Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:05

Ошто күйүүчү май тартыш


Оштогу май куюучу жайлардын бири.
Оштогу май куюучу жайлардын бири.

Ошто күйүүчү май тартыштыгы байкала баштады. Шаарда бензин 1-2 сомго гана кымбаттаганы менен, алыскы айылдарда анын баасы 44-46 сомго чейин көтөрүлдү.

Май ташуучулар күйүүчү отундун запасы бар экендигин, бирок аны бажы кызматынын тыюусу менен алып чыга албай жатканын айтышат. Жазгы талаа иштеринин алдында майдын тартыштыгы калкты кыйноого салууда.

Чоң-Алай районунан Ош шаарына каттаган айдоочу Адан Кутуевге кыйын болду. Бензин кымбаттаганы ал азыр таксисттигинен пайда таба албай убара:

- Бензиндин кымбаттаганы бизге азыр өтө эле кыйынчылык жаратты. Айрыкча кар кете электе башталганы жаман болду. Азыр бизде кар 1,5 метр болуп турат. Ошого байланыштуу 10 литр менен баса турган жерди 15-20 литр бензин коротуп жүрүп атабыз. Анан ал дагы 44-46 сомдон болуп атса, тозоктон бешбетер жаман болбойбу?..

Кутуевдин айтымында, күйүүчү майдын наркы жазгы талаа иштеринин алдында көтөрүлүп жатканы да эл ичинде кабатырланууну жаратууда:

- Аз күндөн кийин талаа иштери башталат. Анан эми атайылагандай кылып так ушул мезгилде кымбаттатып атышканы эмнени билдирет? Элдин жонунан кайыш тилгени жатышабы бийликтегилер. Жер айдатыш үчүн солярка керек, аны сатып алганга үчүн акча керек. Азыр элед акча жок болсо эмнесине сатып алат? Малын сатайын десе арзан, а күйүүчү майдын баасы асманда. Мындай болсо эл эгин-тигин деле эге албай калышат го. Болбосо өкмөт тарабынан насыяга солярка бере турган бир нерсе ойлоп табышсын.

Облустук борборго келген айдоочулар бул жактан бензин куя кетишет. Бирок райондон чыкпаган автоунаа ээлерине оор болду дейт Чоң-Алайдын башка бир тургуну Адиш Жээналиев:

- Биз го болуптур шаарга каттап аз-маз бензин куюп алып кетебиз. Аныбыз деле барып-келгенге жетпейт. А оо айылдагы шоопурлардын кыйынчылыгын айтпай эле коёлу. Ошо 45-46 сомдон болсо да алышат айла жок. Бензинин барып келген жериңди актабай атат. Бир жакка ээн-эркин да айдай албай калышты.

Өкмөттүн алдындагы монополияга каршы агенттиктин Ош жана Баткен аймагы боюнча кызматы билдиргендей, аймакта бензин мындан ары да кымбатташы мүмкүн. Бөлүмдүн жетекчиси Жанболот Айбашев буларды айтат:

- «Газпром Нефть Азия» ишканасынын Ош облусундагы май куючу жайларында 7-марттан баштап Аи-92 – 38 сом 20 тыйындан, Аи-80 – 34 сом 90 тыйындан, дизелдик май 39 сом 90 тыйындан сатылып жатат. Бирок менчик ишканаларда мындан бир топ эле кымбат. Алардын бааларын биз жөнгө сала албайбыз. Жөн гана мониторинг жүргүзүп турабыз. Так ошол маалыматтарга ылайык, азыр облус аймагында кээ бир жерлерде бензин 44-46 сомдон сатылып жатат.

Күйүүчү май саткан жайлардын биринин сатуучусу Адилет аларга да күйүүчү май кымбат келип жатканын айтат:

- Бензин, дизелдик май бизге дагы ушундай баада келип жатат. Сатуучулар деле бааны жөндөн жөн көтөрө бермек беле? Жол акысы бар, ташып келиши менен биз да акча кошобуз да. Мындан ары да кымбатташы мүмкүн.

Ал эми Кыргызстан мунай ташуучулар ассоциациясы учурда 12 жарым миң тонна күйүүчү жана майлоочу майдын кору бар экенин, бирок аны сатууга бажы кызматы уруксат бербей жатканын айтууда. Ассоциациянын президенти Жумакадыр Акенеев буларды айтты:

- Бажы кызматы бул жааттагы мыйзамдарга өзгөртүү киргенин айтып, мурдагы келишимдердин баарын жокко чыгаргыла деп биздеги 12,5 миң тонна күйүүчү майды эч жакка чыгарбай кармап турат. Сыртынан жаап, печаттап салышкан. Буга чейин айтылып жаткан, 5 пайыздык бажы төлөмүнүн айынан кармалып турат баары. Ошто, Жалал-Абадда да бензин, дизелдик отун жетиштүү көлөмдө бар. Баары жетиштүү болгон менен азыр жасалма жол менен күйүүчү май тартыштыгы жаралып олтурат.

Ошол эле кезде күйүүчү майдын кымбаттоосун Орусиянын мунайга болгон бааны көтөргөнү менен байланыштыргандар бар. Мунай ташуучулардын билдиришинче, мурда “Газпром нефть Азия” ишканасы заводдордон күйүүчү майдын тоннасын 600 доллардын тегерегинде алып келсе, азыр 650-720 долларга чейин сатып алып жатат. Ал эми майда ишканалар болсо күйүүчү майдын тоннасын кеминде 800 доллардан алганга өтүштү. Натыйжада бул бензин жана солярканын тартыштыгын жаратууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG