Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:57

Оппозиция биригүүгө бел байлады


Оппозиянын Бишкекте өткөн митинги. 24-апрель, 2013-жыл.
Оппозиянын Бишкекте өткөн митинги. 24-апрель, 2013-жыл.

Кыргызстанда бир катар оппозициялык партиялардын лидерлери, саясатчылар Бириккен Улуттук оппозициялык кыймылга биригишти.

Анын негизги максаттары парламентаризмди бекемдөө, авторитардык жана президенттик абсолюттук бийликке каршы туруу болуп саналат. Эмки аптада өзүн оппозиция деп эсептеген саясатчылар биригүү боюнча келишимге кол коюшмакчы. Анткен менен айрым серепчилер бул биригүүнү 2015-жылдагы шайлоого даярдык катары сыпатташууда. Кээ бирлери амбициясы чоң саясатчылардын ымалага келишинен күмөн санашууда.

Бириккен Улуттук оппозициялык кыймылдын Бишкекте өткөн алгачкы жыйынына “Чындык” партиясынын лидери Кубанычбек Кадыров, “Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов, “Ата-Журттан” Камчыбек Ташиев, Данияр Жаныкулов, Нурлан Шакиев, “Улуттар Биримдиги” партиясынын башчысы Мелис Мырзакматов, “Каршылык көрсөтүү” кыймылынан Өмүрбек Суваналив менен Бегалы Наргозуев, “Эл үнүнөн” Мамбетжунус Абылов, “Эркин эл” партиясынын жетекчиси Мавлян Аскарбеков жана укук коргоочу Чолпон Жакупова катышкан.

Кыймылдын төрагасы болуп Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков шайланды. Ал кыймылдын негизги максаттары парламентаризмди бекемдөө, президенттик, авторитардык режимге каршы күрөшүү, бийликтин тең салмактуулугун калыбына келтирүү жана күчтүү жергиликтүү бийликти түзүү экенин белгиледи.

- Бизде бардык бийликтин башына факт түрүндө президент келип туруп калган. Сот да, өкмөт башчы да, төрага да, укук коргоо органдарынын башчысы да президент. Бийликтин криминалга кийлигишүүсү, кучакташуусу бизди тынчсыздандырат. Саясий куугунтук, тандалма коррупция менен күрөш... Колдон келсе бардык маселелерди бийлик менен оппозиция биригип, чечкенге аракет кылышыбыз керек. Эгер ал жол-жоболор иштебей турган болсо биз оппозиция катары колдонуп жүргөн куралдарды пайдаланабыз. Алар митинг, курултай...

Жээнбековдун айтымында, бул жолку аракеттин өзгөчөлүгү - түндүк-түштүктү бириктирген бирдиктүү оппозиция түзүү. Мындан сырткары Кумтөр, Саруудагы абал, конституциялык реформаларды өткөрүү да кыймыл көтөрө турган негизги маселелерден болмокчу.

Бул оппозициянын биринчи биригүүсү эмес. Оппозициянын буга чейин биригүү аракеттеринен майнап чыкпай калган учурлар да болгон. Саясат талдоочу Аалыбек Акуновдун белгилешинче, бийликти түп-тамырынан өзгөртүү, жалпы мамлекеттик бийликке каршы биригүүгө азыр негиз жок. Ошентсе да ал бүгүнкү күндө оппозицияны бириктирчү айрым жагдайларды атады:

- Батукаевди чыгарып жиберди, өкмөттү кызматтан кетирүү деген маселеде оппозиция биригиши мүмкүн. Ошондой эле бийликтин, президенттин өзүнө мүнөздүү эмес, Конституция укук бербеген чөйрөлөргө, экономикалык, кадр маселелерине кийлигишип атканы жана өзүнө абдан берилген адамдарды спикер, өкмөттүн башчысы кылып коюп алып, алар аркылуу биригип атканы оппозициянын да биригүүсүнө түрткү берүүдө.

Айрым серепчилер бул биригүүнү 2015-жылдагы шайлоого даярдык катары сыпатташууда. Кээ бирлери дымагы күчтүү саясатчылардын бир пикирге келишинен күмөн санашууда. Саясат талдоочу Бакыт Орунбековдун белгилешинче, азыр оппозиция жеке амбицияларын жыйыштырып, кимдир бирөөгө жол берүүнү үйрөнүшү керек.

- Оппозициянын биригиши жакшы көрүнүш. Оппозиция болушу керек. Бирок лидерлердин бардыгы тең президент, өкмөт башчы болгусу келет. Оппозиция бийликке келүү максатында болуп жаткандыктан лидерлерге, кимдир бирөөгө жол бериши керек. Ушул убакка чейинки оппозициянын ортосундагы ажырым бийлик талашуудан улам болуп келген. Ошондон ажырап кетип, бирдиктүү позицияда, бир пикирде боло албай келатышат.

Анткен менен парламентте оппозициялык фракциялар бар. Алар аздыр-көптүр бийликтин, өкмөттүн иштерин сындап келишет. Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков кыймыл көтөргөн маселелерди алар деле көтөрүүдө деди:

- Негизги оппозиция - бул Жогорку Кеңештеги оппозиция. Аларга Конституция тарабынан да көп мүмкүнчүлүктөр берилген. Парламентте оппозиция менен бийликтин күрөшү жүрүп атат. Азыр бардык партиялар элдин көңүлү үчүн иштеп жатат. Азыркы кыймылдын башкы максаты эптеп бийликке жетиш керек болууда.
Ушул убакка чейинки оппозициянын ортосундагы ажырым бийлик талашуудан улам болуп келген. Ошондон ажырап кетип, бирдиктүү позицияда, бир пикирде боло албай келатышат.
Бакыт Орунбеков

Бириккен Улуттук оппозициялык кыймылдын өкүлдөрү бийликке баруу максаттары бар экенин танбайт. Буга чейин "Эл үнү" кыймылынын лидери Азимбек Бекназаров бириккен оппозициялык кыймылдын пландары бийликтин мындан аркы иш-аракетине жараша болорун айткан:

- Эгерде бийлик өз саясатын оңдоп, Кумтөр, Бажы биримдиги сыяктуу маселелерди элдик референдумга алып чыгып, элдин үнүн укпай, өз билгендей чече бере турган болсо эл ага жол бербейт.

Кыймылдын расмий бет ачары келерки аптада болот. Өзүн оппозиция деп эсептеген саясатчылар биригүү боюнча келишимге кол коюшмакчы.

XS
SM
MD
LG