Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

Мителик менен наадандыктын симбиозу


Коррупция тууралуу мектеп окуучусунун дил баяны.
Коррупция тууралуу мектеп окуучусунун дил баяны.
Коргонуу кеӊешинин катчылыгы билим берүү жана илим чѳйрѳсүндѳгү коррупцияга жол берилиши ыктымал зоналардын катарында окуу жайлардын билим берүү ишмердигин да көрсөткөн. Ушул жаатта шек туулушунун жүйөлүү себептери: жогорку окуу жайлардагы билим сапатынын төмөндүгү, кадрлык жана материалдык-техникалык базасынын жакшыртылбай жатышы, окутуучулардын айлык акысынын базарда майда-барат саткан соодагерлердин бир нече күндүк кирешесинен аз экендиги, бүтүрүүчүлөрдүн басымдуу көпчүлүгү өз адистиги боюнча иштебей калышы.


Жем болбосо жегич да болбойт


Азыр жогорку билим берүү тутумунда мителик үстөмдүк кылууда. Ошондуктан ЖОЖдун бакалавр (биринчи баскычты аяктагандар), атүгүл магистр деп аталган бүтүрүүчүлөрүнүн негизги бөлүгү өз адистиги боюнча иштөөгө жарабайт да, жыл сайын көптөгөн багыттар боюнча адистер жетишпейт. Муну көрүп турса да жыл сайын миңдеген ата-эне балдарын ЖОЖдорго өткөрөм деп келе берет.
Жегичи жок жем болбогондой эле, пара берүүчүлөрсүз паракорлор да жашамак эмес. Бааларды сатып алууга кызыккандар жок болсо, бул шектүү «товарларды» сатуучулар да болмок эмес.


Эмне үчүн алар уул-кыздарынын дипломдуу жумушсуздардын катарын толуктап калышы көбүрөөк ыктымал экендигин ойлобойт? Эмне үчүн алар балдарынын ар сессияда экзамен, зачетторду акча менен «тапшырышына» каршы турбайт? Себеби алар бул жагдайга чындап нааразы эмес. Нааразылары муну өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө ишенбейт.

Нааразы эместердин жүйөсүн түшүнүүгө аракеттенели. «Азыр баары пара алат. Менин балам да окуусун бүтүрсө, май-талкандуу (пара ала турган) кызматка туруп калышы мүмкүн». Мителик менен наадандыктын симбиозу деген ушул. Жегичи жок жем болбогондой эле, пара берүүчүлөрсүз паракорлор да жашамак эмес. Муну экономисттер суроо-талап жана сунуш мыйзамы менен түшүндүрүшөт. Бааларды сатып алууга кызыккандар жок болсо, бул шектүү «товарларды» сатуучулар да болмок эмес. Бирок жогорку билим берүү тутумунун зор бөлүгү жалган (чыныгы билим деңгээлине шайкеш келбеген) дипломдордун жайма базарына айланып кетпесе, арам оокатка азгырылгандар да мынчалык көбөйбөйт эле. Анын үстүнө, азыр сабакты билген-билбегенине карабастан, бүтүндөй тайпанын студенттерине бааны акчасыз койбогон сугалак окутуучулар да бар. Бул жагынан алганда, университеттердеги паракорчулук – жалпы коомдогу мандемдүү мамилелердин чагылышы.

Симбиоз – биологиядагы түшүнүк. Мындай биримдикте көбүнчө жетиштүү деңгээлдеги өз алдынчалыгы жок, толук кандуу жашоого жөндөмсүз өксүк организмдер менен жалаң гана башкалардын эсебинен жашаган мителер болот да, бири-бирин толуктап, шарттап турат. Адамзат коомунда бул – ээрчимелерден, белимчилерден (бирөөлөрдү туурабастан жашай албагандардан), куру намысчыл наадандардан турган арабөк катмар менен алдамчылардан, талоончулардан, паракорлордон турган жегичтер (мителер) катмарынын симбиозу.


"Сынган" чындык


Нааразы, бирок иш жүзүндө коррупцияга каршы турбагандардын айрым топторун айырмалап көрөлү: 1) капиталисттик коомдо ушундай болот тура деп, жакшылыктан үмүтүн үзүп койгондор; 2) азыркы башаламандыктарды өткөөл доордун убактылуу оорусу деп эсептегендер; 3) эрки күчтүү, колу катуу бир киши бийликке келсе, баары оңолот деп өзгөрүүнү пассивдүү күткөндөр. Ырас, мындай пикирлердин өз-өзүнчө чындыгы бар, бирок жаңылыш жагы көңүлгө алынбай жүрөт. Эмесе, булардын ар бирине токтололу.

1. Бизде совет доорундагы терс мүнөздөмөгө ылайык келген капитализмге өтүп алдык деген ой карапайым калктын эле эмес, мамлекеттик жогорку кызматтагылардын да аң-сезиминде жашап турат. Тилекке каршы, буга бүгүнкү турмуш чындыгы (чындык сыныгы же сынган чындык) да себепчи.

2. «Чындык сынбайт, ийилет» деген эзелки накыл кеп биз эч нерсе кылбай, кол куушуруп отура берсек деле акыры бир күн баары калыстык нугуна түшөт дегенди билдирбейт. «Жел желпинте соккон менен, таң мезгилсиз атпайт, азыр канчалык аракеттенбейли, убакыт-сааты келгенге чейин эч нерсе өзгөрбөйт», - деген эле ыраматылык Салижан агай бир маегинде. Бирок календарлык мезгил менен улуттун жана инсандын жетилүү доору дайым эле дал келе бербейт. Анын үстүнө, аң-сезимдеги жаңылыш түшүнүктөрдүн кыйла жетик дүйнө таанымга орун бошоткону бир башка да, адамдын өз тагдыры үчүн жоопкерчилигин, бактылуу болуу үчүн күрөштө жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгүн тааныган көз карашынын катаал соккуга тушугуп кыйраганы такыр башка.
Коррупцияга каршы туруунун митингден, жөө жүрүштөн башка да натыйжалуу ыкмалары бар...


Чындык сынбайт (объективдүү мыйзам ченемдүүлүктөр жокко чыгарылбайт), бирок инсандын жан дүйнөсү оор илдетке (мисалы, мителиктин үстөмдүгүнө биротоло көнүп берген рухий кулчулукка, руху өлгөн малайлыкка) кабылышы, тунук акыл-эси Чыңгыз Айтматовдун романындагы маңкурттукундай болуп талкаланышы толук ыктымал. Жаман айтпай, жакшы жок: тарыхый өнүгүү агымынан четтеп, азгырыктуу айлампадан чыга албай кала берсек, улутубуз бүлүнүп, мамлекетибиз жоюлуп кетиши мүмкүн экендигин көңүлдөн чыгарбашыбыз керек. Коррупция сөзүнүн уңгусу «бүлдүрүү, бузуу» дегенди билдирет.

3. Коом менен инсандын жетилүүсү сырткы (экономикалык, социалдык, маданий, саясый, геосаясый) шарт-жагдайга эле эмес, көп жагынан ички умтулууга, максаттуу аракеттерге да жараша болот. Андыктан адилеттүү, күчтүү бийликтин орношу үчүн өбөлгө ар бирибиздин укуктук аң сезимибиздин өнүгүшүнө жараша түзүлөт. Канчалык акылман, кайраттуу болбосун, улут лидери элдин колдоосуна таянбай иш жүргүзө албайт. Эгер калк арасында алдым-жуттумдар, талоончулар, паракорлор басымдуулук кылса, аларга ак ниет, чынчыл, өз ишин мыкты билген адамдар биригип каршы турбаса, бийлик да зулум, адилетсиз болушу көбүрөөк ыктымал. Демек, кайсы күчтөрдү жактагандыгыбызга же кайдыгер болгонубузга карай жеке өзүбүздүн да, бүткүл өлкөнүн (улуттун) да тагдыры, келечеги үчүн ар бирибиз жооптуу экендигибизди аңдап билүүгө тийишпиз.

Коррупцияга каршы туруунун митингден, жөө жүрүштөн башка да натыйжалуу ыкмалары бар.

Катардагы окутуучулар жана мугалимдер кесипкөйлүгүн, таалим берүүдөгү чеберчилигин тынымсыз өркүндөтүп, усулдук камылгасын байытып, өздөрүнүн жетекчилери менен теңата болууга умтулушу керек. Чыныгы кесипкөйлөр (профессионалдар) бири-бирин колдосо, алардын эрки менен башкаруучулар да эсептешпей коё албайт. Эгер педагогдук шыгыңыз жок болсо, башка кесипке (соодага, дыйканчылыкка ж. у. с. колуңуздан келген ишке) кетип калыңыз, ошондо коомубуздун тазарышына салым кошкон болосуз.

Акчалууларга бааны эмес, кошумча сабак берүүгө жумшаган убакытты, күч-аракетти баалап сатып, жалган бааларды койбош керек. Ошентип, окуучулардын, студенттердин чыныгы жана жалган муктаждыктарды (инсандын жетилүүсүнө, улуттун өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүчү муктаждыктарды жана, тескерисинче, экөөн тең кедерине кетирүүчү азгырыктарды) айырмалай билишине жол ачабыз.

Жалган баа сатып алгандар эң оболу өздөрүн, ата-энелерин алдап, ЖОЖду бүтүргѳндѳн кийин талаада каларын түшүнүшү керек. Бул өз кезегинде бүтүндөй коомдогу, мамлекеттеги коррупцияны жеңүүгө шарт түзөт.

Жолдош ТУРДУБАЕВ, публицист
XS
SM
MD
LG