Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:05

Күлкү кербени

Кыргыз неге мынча кыйын?

(Азил-чыны аралаш)

Текст көлөмү - +


Өтүп бараткан жыл дүйнөдө кыргыздардын эле жылы болду. Жок, акыркы беш жылды - 2005-жылдан беркини деле кыргыздыкы десек жарашат, бул аралыкта кыргыздар эки президентин ары-бери кулата салды да, беш жылда президенттик эки, парламенттик үч шайлоо, бирби же экиби референдум өткөрүп жиберишти. Галстук эле тагынган кыргыз балдары ак жана көк үйдө бир сыйрадан иштегенге да үлгүрүштү.

Бирок баарынан көрүнүктүүсү 84 кыргыздын ажолукка аттанганы болду окшойт, дагы жарым эле күн болгондо 100дү чапчымак экенин шайлоокомдогулар казыр айтып жатышат, каттаганга жетишпей калдык депчи.

Ал эми шайлоо деген кыргыз үчүн эми эмне десек? Бекер оюн-тамаша, кошумча пенсия, кошумча гонорар. Илгери өткөн бир заманда кайсы бир акылман айткан турбайбы: каратаманга эки гана нерсе керек - курсагы ток, көңүлү куунак болсо жетет деп.

Күз алды менен теледен, көчө-көйдөн эмне гана накыл кепти окуп, кандай гана жүздөрдү көрбөдүк! Атанын баласы алмаздай бол, кимдин инсандыгын хан болгондо билебиз, намысыңа камчы чап, бар бол - бай бол, баламдын бою пас болсун - акылы бек болсун, уулум катта өмүрлүү болсун – мына ушундай учкул сөздөр кыргыз лексикасын байытты. Ал эми тамдын бир бетине толгон сүрөттөрдөгү улуттун тагдыры деп уйкусураган, улутунган жүздөрчү?

Талапкерлердин алды мени шайлабасаңарчы кезектеги революция жасатам деп артисттердин оозу менен элди коркутуп да көрдү. Талапкерлердин убадаларын уккан кишинин курсагы чандайып чыкканын ошо кезде кыргыздын тапан гезиттери жазбай коёбу?

Кыргыз көп эле көк жал, журт баккан жигиттерди көргөн, бирок ашуу-белге шаар тургузуп, эпосто айтылгандай, кырса түгөнгүс кытайды ордуна койгон азаматтарын 2011-жылы көрүп отурат.

Кыргызстанда президент болом деп катталган оңой эле экен. Бирок андан кийин 30 миң кишинин колун топтошуң керек, 100 миң сом акча төгүшүң керек. Бирок айрымдары бул демократияга жатпайт, дароо эле шайлоого өтүш керек болучу деп митингге да чыкты. Ажолук жарыш акча тураарын айрым ала көөдөн талапкерлер о кийин аңдап жүрүшпөйбү катыгүн десе.

Тандалып-иргелип отуруп, калганы ымандай сырын, билим-илим көрөңгөсүн коомдук канал аркылуу элге төгүш керек болгондо о мына ошондо миллиондун чери жазылды белем! Гимндин текстинин авторлору эми Түгөлбай атабыздын арбагын сыйлап, талапкерди сотко беришкен жок окшойт. А киши улан кезинде ыр жазбады беле анын үстүнө.

Дагы бир ажы саясатчы калп айтам, бирок кийин билип-билбеген күнөөмдү кечир деп алладан суранам дегени да эсте калды. Бул киши да чынын айтканы жакшы болду. Бир гана чунак балдар биз деле калп айта берсек болот турбайбы, кийин улгайганда алладан кечирим сурай коёбуз деп адашпаса экен эми.

Негизи эле кыргыз саясатчылары кудайга жакын болуп алганы кубандырды – баары жарышып кудай буюрса, кудай урсун деп оозанып калышты. Дагы бир  азамат элдин сөөгүн агартты – эси жок эки президент үчүн, убактылуу өкмөт үчүн, алтурсун адашкан эли үчүн кудайдан кечирим сурады. Оп бали, Манастын тукуму ушундай болот өзү.

Кыргыз өзү өктөм, өрт жигиттерди жакшы көрөт. Президент болом деген тыңчыкмалары да элдин муң-зарына жараша өздөрү өктөм, сөздөрү өткүр чыкты белем. Бир демократиянын өтүн алам деди, экинчиси мен сүйлөп атканда каяша айтпа, үчүнчүсү баарың бир жериңди кыспасаңар кыйын болот деп эскертти.

Иши кылса, ары тартышып, бери тартышып, кыргыздар кезектеги ажосуна эгедер болду. Ал киши мурдагылары тууралуу байлыкты көрсө эле ажыдаар болуп кетишти деп таамай сүрөттөгөнү бар. Келаткан ажыдаар жылында болсо Кыргызстан ажыдаардай алды-күчтүү мамлекет болот деп тилеп жиберди. Башында айтылгандай, кырылгыс кытайга жемин жедирбеген кыргыздын кыраандарына аманчылык тилейли.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Эрбол каяктан: Бишкек
06.01.2012 11:11
Макала эмне деп жазылган?.Жон эле айылдык киши божурап койгондой болуп,Атамбаевге да кошомат кирип кетиптир.Журналисттер мындай азил чыны аралаш жазганда журокко жеткендей,адам аргасыз муюгандай жазыш керек да.Жазсанар ташка тамга баскандай таамай жазгыла же киришпегиле да.
Пикирге жооп

кимден: Султан Жумагулов каяктан: Азаттык
06.01.2012 11:30
Эрбол, бул макала эмес, - сатира. Аудиосун да угууга кеңеш берем. Буга чейин да мени жакшы билген окурман Акторпок деген ат менен "Бакиевдин колтугунда жүргөн Султан кыргызга сын айтып калыптыр" деп сындады эле. Бул сатирада Атамбаевди мактоо жок, тетирисинче ал кишинин кайда болбосун кудайды оозанып жүргөнү азилге алынган да. Негизи өзүнө сын көз менен караган, жаманын дайыма ачык, юмор менен айтып жүргөн улут өсөт деген классикалык ой бар."Тамашаны түшүнбөгөн кишиден түңүл" деген да сөз бар. Ал эми Бакиевдин колтугунда жүргөнүмө байланыштуу айта кетсем: мен ал жакка Бакиевге эмес, мамлекетке кызмат кылайын деп баргам. Барганыма бир да өкүнбөйм, анткени, мамлекетке, турмушка башка кырынан да карап калдым. Ал жер өзүнчө чоң мектеп болду, анын баары турмушума, ишиме жарап жатат. Ак үйдө кимдер гана иштебеген? Анын баарын эл душманы кыла берген болбойт го. Негизи ичи тарлыктан адам (кыргыз) баласы батыраак арылса, жолу ачык, жашоосу жеңил болоорун жарым кылымдык өмүрүмдө көзүм жетти. Жолубуз ачык болсун, бар бололу!
Пикирге жооп

кимден: dosbol каяктан: bishkek
10.01.2012 10:57
negizi ak yidogylordyn baary ak, baary aktana beret, e4 kim jegen emes i4ken emes.

кимден: чынара каяктан: москва
05.01.2012 16:37
калемин курчуй берсин замандаш!

кимден: Sapar каяктан: Novosibirsk
02.01.2012 18:25
Salamatsinarbi mekendeshter!
Kirip kelgen jani jilinizdar menen!

Jogoruda bir jash jigit tuura oi tolgoptur. Chekara maselesi kop oilondurup kelet. Akir bir kun bir jaryluu bolup, koshunalar menen kagilishpasak eken. Jer maselesine oto etiyat bolsok. Koshunaga jer berboo tuuraluu Hundardan kalgan sabak alchu bir okuya bar. Oshondo konshu kitailar hundardyn hanynan jer suraganda "Jer meniki emes, eldiki " degen.
Bizdin prezidentter degele eldin oyun surap koyboyt. Sirttagi kizikchiligibiz minda kalsin olko ichindegi koopsuzduk, chekara, olkonun butundugu jana tolgon tokoi maselelerdin birin da toluk atkara albai kelet. Jalgiz gana teleden chigip tantyrashat, je chet jakka barip jalinishat. Toigozdu meni ushundai korunushtor.

кимден: Сунуш
01.01.2012 14:41
Парламентти,президентти,окмотту Баткенге кочуруш керек,ошондо корот элек бийлик учун эки козу торт болгон азаматтардын патриоттуулугун. Бишкекте пробка,митинг,эреже бузган корунуштор жок болуп эл ТЫНЧ жашайт элек. Ким колдойт менин сунушумду?
Пикирге жооп

кимден: Рысбек каяктан: Ноокат
04.01.2012 09:33
Эң туура! Бийликке жутунгандарды Тажикстан менен Өзбектсандын чегарасында кызмат кылууга милдеттендириш керек.
Пикирге жооп

кимден: Замир каяктан: Лейлек
26.01.2012 14:48
Мен Баткенге кочур дегенине каршымын бир кун келип Баткен облусун озбек м енен тажике сатып кетип калшы мумкун

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
01.01.2012 06:07
Кандай журналис бул Алла деген созду чон тамга менен жазсанар?!

кимден: Dosbol каяктан: bishkek
31.12.2011 17:12
Менин атым Досбол, жашым 18 де, озум баткен областынан болом, азыр Бишкекте окуйм,мен айылда жашаган жерим чек арага жакын болчу, жадагалса тажиктер менен бир кочодо турабыз, жыл откон сайын тажиктер метрлеп кирип келет, есимде мен айылда коп ойлончу елем келечекте мен озум баткенди сактап калам деп, шаарга келсип анан тушундум бийлик деген емне екенин, Кандйкыласын анан менинда жакшы жашагым келет, бул нерсенин баарын ойлоп туруп кантип чет олкого кеткин келбейт, ертен менин уй булом кантет ким сактайт, егер Атамбаев , Ташиев, Мадумаровпу же башка дупутат сактаса 20 жыл бойу емне кылып журду, ечким жооп бербейт откон кундорго, кантсе дагы умут очпойт. же емне мен озум чыныгы ревалются жасайынбы лыргыздын жашоосун озгортойунбу же мен уй булом учун кетейинби кыргызтандан.
Пикирге жооп

кимден: ДОСБОЛГО
01.01.2012 23:59
Досбол, СЕНИН созунду окуп, копко чейин кыргыз баласы терен ойлонсо болот. Жаш болсон да, оюн кучтуу экен. Сендейлер бизде кобойсун. Ал эми сен жазган создор баардыгы туура. Властька жеткенге сасыткы саясатчылар энесин деле сатып жиберет, ошол учун эч качан саясатчыларга ишенбе. Алар бугун тактыда, эртен абакта же болбосо сага башын да оорутпайт. Алар бир гана бийликке жетсем экен дешет, а так колдорунан кокон да келбейт. Базардагы катындардан айырмасы жок! Кыргыз элим аман эле бололук. Курутту биздин сасык айлампаш саясатчыларыбыз!
Пикирге жооп

кимден: Чынгыз каяктан: Оруссия
01.01.2012 20:49
Чек ара маселесин ушул кундордо тактап албасак келечектеги урпактардын алдында уят болобуз.Анкени жыл санап бизди озуно тенсибей Өзүбек менен тажиктер кысып олтурса кичинекей олкобуз кичирейип бара берет.Эч болбосо чек арага коншулар сынары зым тартып бир гана жол калтырыш учун ар нерсеге инвестиция ала бербей чек ара маселесин чечуу учун акча каражатын жумшап анан тынч жашаса эмнеге болбосун..???????? дагы суроо..??????? айрыкча Баткен, ОШ, Жалал-Абад областарында! !Бир мамлекеттин 1,500мин км зым тартканга кучу жетпесин "КОНШУНДУ УУРУ ТУТПА ,ОЗУНО САК БОЛ" деп ата бабаларыбыз азыркы кундогу бизге айтып кетишкен го чиркин...ай ким билет ким билет..???????????

кимден: анантай каяктан: бишкек
31.12.2011 17:11
Жаман көрбөңүздөр сындаш эмес ко бирок тиги казыр дегендин ордуна азыр десе болбойтбу?Адабияттын тилинде жазгылачы журналисттер!
Пикирге жооп

кимден: Кубан каяктан: орусия
28.01.2012 03:24
Саламатсынарбы Кыргыз элим!!! Чек ара маселесине келгенде зееним кейип, жон эле журогум ачышып кетет. Газ, нефть жок дейбиз канча жылдан бери Бургондудо озбектер биздин жерге кирип келип ушу кен байлыктарды бекер, ижара акысын толобостон оздору билип ташып кетип жатышат. Тажикстан жактан айтпай эле коёлу жон эле "проходной двор". Рахмат.
P.S. Дагы бир нерсе - журналистер адабий тилди унутпайлычы, силерди коруп кийинки муун осот КАТТА деген соз качан кыргызда бар эле, дегеле маанисин да тушунбойт экенмин.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине