Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

Бөтөн жерде өздү кодулагандар


Москвадагы мигранттар.
Москвадагы мигранттар.

Бүгүн кыргыз тилдүү гезиттер чыккан жок. "Дело№..." гезити Москвада өз мекендештерине күн көрсөтпөгөн кылмыш топтору тууралуу жазды.

“Дело№...” гезити “Чөөлөрдүн күнү бүтөрүнө аз калды” деген макалага окурман көңүлүн бурду. Москвадагы мигрант кыргыздар кыргыз рэкеттеринин кылыгына тоюп бүткөнүн, Ата Мекенинен алыста иштеп жүргөн өз жердештерин кыргыздын каракчылары өздөрү тоноп келатканын, алар мигранттардын каякта иштерин, кайсыл күнү айлык аларынан бери жакшы билишерин, айлык алган күнү жашаган квартираларына кирип келип, көчөдөгүсүн көчөдөн кармап, акыркы тыйынына чейин кагып алып баса берерин кабарлаган гезит ички иштер министри Мелис Турганбаевдин Москвага жасаган жакындагы иш сапары да мына ушул криминалдык каракчылыкка чек коюу болгонун маалымдады.

Көңүл бура турган бир жагдай, башка улуттун кылмышкерлеринин бири дагы өз улутундагы мигранттарды талап-тонобостугун, маселен тажик рэкеттери эч качан тажиктерге, өзбек рэкеттери эч качан өзбектерге тийбестигин, тескерисинче аларды башкалардан коргоп турарын, ал эми кыргыздын кылмыштуу топтору кыргыздарды тоноп-тоноп эле тим болбой токойго алып барып көгала койдой сабап, тепкилеп, өлтүрүп туруп “ким көрдү” кылып көөмп таштайбыз деп коркутуп, ай сайын салык салып, алып турарын министр Мелис Турганбаевге сыздап туруп айтып беришкенин жазды.

“Иса” деген каймана аты бар кыргыз каракчыны чыныгы аты Медербек Жолдошев, Базар-Коргондон, дагы бири Медетбек Нурматов Өзгөндөн, кыргыз бандиттери азыр издөөдөгү "Чач” деп аталган Эрнист Мурзахметовдун тобуна кирерин, полиция аны кармай албай келатканын, оперативдүү маалыматтар боюнча Эрнист Мырзахметов Араб Эмираттарындагы Алманбет Анапияевге тез-тез учуп барып турарын, бул кылмышкер мурда Анапияевдин жансакчысы болуп жүрүп, азыр Анапияевдин Орусиядагы “смотрящийи” болуп эсептелерин белгилеп, ушул эле “Дело №...” гезити Анапияевдин өзү менен бир канча ирет байланышып, “Сиз чындап эле кыргызга боор ооруган кайрымдуу адам болсоңуз, кыргыздын патриот жигитимин дегендердин бири болсоңуз, Чач деген бандиттин кыргыздарга жасап келаткан ашынган каракчылыгын тыйып койсоңуз болбойбу?” деп кайрылганын, бирок Чачтын өз жердештерине жасаган кылыгы тыйылмак тургай кайра күчөгөнүн баяндады.

Генерал МелисТурганбаев Москвага туруктуу иштей турган өкүл кылып подполковник Аскат Алиевди бекитип келгенин, ушу тапта ал Москванын полициясы менен бирдикте иштеп жатканын, кыргыз мекендештерин аеосуз тоноп келаткан кыргыз чөөлөрүнүн күнү бүтөрүнө аз калганын жазды “Дело №...” гезити.

Аталган гезиттин бүгүнкү санына ошондой эле “Кыргыз жергесине “үчүнчү фронтту” кимдер ачкысы келүүдө” деген аталыш менен журналист Вадим Ночевкиндин диний адис Кадыр Маликовдон алган маеги жарык көрдү.

“Тынч жаткан Кыргызстанга кимдер бүлүк салышы мүмкүн?” деген суроого Кадыр Маликов, чаң-тополоңду каалаган эки күч бар экенин, бири - радикалдуу улутчул топтор болсо, экинчиси - “жихадчылардын” тобу болуп саналарын, азыр бардык багыттагы радикалдар биригип жатканын, ашынган улутчулдар бардык өлкөлөрдөгү фашисттик топтор менен да, диний фанаттар менен да, жихадчылар менен ылдам тил табышып кетерин, америкалыктар Ооганстандан кетип баратып Борбор Азия менен Орусияга туруксуздуктун очогун таштап кетип жатканын, Путиндин Өзбекстанга жасаган иш-сапары да так ушул маселеге багытталгандыгын, бүгүн туруксуздуктун туманы Түндүк Кавказ менен Борбор Азияны көздөй каптаганы турганын, элестүү айтканда токойго кире бериш жерде ар дайым куурган отун болорун, ошол отунга кенедей эле учкун түшсө оңой менен өчпөй турган өрткө айланарын ар кимибиз эле байкай бербестигибизди эске салды.

Кадыр Маликов кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин иш сапары бир караганда Араб өлкөлөрүнөн инвестиция тартууга баргансып көрүнгөнү менен түбүндө дал ушул коопсуздук маселеси жатканын, Украина бүгүн “экинчи”, “үчүнчү” фронтторду даярдай турган аянтка айланганын эскертти.

XS
SM
MD
LG