Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:06

Мултимедиа / Интернет эрөөл

Өмүрбек Бабанов "Интернет эрөөлдүн" коногу болду

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабанов 13-октябрда саат 16:00-18:00де "Азаттыктын" окурмандарынын суроолоруна түз байланышта жооп берди. Анын жообун интернеттен түз көрүп турууга мүмкүн болду.

Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабанов "Азаттык" үналгысынын Бишкектеги студиясында. 13.10.2011.
Текст көлөмү - +
Өмүрбек Бабанов мырзага өлкөнүн коомдук-саясий, социалдык-экономикалык турмушу тууралуу жана башка окурмандар кызыккан суроолор узатылды.

Эскертүү: Жалпы эрежебизге сыйбаган жана бири-бирин кайталаган, сабатсыз жазылган суроолор дээрлик болгон жок. 

"Азаттыктын" "Интернет эрөөл" деп аталган түз жыйынына буга чейин Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов, Айгүл Рыскулова, Мелис Турганбаев, Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Эмилбек Каптагаев, Марат Султанов, Өмүрбек Суваналиев, Камчыбек Ташиев, Иса Өмүркулов, Ахматбек Келдибеков сыяктуу коомдук ишмерлер, мамлекет кызматкерлери жана саясатчылар, кинорежиссер Нурбек Эген конок болушкан.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 11 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Nurbek
13.10.2011 18:02
Omurbek myrza, bul emne degen? ozunuzgo jakkan suroolordu , to est joobunuz bolgon suroolorgo joop berip kalgandarin attap otup ketip kalipsiz go iya , munu baary ele kila alat da, okwow suroo bolso okwow eken dep joop jazipsiz

кимден: чындык каяктан: тон
13.10.2011 18:01
омурбек мырза саламатсызбы? алмамбет анапияев кылмыш тобунун мучосу деп айыпталып журот, озу ммкалар аркылуу андай эмесмин деп айтты. сиз кандай карайсыз, мамилениз барбы?
сиздин оюунузча эмне кылуу керек?

кимден: Кылыч каяктан: Кыргызстан
13.10.2011 17:55
АКШнын транзит борбору бизге пайдалуу эле болсо керек, ошону сактап турбасак, ташкендегилер да ачабыз деп атыптыр дешет. Кандай маалыматыңыз бар, агай?

кимден: Прокурор
13.10.2011 17:47
Айдар Акаев - Омурбек Бабанов - Максим Бакиев:
бул 3 инсандын бири-бирине эмнеси окшош?
эмнеси окшош эмес?
Пикирге жооп

кимден: Өмүрбек Бабанов каяктан: Бишкек
13.10.2011 17:59
Аны эл айтсын. Ал экөө президенттин баласы, мен карапайым үй-бүлөдөн чыгып, өз бизнесим менен бутка тургам.

кимден: Эсепчи каяктан: Кыргызстан
13.10.2011 17:46
Урматтуу премьер мырза, коррупция тизгинделгенде Грузияда улуттук дүң өнүм (ВВП) кескин өскөн, бизде ыңкылаптан кийин улуттук дүң өнүм канчага өстү?
Кайсы өлкө негизги чарбалык шерик болуп атат?
Инвестициялар көбөйө баштадыбы?
Пикирге жооп

кимден: Өмүрбек Бабанов каяктан: Бишкек
13.10.2011 17:51
Биз 2009-жыл менен (себеби 2010-жылы кандай окуялар болгону белгилүү) салыштырсак быйыл бюджет кирешеси 40 пайызга өстү.

2. Негизги шерик - Орусия, Бирок бизге кол созгон бардык өлкөлөр менен дос мамиледе болушубуз керек.

3. Быйыл 350 млн. доллар болду, бул аз деп ойлойм.
Биз азыр үч жылга 8,5 млрд долларды пландаштырып жатабыз.

кимден: Зарылбек каяктан: Кыргызстан
13.10.2011 17:41
а) 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя - ыңкылаппы же бийликке жетүү үчүн жасалган төңкөрүшпү?
Кандай ойдосуз?
б) Туризмди өнүктүрүү үчүн өкмөт тарабынан эмне кадам жасалды быйыл?
Ыракмат.

кимден: Сулуужан каяктан: Сулуу дүйнө
13.10.2011 17:37
Сиз өзүңүздү сымбаттуу, акылдуу, бактылуу адамын деп эсептесизби?

Кайсы өлкөдө эс алууну каалайбыз?

Кайсы китепти жакшы көрөсүз?

Качан акыркы жолу театрга бардыңыз эле?

Канча чет тилде сүйлөйсүз?

кимден: Сулайман каяктан: Бишкек
13.10.2011 17:36
Курманбек, Максим, Жаныш Бакиевдерди экстрадициялоо жагы эмне болуп атат?
Кээ бир сасыткы саясатчылар Бакиев менен Акаевди ардактап алып келем деп убада кылып атышат, аларга мамилеңиз?
Пикирге жооп

кимден: Өмүрбек Бабанов каяктан: Бишкек
13.10.2011 17:48
1. Бул боюнча укук коргоо органдары иштеп жатат.
Соңку ачылган кылмыш иштери аларды экстрадициялоого юридикалык жол ачууда.

2. Аларды "ардактап алып келебиз" дегендер элибиздин душмандары деп эсептейм.

кимден: Бектур каяктан: Бишкек
13.10.2011 17:30
1. Тарыхчы, жаш жазуучу Арслан Капай уулунун "Мисмилдирик" романын окудуңузбу?
1916-жылкы элдик кыймыл жана Үркүн тууралуу.
Ошол Үркүн окуяларын жыл айын эскерип турууга кандай карайсыз?

2. Гуглду кыргызчалатууга, кыргызча Википедияны байытууга кандай карайсыз?

3. Эң алыскы айылдарга уюкфон аркылуу интернет жеткирүү качан жүзөгө ашат? Планыңар барбы?
Пикирге жооп

кимден: Өмүрбек Бабанов каяктан: Бишкек
13.10.2011 17:35
1.Туура карайм.

2. Колдойм. Кыргызча эле эмес, Кыргызстан тууралуу англис жана башка тилдеги маалыматтарды да көбөйтүш керек.

3. Ар бир айылга интернет деген программаны азыр карап жатабыз. Бул сөзсүз ишке ашуусу керек.

Анан уюлдук компаниялар көбөйүп, ортосунда атаандаштык күчөсө, интернет арзаныраак болот эле.

кимден: Тока каяктан: Москва
13.10.2011 17:20
Эмне учун Кыргызстанада саясаттан башка маселелер каралбайт? Мисалы, Экономика,культура,Экология? гезит беттин ачсан деле саясат,интернет телевизор деле саясат, вам так не кажеться что народ кыргызстан саясат менен чай ичип, нан жеп калгандай?


Кыргызстанда айыл окмотунон тартып, дегеле мамалекттик кызмат башчылары интернет блогу аркылуу эл менен тыгыз байланыштыруу максатын ойлоп чыккса болобу?

Бишкектен бир жооп алуу учун Нарындан жонойбуз мында жол расход дегени, же мамлекет кызматынан пайдаланган адамдарды оз убактысында жазалоо шарты тузулмок

МВД ачкан сайттардай туз телефон менен дагы жооп кат алуу менен кандайдыр бир элде ишеним пайда болот эле.


Кыргызстанда алыскы район айылдарда интернет булагы жок. Бишкекте интернет кымбатка турат Биз жыйрма биринчи кылымдын окул адамдары катары баалана албайбыз. муну чечүү колунуздан келеби? Сизге ишенип артабыз
рахмат
Пикирге жооп

кимден: Өмүрбек Бабанов каяктан: Бишкек
13.10.2011 17:27
Мындай программа иштелип чыгууда, тапшырма берилген.
Сиз айткандай бизде бардык жерде саясат, коомубуз ооруп атат.

Башка мамлекетке барсаңыз, маданият, театр, бизнес тууралуу көбүрөөк сүйлөшөт.

Биз дагы эми алдыдагы шайлоодон кийин көңүлдү экономикага бурушубуз керек.
Жалпы 11 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине