Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:06

Мултимедиа / Интернет эрөөл

“Интернет эрөөлдө” ЖК төрагасы Ахматбек Келдибеков болду

Окурмандарыбыз менен түз баарлашууга 4-августта Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Ахматбек Келдибеков келди. Эки сааттык түз жыйын Бишкек убакыты боюнча саат 17:20да аяктады.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Ахматбек Келдибеков 2011-жылдын 4-августунда интернеттеги 2 сааттык “Интернет эрөөл” түз жыйынында окурмандардын суроолоруна жооп узатып жаткан учур. “Азаттык” үналгысы. 04.8.2011.
x
Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Ахматбек Келдибеков 2011-жылдын 4-августунда интернеттеги 2 сааттык “Интернет эрөөл” түз жыйынында окурмандардын суроолоруна жооп узатып жаткан учур. “Азаттык” үналгысы. 04.8.2011.
Текст көлөмү - +

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Ахматбек Келдибеков мырза менен кыргыз жана орус тилдеринде өткөрүлгөн түз жыйынды интернеттен видео түрүндө да көрө аласыз:

 http://bambuser.com/channel/azattykplus/broadcast/1865880


Суроолордун бир катары алдын-ала да жиберилген.

Жалпы эрежебизге сыйбаган айрым суроолор жана пикирлер кабыл алынган жок.

"Азаттык" үналгысынын "Интернет эрөөл" деп аталган түз жыйынына буга чейин Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов, Айгүл Рыскулова, Мелис Турганбаев, Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Эмилбек Каптагаев, Марат Султанов, Өмүрбек Суваналиев, Камчыбек Ташиев, Иса Өмүркулов сыяктуу коомдук ишмерлер, мамлекет кызматкерлери жана саясатчылар, кинорежиссер Нурбек Эген конок болушкан.


Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 11 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Омурали каяктан: Бишкек
04.08.2011 16:55
Таможнядагы коррупцияны азайтканга кудретинер жетпей жатабы?
Жок кылбай эле койгула. Азайткылачы.
Таможняда коррупция азайса мага окшогон гос служащийлердин айлык акысы кобойот эле.
Пикирге жооп

кимден: Ахматбек Келдибеков каяктан: Бишкек
04.08.2011 17:18
Мурдагы жылдарга салыштырмалуу Бажыда киреше көбөйдү.

Коррупцияны азайтуу боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат.

кимден: Кыргызстандык каяктан: Кыргызстан
04.08.2011 16:55
Ош окуясынын чыгышында үчүнчү бир өлкөнүн да тийешеси болгон дешет.
Чет элдик десанттар кармалган дешип, анан ың-жыңсыз калды. Сиздин ойуңуз кандай?
Пикирге жооп

кимден: Ахматбек Келдибеков каяктан: Бишкек
04.08.2011 17:11
Кармалды деген маалыматтар чын болгон жок.
Калп маалымат болуп чыкты.

Үчүнчү күчтөр сөзсүз аралашса керек.
Депутаттык комиссиянын жыйынтыгында бир топ чараларды бекиттик.
Ошол чаралар ишке ашса мындай окуялар кайталанбайт деп эсептейбиз.

кимден: Урмат каяктан: Бишкек
04.08.2011 16:51
Максим Бакиев менен анын куйруктарын эмнеге кармай албай атабыз?

Лондонго кат жазып, аны карматуу керек деп ЖКда маселе көтөрө аласызбы?
Сиз Бакиевдерден таза элесиз го.
Пикирге жооп

кимден: Ахматбек Келдибеков каяктан: Бишкек
04.08.2011 16:55
Көтөрө алабыз.
Апрель, июнь окуясын караганда "күнөөлүү" деп чечим чыгарганбыз.
Үч айлык мөөнөт бергенбиз прокуратурага. Мөөнөт бүткөндөн кийин сурайбыз.
Тиешелүү органдар бул боюнча иштеп жатат.

кимден: inash azim каяктан: Ankara/Turkey
04.08.2011 16:48
Президенттикке эмнеге талапкер болбодуңуз?

кимден: inash azim каяктан: Ankara/Turkey
04.08.2011 16:45
Эмнеге парламентте кыргыз тилин колдонбой жатышат депуттаттар?
Сиз да эскертпейсиз?

кимден: Марат каяктан: Бишкек
04.08.2011 16:42
АКШ, Батыш менен мамиле тууралуу кандай ойдосуз?
"Манас" транзит борборун жабуу керекпи?
Ооганстандагы Памирдеги кыргыздарды талиптерден кантип коргой алабыз?
Кантип аларга, чет өлкөдөгү кыргыз диаспорасына ал келишинче жардам берсек болот дейсиз? Ооган кыргыздарынын көбүнүн паспорту жок экен дешет.
Пикирге жооп

кимден: Ахматбек Келдибеков каяктан: Бишкек
04.08.2011 16:47
1. Кайсы мамлекет болбосун досчулук, экономикалык карым-катышыбызды жүргүзүшүбүз керек.
Биринчи, кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын коргошубуз керек.
Манас базасы Ооганстандагы кырдаал тынчыса жабылыш керек.
Бул жер - жарандык аэропорт.

2. Биз "Кайрылман" мыйзамын кабыл алганбыз, ошол мыйзамды иштетишибиз керек.
Башка жактагы улутташтарыбыз келебиз десе шарт түзүп беришибиз керек, чакырышыбыз керек.

кимден: Ашым каяктан: Бишкек
04.08.2011 16:42
1. Акаев аялын башкара албай бийликтен куулду, сиз аялыңыздан "коркпойсузбу"?
2. Акыретте баарыбыз кылган иштерибиз үчүн жооп беребиз... Сиз буга ишенесизби?

кимден: Мурза каяктан: Бишкек
04.08.2011 16:41
Суроо:
Индонезияда Жибек Сакееваны түрмөдөн чыгарыш боюнча кандай чечим болду?
Жакында канчалаган акча коротуп барып келбедиңиздер беле? Рахмат!
Пикирге жооп

кимден: Ахматбек Келдибеков каяктан: Бишкек
04.08.2011 16:59
Индонезиянын вице-президенти менен жолукканымда расмий кат тапшырдым, ал тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди.

Мыйзамдарына жараша колдон келишинче жардам бергенге убада беришти.
Жакшы жагына чечилет деген ойдобуз.

кимден: Murat каяктан: Lodon
04.08.2011 16:41
Salamatsyzby Akmatbek agay?
1. Kyrgyzstanda kachan saiasyi abal kalybyna kelet dep oiloisyz?
je bardyk ele saiasyi ishmerler "Jengilgen kyroshko toiboit degen prinsiptebi"?

2. Azyrky Kyrgyz-Amerika bailanyshyn paidalanyp, Kyrgyzstandyn atuuldaryna Amerikada ishtoogo mymkyn bolgon 50000-100000 kyshyge mymkynchylyk alyp berse jakshy bolmok.
Kyrgyz-Amerika bailanyshyn jeke kyrgyz insandar paidalanyp kerosin satkandan bashka paida jok. Sizdin oiynyz?????

кимден: Medet каяктан: Korea
04.08.2011 16:39
urmattu spiker myrza
men yrazymyn sizge, sebebi 4et jakta jurgon migrantardy koldogonunuz u4un men ozum Koreadamyn bul jakta iwtegen kyrgyzdar bir aylyk akysy minalduu turdo 1000$ dollar alywat bul 4on payda keltiret
aytarym Bizdin MINTRUDA uwunday olkolor menen t.e. Japon olkosu jana bawka onukkon olkolor menen emgek keliwimin tuzsonuzdor bolboybu raxmat
Жалпы 11 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине