктөрүн жаз көктөмдө баштачу. Эксперт Марс Сариев бул жолку оппозициянын акциялардын түпкүрүндө саясий элитанын күрөшү жатат деген ойдо:

- Саясий оюндар башталып жатат. Бул оюндар түндүк-түштүк аймактык элитанын күрөшү менен байланыштуу. Элитанын жарымы саясий айдыңдан четтеп калды. Ошол эле Келдибеков баш болуп. Анын үстүнө Ошто да жергиликтүү кеңештин шайлоосу болгон жатат. Ошондуктан биригишип, күч болууга аракет кылып жатышат.

Марс Сариев коррупциялык кыңыр иши билинип жаткан же жоопко тартылам деп чочулаган чиновниктердин баары ушул күчтүн айланасына топтолушу мүмкүн деген пикирде.

Саясий илимдердин кандитаты Орозбек Молдалиев болсо парламенттик оппозиция бийлик менен конструктивдүү тил табышууга каалоосу жоктугунан улам элди көчөгө алып чыгып, басым көрсөтүүгө аракет кылууда деп эсептейт:

- Келдибеков өзү маанилүү бюджет боюнча комитетти жетектейт. Бийлик биз менен диалогго келбей жатат деп көчөдөгү оппозиция айтса жарашат эле. Булардын парламентте трибунасы бар, каалаган чиновниктен жооп алууга укугу бар. Албетте митинг уюштурууга ар бир жарандык укугу бар. Бирок Келдибековдун партиясы митинг уюштурбай эле талаптарын аткарууга мажбур кылса болмок. Булар мунаса табуунун ордуна бийликке басым кылуу үчүн эле уюштуруп жатышат.
Өкмөт оппозициянын укпай, карабай жатат. Баары мурдагыдай эле кайталанып жатат.

Айрым талдоочулар оппозициянын Оштогу митинги өлкөдөгү аймактык жиктелүүгө башат болуп калышы мүмкүн деп кабатырланууда. Акматбек Келдибеков мындай кабатырланууга негиз жок деп кесе билдирди:

- Кыргызстандын тарыхында эл бөлүнгөн эмес. Аны саясатчылар бөлүп келген. Эмне үчүн Бакиев башкарып жүргөндө Бишкекте митинг көп болсо ал айтылбайт да, азыр Ошто өткөргөнү жатсак, бийлик дароо мунун колдонуп, баш айлантып көтөрүп жатышат?

Ал ортодо оппозициянын "Россия" маалымат борборун жалдаганы алдыдагы иш-чаралардын артында сырткы күчтөр турган жокпу деген суроого жем таштады көрүнөт. Эксперт Марс Сариев Кыргызстандагы ири саясий акциялар кайсы бир өлкөлөрдүн шыкагы менен болуп келгенин баса белгилейт. Акматбек Келдибеков Ошто боло турган акцияларда эч бир сырткы күчтүн карааны жок деди:

- Биздин партиянын программасында жазылгандай биздин стратегиялык өнөгүбүз - Орусия. Биз айрымдарга окшоп кезек-кезеги менен пайдага жараша байланыштарыбызды өзгөртпөйбүз.

“Ата Журт” партиясы буга чейин парламенттик коалициянын мүчөсү болуп келген. Былтыркы шайлоодон кийин коалиция бузулуп, "Ата-Журт" парламенттик оппозицияда калган.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG