Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

"Көчмөндөр оюнунун" абакка түрткөн чыры


"Көчмөндөр оюну". 2014-жыл
"Көчмөндөр оюну". 2014-жыл

"Акыйкат" кыймылынын төрагасы Эркинбек Мергенбаевге “Көчмөндөр оюнуна” карата Чолпон-Атадагы ат майданын куруу үчүн отургучтарды Кытайдан аткезчилик жолу менен алып келген деген айып коюлууда.

Былтыр Бүткүл дүйнөлүк "Көчмөндөр оюнун" өткөрүү үчүн Чолпон-Атадагы ат майданын курган “Темир-Канат” компаниясынын башчысы Эркинбек Мергенбаевге өткөн аптада кылмыш иши козголуп, 22-сентябрда камакка алынганы белгилүү болду.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов “Азаттыкка” ат майдандын курулушундагы каржылык талаш-тартыштар боюнча буга чейин бир топ материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилгенин эскертип, бирок бул жолку кылмыш иши башка фактыга негизделгенин билдирди.

- Эркинбек Мергенбаевге Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш кодексинин 204-беренеси (аткезчилик) жана 210-беренеси (салыктан качуу) боюнча кылмыш иши жакында эле козголду. Бул мурдагы иштерден башка факты болуп саналат. Курулушка бир катар буюм-тайымдардын баары аткезчилик жол менен алынып келген, Кыргызстанга кирген товарларга салык төлөнгөн эмес.

"Көчмөндөр оюнунан" бир көрүнүш
"Көчмөндөр оюнунан" бир көрүнүш

Эркинбек Мергенбаев ушул жылдын апрель айында коррупциялык көрүнүштөрдөн жабыркаган жарандарга укуктук жардам берүү максатында “Акыйкат” кыймылын түзүп, аны жетектеп келаткан. Ал укук коргоо органдары тарабынан кармалган күнү өкмөттө Антикоррупциялык кеңештин кеңейтилген жыйынында баяндама жасамак.

Кыймылдын төрага орун басары Гүлүмкан Самтырованын айтымында, ат майданга алынып келинген отургучтардын тарыхына укук коргоо органдарынын бир жыл мурда эмес, эми гана кызыгып, ушул күнү Мергенбаевди камакка алуу чечиминин артында бийликтин жоопкерчиликти бир кишиге оодаруу кызыкчылыгы жатат.

- Эртең форум болот дегенде кармалып жатат. Кеңеште баяндамасын кайсы темада даярдаганын деле айткан эмес. Балким чын эле ошол адамдардын кыжырына тийгендей бир тема болмок. Аны кайсы бир жолдор менен билип алыштыбы, кыскасы бул атайын жасалган нерсе болуп жатат. Биринчиден, өкмөт Мергенбаевге акча карыз. Ошол карыз акчаны кайрып бербөөнүн амалын кылып жатат. Экинчиден, мунун башында Сапар Исаков турат. Ал балким өзүнүн айыбын жабуу үчүн ушундай аракеттерге барып жатабы? Эмне үчүн бул жерде Мергенбаев жалгыз эле жооп бериши керек? Ал ат майданга отургучтарды Кытайдан алып келген. Ошондо иш козгосо бир жөн эле. Бир жылдан кийин кайра көтөрүп чыгышууда. Кыскасы, бир жылдан бери анын айласын кетиришти.

"Көчмөндөр оюну" 2014-жылдын 9-сентябрында өткөн
"Көчмөндөр оюну" 2014-жылдын 9-сентябрында өткөн

Өткөн жылы сентябрь айында "Көчмөндөр оюнун" өткөрүү үчүн эки ай аралыгында ат майданды жаңылоо маселеси чыгып, мындан улам курулуш иштери “Темир канат” компаниясына сынаксыз тапшырылган. Курулушка мамлекеттик казынадан башында 52 миллион сом, кийин 20 миллион сом кошумча бөлүнгөн. Кийинчерээк текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштери 11 миллион сомго ашыкча көрсөтүлгөн деп кылмыш иши козголгон.

Ал эми Эркинбек Мергенбаев болсо, тескерисинче, курулуштун чыгымы 87 миллионго чыгып, жетпей калган сумманы өз чөнтөгүнөн чыгарганы үчүн өкмөт ага 14 миллион сом карыз экенин, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков учурунда “акчаны иш бүткөндөн кийин толук беребиз" деп коюп, аны алдап кеткенин айтып келет.

Сапар Исаков
Сапар Исаков

Сапар Исаков өз кезегинде муну курулай доомат деп эсептеп, "Көчмөндөр оюнуна" байланыштуу маселелерди териштирүүнү Башкы прокуратурадан суранган. Ал бүгүн дагы Мергенбаевдин кармалышы туурасында интернеттен гана кабардар болгонун белгилеп, териштирүүлөргө эч кандай тиешеси жоктугун ырастоодо.

- Бардыгы мыйзам чегинде болушу керек. Мен прокуратурага текшерип чыксын деп тиешелүү арыз жазгам. Жазганыма бир топ убакыт болуп калды. Мен үчүн да кызматтык аброй маанилүү. Азыр иликтөөлөргө кийлигише албайм. Бул мыйзам чегинде болуш керек. Менин андай укугум жок. Мергенбаевдин камалганы тууралуу жаңылыкты мен да интернеттен окудум.

Ат майдандын курулушуна башынан аягына чейин жоопкер болгон, бирок оюндан кийин кызматтан алынып калган Дене тарбия жана спорт агенттигине караштуу “Улуттук оюндар” борборунун мурдагы жетекчиси Алмаз Касеновдун маалыматына караганда, "Көчмөндөр оюнунан" кийинки ызы-чуулар өткөн жылдын декабрь айынан тарта укук коргоо органдары тарабынан иликтенип, соттук-техникалык экспертиза чыгарылган. Эми бухгалтердик экспертиза чыккан соң иш сотко жөнөтүлүп, талаштын учугу табылмак. Орто жолдон эле Мергенбаевге кылмыш ишинин чыга калышы ал үчүн күтүүсүз жана түшүнүксүз болуп турат.

- Эмне себептен туруп-туруп эле Мергенбаевди камап салды? Отургучтар боюнча аны кайдан, кантип алып келгени тууралуу буга чейин ал түшүндүрмө берген. Алар чек арадан өттү да. Убакыттын тардыгына байланыштуу балким бир аз кемчиликтер болгондур. Бирок эң негизгиси алар ат майданына коюлду да. Бүт бардыгы турат, ар бири саналган. Негизи мындай караганда иштин баары мыйзамды бузуу менен эле башталган нерсе. Эки ай калганда өкмөттүн токтому чыгып, анан ишти эч бир документи жок эле баштап алганбыз. Анан баары бүткөн соң кичине убакыт керек эле. Документтерди өз нугуна түшүрүп, тактагандан кийин Эсеп палатасы текшерсе болмок.

Өткөн жылдын сентябрь айына белгиленген Чолпон-Атадагы "Көчмөндөр оюнуна" карата ат майданын куруу иши июль айында араң башталган. Болгону эки ай гана убакыт болгондуктан ат майданын оңдоп-түздөө иштери курулуш долбоорлоо документтери даярдалбай туруп эле жүргүзүлгөн. Ошондуктан анын чыгымдары алдын ала аныкталган эмес.

Оюнду өткөрүүгө казынадан 102 миллион сом, демөөрчүлөрдүн кошумчасы менен 138 миллион сом жумшалган. Анын ичинен Чолпон-Атадагы ат майданын оңдоого эң ири сумма - 72 миллион сомдон ашык каражат каралган.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG