Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Партияларды бийлик алсыраттыбы?


“Азия ньюс” гезити окурмандарына саясий партияларды талдоого алган макаланы тартуулады.

“Асман плюс” гезити Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы жасалганын, эжесинин жарым боору инисине салынганын, эки бригададан турган 14 врач 20 саат тынбай операция жасап, оорулуу кадимкидей жакшы болуп калганын, эжеси басып жүргөнүн, операция болгон бала сарыктын В жана С түрү менен ооруганын, деги эле гепатит дарты азыр жайылып кеткенин, илгеркидей суу да таза болбой, табият бузулганын, бүгүн Орусияда, Түркияда жасалып аткан оор операцияларды жасоо кыргыз врачтарынын деле колунан келерин, анын үстүнө Түркияга 70-80 миң доллар кетсе, Орусияга 100 миң доллар кетерин, эгер парламент ушундай операция жасоону мыйзам жолуна салып берсе, бизде 20-50 миң долларга жасаса болорун Дарылоо жана ден соолукту чыңдоо борборунун хирургу Эгемберди Урманбаев айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинде көпчүлүк кыргыздардын жүрөгүндөгү сөздү таамай айтып сүйлөгөнүн, аны уккандын баары “бали!” дешкенин, чынында буга чейин бир дагы президент тайсалдап айтпай жүргөн чындыкты Атамбаев айтканын, болбосо кылым карыткан кыргызга араб чөлүндө төө мингендердин дамбалын кийгизип, Кыргызстанды ислам өлкөсүнө айлантып туруп пакистандыктардын алдына салып бергенге, улутту жок кылгысы келген фанаттар менен акыл-эси бузулган маңкурттарга жакшы эскертүү болгонун, эми мындан ары дин бузуп жүргөн чала молдолорду, сапсайтып сакал коюп, шалбырата кийингендерди, паранжы жамынгандарды тыйганга күчүн үрөсө деген каалоо-тилектер арбын экендигин, башкасын айтпаганда, да Ак үйдүн ичиндеги динчил депутаттарды тартипке чакыруу керектигин, ансыз деле кыргыздын каада-салтынан башка агымдардын идеологиясын жогору койгондор саясатка агып кирип атканын белгилеп, “Президент кыргыз улуту, ат-тегибиз, салт-санаабыз, үрп-адатыбыз, рухий мурастарыбыз менен кыргыз болуп келатканыбызды түбөлүккө сактаса экен” деген тилегин жазып чыкты.

“Азия ньюс” гезити “Жаңы дем” журналисттик агенттигинин “Саны көп, сапаты жок партиялар” деген макаласын окурмандарга тартуулады. Анда бүгүнкү күндө Минюсттан каттоодон өткөн партиялардын саны 190го жеткенин, шайлоо жакындаган сайын бул тизме дагы улана баштаганын, Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын көбү бирден партия ачып алганга киришкенин, партиялардын баарынын ачык идеологиясы жоктугун, баары эле “гүлдөтөбүз” дешерин, бирок өлкөбүз кандай кылганда гүлдөөрүн бири дагы айталбай келатканын, саясатты иликтеп жүргөн Токтогул Какчекеев мындай көрүнүштү саясий маданиятсыздык катары бааласа, юрист Эркин Саданбеков мурунку мүчө болгон партияларга элдин ишеними жоголгондуктан саясатчылар жаңы партия ачканга өтүүдө деп баалады. Мисалы, “Ата-Журттун” бир тобу кылмыш жообуна тартылып жетекчисиз калса, дагы бир партияга мародер деген көө жабылганын айтканын, ал эми дагы бир саясат иликтегич Бакыт Бакетаевдин "Канчалык партия көп болсо, көз караш да ошончо көп болот, бара-бара майда партиялар жоюлуп, чоң-чоң партияларга биригет" деген пикирин басты.

Тарыхчы Табылды Акеров партиялардын көп болушун бийликтен көрүп, “Бийлик саясий партияларды ушундай жол менен алсыратып жатат, бүгүнкүдөй абалда турган кезде “Ата Мекен” коалицияны бузуп, оппозицияга кете албайт, ошол эле учурда Бабанов менен Ташиев эч убакта өкмөткө келе албайт” дейт.

Коомдук ишмер Сабырбек Сардарбековдун “Турдакун Усубалиев журт атасы” деген макаласы жарык көрүп, автор Усубалиевдин эмгегин баалап, сүрөтү түшүрүлгөн түрдүү номинациядагы монеталарды чыгарып, Биринчи май районуна Усубалиевдин атын берип, борбордук аянтка, облустун, райондун борборлоруна ысымын ыйгарып, эстелигин орнотуп, тарыхый чоң комплекс куруп, экинчи жолу Эл баатырын берсек эл ыраазы болмок деген оюн жазды.

“Айат” гезити аркылуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Кадырбек Эргешов “Негизинен спорт бул мамлекеттин намысы, аны чет өлкөгө чыкканда гана билесиң” деп маек куруп, өзүнүн спорт чөйрөсүнө кантип келгенин, студенттик жана андан кийинки мезгилин баяндады.

Билим жана илим министри Канат Садыков интервью берип, иш канчалык көп болсо ошончолук сын айтыла берерин, министрликте ал келгенден бери көп көп өзгөрүүлөр болуп, айрыкча бала-бакчалар көбөйгөнүн, жаңы курулбаса дагы мектептердин алдында бала бакча ачууга жетишкенин, алыскы аймактарда жай мезгилинде “Жайлоо бала бакчалары” ийгиликтүү иштей баштаганын, 2-маселе көп мектептер компьютер сурашарын, бул боюнча “Жүз инновациялык мектеп” деген долбоор башталганын кеп кылды.

XS
SM
MD
LG