Шаршемби, Июнь 19, 2013 Бишкек убакыты: 03:30

Мултимедиа / Интернет эрөөл

Түз байланышта - Роза Отунбаева

Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева "Азаттыктын" окурмандарынын суроолоруна жооп берди. "Интернет эрөөл" саат 15тен 17ге чейин өттү.

Текст көлөмү - +

Экс-президентке 7-апрель окуясына, өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна байланышкан жана башка өзүңүздү кызыктырган суроолорду узата берсеңиз болот.

Эскертүү: Жалпы эрежебизге сыйбаган жана бири-бирин кайталаган, сабатсыз жазылган суроолор жарыяланбайт.

"Азаттыктын" "Интернет эрөөлүнө" буга чейин Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов, Айгүл Рыскулова, Мелис Турганбаев, Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Эмилбек Каптагаев, Марат Султанов, Өмүрбек Суваналиев, Камчыбек Ташиев, Иса Өмүркулов, Ахматбек Келдибеков, Өмүрбек Бабанов сыяктуу коомдук ишмерлер, мамлекет кызматкерлери жана саясатчылар, БШК төрагасынын орун басары Айнура Шайымкулова, кинорежиссерлор Нурбек Эген, Актан Арым Кубат, муфтий Чубак ажы Жалилов, энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиев, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев келишкен. 

Макала боюнча пикир билдириңиз. Пикир редакцияланбайт, эрежеге шайкеш келбесе, сайтка чыгарылбайт. Бирөөнү жектеген, кемсинткен, жеке адамдар, топтор, улуттар ортосунда кастык жараткан пикирлер жарыяланбасын эскертебиз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 8 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Венера каяктан: Москва
04.04.2012 16:28
Россияга Путин кайра президент болот. Аларда шайлоо таза өткөн жок, адам укуктары бузулуп жатат. Миллиондогон адамдар митинге чыгып жатышты - Путиндин бийлиги туруктуу болот деп ойлойсузбу? Россияда өткөн шайлоону кандай баалайсыз?
Пикирге жооп

кимден: Роза Отунбаева
04.04.2012 16:31
Мен "Эхо Москвы" радиосун такай угам. Эксперттер Путин алты жыл туруктуу иштейт деп атышат, мен да ошолорго кошулам.

кимден: Madina
04.04.2012 16:26
Salamatsizbi Roza eje,

Men 6 jildan beri chet olkodo jashaym. Aga cheyin da chet olkolordo okugam. KGge bargan sayin Manas aeroportunda ishtegender akcha ondurgonu arakettenishet. Men zakondordu tushundursom, "nu, vy je ponimaete kakaya u nas zarplata. Davayte pogovorim" deshet. Ar kaysi nerseni ayta berishet. Ushu maseleni
Пикирге жооп

кимден: Роза Отунбаева
04.04.2012 16:34
Мадина, бул абдан өкүнүчтүү. Кайсы кызмат ушундай мамиле кылганын так айтсаңыз, ошол мекеменин жетекчилиги менен сүйлөшүп, маселени чечкенге аракет кылат элек.

кимден: Жанар каяктан: Бишкек
04.04.2012 16:25
Саламатсызбы, Роза Исаковна?
Сизге эң маанилүү суроонун бирин узатайын. Сиз президент болуп турганда Кыргызстандын биринчи тышкы иштер министри, Совминдин төрагасы Казы Дыйканбаевдин Ала-Арча көрүстөндөгү эстелигине каражат бөлүп, улуу инсандын арбагын сыйлап койсоңуз болмок эле. Каза болгонуна 3 жылдай болсо дагы эстелиги коюлбай, ашы берилбей турат. Кызы КР эмгек синирген врач Марта Казыевна Сизге канча жолу кат жазып, кабыл алып коюңузду суранса да, неге кабыл албай койдуңуз эле? Сиз дагы КР тышкы иштер министри болгонсуз, бирок Кыргызстан үчүн Казы Дыйканбаев учурунда тоодой эмгек кылып, завод-фабрикаларды салдырган.

КР мамлект башчыларынын аллеясына Казы Дыйканбаевдин бюстун орнотууну да көңүл сыртында калтырып койдуңуз. Себеби, эмдиги жылы 2013-жылы Казы Дыйканбаевдин 100 жылдык юбилейи болот. Бир убакыт таап, кызы Марта Казыевнаны кабыл алып, ушул иштин башында туруп койсоңуз дурус болоор эле. Өлгөндөр даңкталбайын, тирүүлөр баркталбайт дегенди эске алып койсоңуз. Бул иш Сиздин колуңузда турган. кайдыгер болбой ушул ишке көз салып койсонуз дейм. Себеби, бул улуу инсандын артында жалгыз кызы гана калып, ошол гана күйүп чуркап жүрөт. Эсен- соо болуп, эл үчүн кызмат кылган инсандарды, алардын ичинен Казы Дыйканбаевди унутпай жүрсөңүз.
Пикирге жооп

кимден: Роза Отунбаева
04.04.2012 16:52
Казы Дыйканбаев каза болгондо мен депутат болчумун, акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө катышкам. Марта Казыевнаны жакшы тааныйм. Бирок анын мага кайрылганын билбейт экемин. Эми сиз айткан маселелерди чечүү үчүн ТИМге, азыркы бийликке деле кайрылса болот.

кимден: Zhakshylyk Matanov каяктан: Turkiya
04.04.2012 16:25
Batkende Tajigistanga otup jatkan Atambeav menen Babanovdun benzinderi tuuraluu kabary bar beken ....kundo 100 kamaz otot eken 1 kamazdan 1 milion 400 mın som paıda tushot eken bul jonundo emne dey alat eken Otunbaeva ?
Пикирге жооп

кимден: Роза Отунбаева
04.04.2012 16:36
Мен Атамбаев менен Бабановду коргоп атканым жок, бирок бул жөнүндө сөз кылганда далил болуш керек. Бензин Баткен аркылуу Тажикстанга кетип жатканына мен деле каршымын. Бул чоң арам иш болуп жатат. Биздин мамлекет ушул ишти токтото албай жатканына мен таң калам. Кечээ эле "Азаттыктан" баткендиктер өздөрү жол тосуп, бензин ташыган унааларды өткөрбөөгө аракет жасап жатканын угуп, ыраазы болдум. Бийлик токтото албаса эл өзү ушинтип токтотот.

кимден: Асель Шабданова каяктан: Бишкек
04.04.2012 16:19
Вы упомянули, что когда-то вернулись в Кыргызстан, для того ,чтобы изменить страну. Будучи главой страны около полутора лет вы не баллотировались на выборах в президенты. С чем это связано? На ваш взгляд, легче менять страну не будучи политиком? спасибо за ответ

кимден: Равшан каяктан: Бишкек
04.04.2012 16:18
Жакында эле Баткенде болгон оппозициянын чогулушунда Ташиев " Бишкектеги боло турган митинг - бийлик үчүн акыркы күн болот.." деген... Буга ой пикириңиз кандай? Чын эле акыркы күн болобу? Кайсы жол менен бул бийликти шыпырып түшүрөт деп ойлойсуз?
Пикирге жооп

кимден: Роза Отунбаева
04.04.2012 16:25
Азыр мындай протестке негиз жок. Өкмөт колунан келген ишти жасап жатат. Чуулуу иштер болсо оппозиция парламентте талкуулаш керек. Баары алардын колунда, каалаган министрин чакырып, чөгөлөтсө болот. Анан жөн эле элди митингге чыгарып, удургута бергенге негиз жок. Бул бийлик укканды, сүйлөшкөндү билет.

кимден: Урматбек каяктан: Австрия
04.04.2012 16:12
Урматтуу экс-президент! Кыргызстанда исламдын консервативдүү, арабдардын орто кылымдык идеологиясына сугарылган жаңы мусулмандар өтө агрессивдүү болуп барат. Ага сиз президент кезде, беш убак намаз окуган Атамбаев да өз баасын берген жоксуздар. Дин бул ар бир адамдын купуя иши. А бизде жогорку жетекчилер баш болуп Ала-Тоо аянтында намаз окуганды мода кылып алышты. Конституция боюнча дин мамлекеттен бөлүнгөн. Азыр аттарын арабча коюп алган кыргыз кыз-жигиттер көбөйдү. Мамлекеттик телеканалдар конституциялык нормаларга туура келбеген сөздөрду суйлөгөн динчилерге сөздү кеңири беруудө. Исламдын Саудия, Йемен, Пакистандагы реакциячыл багытынын коркунучу тууралуу Сизей билимдүү жана кадырлуу адамдар ачык айтпаса, ким айтат?
Пикирге жооп

кимден: Роза Отунбаева
04.04.2012 17:14
Рахмат сурооңузга. Биз бул маселеге өтө пассивдүү карап жатабыз, сабатсыздыктан улам сырттан карап турабыз. Бир эле адам келип мечиттерди куруп атат, министрликтер артынан чуркап жүрөт. Биз бул маселеге абдан кылдаттык менен карабасак, арты жаман болуп кетиши мүмкүн, биздин жаштарыбызды азгырып кетиши мүмкүн. Андыктан биз өзүбүздүн сунни Илам боюнча көбүрөөк диалог жүргүзүшүбүз керек

кимден: Бактыбек
04.04.2012 16:10
Добрый день, Роза Исаковна, у меня вопрос, у вас было сожаление, о том что вы скоро передадите свои полномочия, ведь ощушение власти это своего рода такой мощный энергетическая подпитка, зная о своей значимости, своей особенности, что вы управляете судьбами миллионов, и вдруг этому приходить конец, ведь мы люди слабы перед соблазнами, как вы смогли перед этим соблазном, вершить судьбами людей, целой страны, устоять?

кимден: Айдай Асанбекова
04.04.2012 16:10
Роза Исаковна, сизди бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнөдө ийгиликтүү адам катары билем. Сиздин Ийгилик сыры тууралуу китеп жазайын деген оюнуз барбы жана алгач созду кайсы тажрыйбаныздан же создон баштамак элениз?
Пикирге жооп

кимден: Роза Отунбаева
04.04.2012 16:12
Айдай, рахмат. Китеп жазууга чоң тилегим бар. Анткени биздеги эки ыңкылапты ар ким ар кандай баалап жатат. Анан ошондогу чындыкты жазуу биздин милдетибиз. Бирок ага убактым болбой жатат. Анан дүйнөдө Кыргызстан жөнүндө китептер да аз, ушул кенемтени толтурууну да эске алышыбыз керек.

кимден: Ажар каяктан: Европа
04.04.2012 16:09
Роза айым, Сиз президент болуп турганда эң күлкүлүү кандай окуя болду? Эң кубанычтуу, маңдай жарып кубанган күнүңүз кайсы күн болду? Сиз оор учурларда кимден биринчи колдоо таптыңыз?
Пикирге жооп

кимден: Роза Отунбаева
04.04.2012 16:17
Күлкүлүү окуя боюнча сурооңузга ойлонуп, эстегенде жооп берейин. Ал эми оор учурларда элден колдоо таптым. "Ошко барсаң эл кабыл албайт", дегендей ар кандай сөздөрдү уктум. Бирок барганымда карапайым эл кадимкидей эле тосуп, колдоп атышты. Мен элимдин колдоосуна миң мертебе ыраазымын.
Жалпы 8 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Онлайн шерине