Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:20

"Митинг жыттанган" жаз келди...


Оппозициянын Ак үйдү карай жүрүшү, 7-апрель, 2010.
Оппозициянын Ак үйдү карай жүрүшү, 7-апрель, 2010.

Кыргызстандагы оппозициялык кыймылдардын март ичинде өтөөрү болжолдонуп жаткан нааразылык акцияларынын кандай оң-терс таасирлери болушу мүмкүн?

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ош облусунун эли менен жолугушуусунда жаз менен кошо башталган саясий күрөштөргө азгырылбай, жазгы талаачылык иштерге көбүрөөк көңүл бурууга чакырды.

Ошол эле мезгилде парламенттен тышкаркы “Кыргызстанды сактап калуу”, “Эл үнү”, “Парламентти таратуу үчүн” кыймылдары бийликке саясий-экономикалык талаптарды коюуну максат кылышууда. Мындай демилгелер өлкөдө саясий кырдаалдын кайрадан курчуп кетишин шарттабайбы?

“Азаттык” бул теманы “Эл үнү” кыймылынын мүчөсү, “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Бектур Асановдун, Парламенттеги оппозициялык “Республика” фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаевдин жана КДК кыймылынын тең төрагасы Жыпар Жекшеевдин катышуусунда талкуулады.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз.




"Азаттык": Бектур мырза, сиз мүчо болгон кыймылда да парламентти таркатуу, бийликти кетирүү деген сыяктуу талаптар барбы?

Бектур Асанов: Биз эми маселени кабыргасынан коюшубуз керек: эмне үчүн мындай кырдаал түзүлүп жатат? 2005-жылы да, 2010-жылы да ыңкылап талаптары болгон. Биринчи талап - шайлоону таза, эл ишенгидей, демократиялык принцип менен өткөрүү, коррупцияга каршы күрөшүү, үчүнчүсү - 90-жылдан бери келаткан чоң проблеманы - мамлекеттин кен-байлыктарга болгон чоң саясатын өзгөртүү. Мисалы, биздин биринчи премьер-министрибиз Чынгышев учурунда ушунун кесепетинен кызматтан кеткен. Бул революциянын биринчи максаттары болгон.

Биринчи ыңкылапта бирөө да ишке ашкан жок, Бакиев кетти. Экинчи революция да ушул эле талаптар менен болду. Бийлик алмашканына үч жыл өттү. Үч принциптин бири да аткарылган жок. Эл көчөгө чыкканга кайрадан бышып жетилип калды. Бүгүн элдин максаты - тополоңго жеткизбей, компромисс жолу менен, парламент, өкмөт, парламенттен сырт оппозиция болуп, баары биригип компромисске келип, ушул кризистен алып чыгып кетүү.

"Азаттык": Курманбек мырза, келаткан март тынч өтөрүнө ишенесизби? Мисалы, сиздердин "Республика" партиясынын, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидерлери митингдерге катышпайбыз деп интервью берип жатышат. Ушуга ишенсе болобу? "Республика" партиясы жер-жерлерде элди көчөгө чыгууга үндөп жатат деген сөздөр тарап жүрөт. Жүөөсү барбы мунун?

Курманбек Дыйканбаев: Митингден биз эч качан коркпошубуз керек. Митинг Конституцияда көрсөтүлгөн демократиянын белгилери. Тынч митинг болсо эл аткаруу бийлигине, мамлекеттик бийликке, аким, губернаторлорго карата ой-пикирин айта алат. Тилекке каршы элдин үнү угулбай атпайбы. Ошон үчүн борбордо, регион-региондордо өткөрөлү деп атышат.

Тынч митингге биздин саясий партия каршы эмес. Эгерде одоно мыйзам бузуулар болуп, дагы революцияга алып келебиз, дагы төңкөрүш кылабыз десе, анда биздин саясий партиянын дагы позициясы бар, чыгып айтабыз, бүгүн тынчтык керек, дагы бир жолу өрттөгөндү, морадерчулук кылганды колдобойбуз.

Жыпар Жекшеев: Эгерде митинг жалпы элдин көпчүлүгү колдоп, элдин мүдөөсүн чече турган фундаменталдуу келечекке пайдалуу чоң маселелерди көтөрүп, конструктивдүү нукта коё турган болсо, ал ар бир жарандын конституциялык укугу. Башка жол түгөнүп, трибуна жок, элдин үнү бийликке жетпей калганда акыркы жарандык арга – митингдер.

Эми азыр митингге чыккандарды жактырбай, нааразы болгондор көп болуп атат. Мен азыр Ысык-Көлдө жүрөм. Бул жерде деле “ой, качан токтойт тетияктагы саясатчыларыңар?” - деп атышат.

Мен Бектур мырзаны көп жылдан бери тааныйт элем, каршы пикиримди айтып коёюн. Бийликтин баары оппозициянын колунда дегенге такыр кошула албайм. Себеби, парламенттеги чоң бийлик конституциялык негизде бекиген. Парламентке илинген беш фракция эч качан бийлигин тарттырып ийбейт. Алар ошону күндө далилдеп, маселе көтөрүп атышат.

Ар бир маселени парламенттин трибунасына алып чыга турганга эң жөнөкөй жол ачылып калды. Мурун, мисалы биздин убакта, 90-жылдары бийлик альтернативдүү ойлордун баарын тыйып, эч кандай пикир айттырбай, куугунтуктап турган учурда биз митинг уюштуруп чыкканда жалпы кыргыз эли бизди колдоп, ыраазычылыгын билдирип, батасын берген.

Бүгүн болсо мына 5 фракция (эки оппозициялык фракция) парламентте отурат. Алар эмне айтса да трибуна бош. Алардын эң сонун мүмкүнчүлүгү бар. Анан акыркы кездери аянтка чыгып аткан митингдерден бирөө дагы митингдин талаптарын конструктивдүү негиздеп туруп, бийликтин астына койгону менин эсимде жок.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG