Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

Оппозиция курултайы элге жолугуу менен чектелди


Оппозициянын курултайы. Жалал-Абад. 11-апрель, 2015-жыл. (Сүрөт Марал FM радиосунун Фейсбуктагы баракчасынан алынды).
Оппозициянын курултайы. Жалал-Абад. 11-апрель, 2015-жыл. (Сүрөт Марал FM радиосунун Фейсбуктагы баракчасынан алынды).

11-апрелде Жалал-Абадда УОК элдик курултай өткөрдү. Курултайдын жүрүшүндө айрым аксакалдар УОК мүчөлөрү куру кыйкырык менен алек болуп, иш жүзүндө эч нерсе кылбай жатканын сынга алышты.

Сузактын “Телтору” ат майданына белгиленген курултай бир саатка кеч башталды. Алгач чогулгандардын алдына УОК лидери Кубанычбек Кадыров чыгып сүйлөп, беш жыл мурун авторитардык, үй-бүлөлүк башкаруу системасына, электрдин баасын көтөрүүгө каршы чыгып, жүздөн ашуун жигиттер курман болгон ыңкылап максатына жеткен жок деген оюн ортого салды:

- Өлкө эки жолу революцияны башынан өткөрдү. Бирок ошол окуялар жана атуулдардын кан төгүүсү акталган жери жок. Бүгүнкү Атамбаевдин бийлиги мурунку эле Акаев жана Бакиев түптөп кеткен коррупциялык жолго кайрадан түшүп алды. Эч нерсе оңолгон жок. Электр жарыгы болсо кымбаттап жатат, Кумтөр маселеси дале чечилбей келүүдө. Бул бийлик турганда силердин үмүтүңөр акталбайт. Мамлекеттик каналдар бул бийлик дурус иштерди жасап жатат деп мактоонун үстүндө, бирок бул бийлик эч нерсени кыйраткан жери жок.

"Телтору" ат майданы
"Телтору" ат майданы

9-апрелдин түнүндө мурунку Ош облустук милициясынын жетекчиси Абдылда Капаровдун Ош шаарындагы үйүндө оппозицияга кол салууну эске салып, Талас облусунан келген өкүл Умар Анарбаев бийлик тараптан куугунтук токтотулсун деген талабын айтты. Ошондой эле бийлик коррупцияга каршы күрөштү оппозиция, позиция дебей түз багытта алып барсын деди:

- Эмне үчүн саясий куугунтук бир тараптуу болуп жатат? Эмне себептен потенциалдуу оппоненттерге куугунтук болууда? Эмне үчүн плакаттарда жазылып турган КСДПнын мүчөлөрү Ж.Сатыбалдиев, Т.Сарпашев, жана Ч.Турсунбеков жоопко тартылбайт? Себеби кол ийрисине тартат. Ошто дирекция курган үйлөр четинен кыйрап жатат. Эмнеге ага тиешелүүлөр жооп бербейт. Эгер калыстык болсо мыйзам баарыбызга бирдей болушу керек.

Курултайдын жүрүшүндө сөзгө жазылгандардын баарына сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берилди. Өзгөн районунан келген Абдыкапар аттуу аксакал УОК лидерлеринин иштиктүү программасынын жоктугун сынга алды:

- Кыргызстанда күчтүү оппозиция бар, бирок азыр алар бул жерде эмес. Силер кыйынчылык болуп жатат, артта калдык деп жатасыңар. Бектур иним жана Кубаныч мен айтып коеюн, анда силердин андан чыгуу жолдорун көрсөткөн программаңар гана? Бул жерге эл алдына алып келип тааныштырышыңар керек болчу. Эгер программаңар жок болсо, анда алдыңарга коюп отурган кагаз менен иштейсиңерби?

Курултайга келген эл.
Курултайга келген эл.

Ал эми Базар-Коргон районунан келген Бурмачач Калбаева 2010-жылдагы июнь окуясында агасынан айрылганын айтып, окуяга эч ким жоопкерчилик албаганын ошол кезде Бектур Асанов Жалал-Абадда губернатор болуп турганын эске салды. Кайгыдан эми гана баш көтөрүп жаткан Калбаева азырынча бул сыяктуу жыйналыштардын кереги жок деген ойдо:

- 2010-жылдагы июнь окуясында менин бир тууган агам Санпа каргашасында курман болгон. Ошол учурда канчалаган жакынын жоготкондор Ноокендеги сотко барышып, күнөөлүүлөрдүн жазаланышын талап кылганбыз. Кээ бирлери жакындарынын сөөгүн таппай зыркырашкан. Ошол учурда сотко барбай качып жүргөн Бектур Асанов эми бул жерге келип, курултай өткөрүп жатыптыр. Азыркы бийликти кайсы бети менен сындап жатат? Андан көрө бетине барып айтып, таарынычтары болсо ич ара чечишип албайбы. Жазгы талаа жумуштары башталган мезгилде элди мындай кылып чогултканы туура эмес.

УОКтун мүчөсү Бектур Асанов болсо 2010-жылы Ош, Жалал-Абада болгон май жана июнь окуяларындагы кан төгүүлөргө моралдык күнөөсү барын айтып, бирок негизги күнөөкөрлөр азыркы бийликтин тушунда айтылбасын билдирди:

- Ошол учурда мен Жалал-Абад облусунда губернатор болуп иштеп тургам, аймактагы стабилдүүлүктү камсыз кылуу менин жоопкерчилигимде болчу. Туура, сиздер айтып жатасыздар Кадыржан Батыров менен бирге жүргөн деп. Ал учурда бардык улуттун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөргө баруу жана тынчтыкты камсыздоо биринчи иретте аткарылчу иштер болчу. Мен Батыров менен эки жолу гана көрүшкөм, калганын билбейм. Ал түздөн түз ошол кездеги убактылуу өкмөт менен мамиледе болуп турган. Бүгүн көпчүлүгү түшүнбөй жатат, бул курултай жаңыча тартиптеги курултай. Жаңы күч биригип жатабыз жана биз жалгыз эмеспиз. Арабызда Орусияда, Европада, Америкада иштеп жүргөн чыгаан балдарыбыз бар. Алгачкы ирет бүгүн элди чогултуп, ушундай жыйын курдук. Биздин аракетибиз аз-аздап болот, парламенттик шайлоого сөзсүз катышабыз. Мамлекеттик башкарууну таза парламенттик башкарууга өткөрөбүз деп аракеттенип жатабыз.

Оппозициянын курултайы. Жалал-Абад. 11-апрель, 2015-жыл
Жалал-Абаддагы оппозиция жыйыны
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:20 0:00

Курултайдын соңунда электр энергиясынын баасын мурунку калыбында калтыруу, тармактагы коррупцияны жок кылуу, люстрация мыйзамын киргизүү сындуу талаптар айтылган резолюция кабыл алынды.

УОК мүчөлөрү буга чейин курултайга көп сандагы адамдар катышарын жана президент Атамбаевдин отставкасы да талап кылынарын жар салышкан. "Телтору" ат майданына байкоочулардын эсебинде 200, милициянын айтуусу боюнча 150дөй адам чогулду.

XS
SM
MD
LG