Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:20

Сасыкбаева: "Чет элдик тыңчы" мыйзамы элге каршы


Асия Сасыкбаева
Асия Сасыкбаева

Парламентте өкмөттүк эмес уюмдар саясатка аралашса аларды “чет элдик агент” деп таануу боюнча мыйзам долбоору талкууланууда.

Ал бүгүн добушка коюлат. Анын алдында мыйзам долбоору тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева менен маектештик.​

"Азаттык": Бейөкмөт уюмдардын ишмердиги саясатка аралашып кетип атат деп атышат. Орусияда да бул мыйзам кабыл алынган, бирок, алар каерден саясатка аралашып кетип жатканын тактай албай жатышпайбы. Биздин депутаттар ошол чек араны аныктап бере алыштыбы?

Сасыкбаева: Муну аныктаганга болбойт. Мыйзам демилгечилери өкмөттүк эмес уюмдарга маданият, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо жагынан иштей бергиле деп атат. Мисалы, маданиятты алалы. Маданият тармагындагы адамдар, коомдук уюмдар "маданиятты өлтүрдүңөр" деп Ак үйдүн алдына келип митингге чыгышпадыбы. Ал дагы саясатка кийлигишүү болуп калып атпайбы. Мына, жакында эле Ысык-Көлгө барып келдик. Ошол жердеги бир айылдын тургундары өздөрү эле уюшуп, чет мамлекеттен акча алып, үйлөрүнө суу түтүктөрүн тартып атышыптыр. Эгер бул мыйзам ишке кирип калса, бир айылдын эли бүт "чет элдик агент" болуп калып атат.

"Азаттык": Адамдардын укугу бузулуп жатат деп митингге чыгып, анын корголушун өкмөттөн талап кылуу дагы саясатка кийлигишүү болуп эсептелинеби? Анткени, бул жерде саясий институтка кайрылуу болуп калат да?

Сасыкбаева: Мисалы, бейөкмөт уюмдар мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштейт да. Алар ошол адамдарга көмөктү жөлөкпул аркылуу эмес, айлык акы аркылуу чечип бергиле деп өкмөткө бир нече жолу кайрылышкан. Бирок, өкмөт ал маселени чечкен эмес. Ошондон улам үч-төрт жолу айласыздан митингге чыгышкан. Бул түздөн-түз саясатка кийлигишүү болуп калып атпайбы. Анткени, алар силер бул адамдарга айлык коюп бергиле, бул эл аралык практика деп атышат. Өкмөттү ушуга мажбурлап, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун коргоп жатып саясатка аралашып атпайбы.

"Азаттык": Ошол эле учурда мыйзамды колдоп жаткан айрым депутаттар, мисалы, Феликс Кулов камалганда укук коргоочулар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү бийликке каяша айтып, саясатчынын укугу бузулуп жатканын билдирип, коргоп жүрүштү эле. Эми ошол кишилер бийликте отуруп, ушундай чечимди колдоп жатканы кандай?

Сасыкбаева: Туура, ошол укук коргоочулардын арасында мен да болгом. Жүрүштөргө чыкканбыз. Бийликке каяша айткан саясатчыларды эле камай берүүнү сындаганбыз. Ошентип, укуктук жолго түшүүгө, демократиянын калыптанышына салым кошконбуз. Ал дагы саясатка аралашуу да. Бул өзгөчө ошол укук коргоочуларга сокку. Алар сиздер ачык эмессиңер, кайдан акча аларыңарды эл билбейт деп атышат. Бүгүнкү сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда ачык болушу керек деп жазылган. Ачыктык эле жетишпесе, мыйзамга өзгөртүү киргизип, кандайча ачык болушу керектигин эле тактап коюш керек.

"Азаттык": Сиздин болжолуңуз кандай, мыйзам долбоорун парламент колдойбу же каршы чыгабы?

Сасыкбаева: Эми кечээ көп эле депутаттар прогрессивдүү ойлорун билдиришти. Ал долбоордун коркунучтуу экенин айтып чыгышкандар болду. Башкалар да түшүнөт деп ойлойм.

"Азаттык": Маегиңизге рахмат!

XS
SM
MD
LG