Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:44

Чотаев: Жаңы саясий элита калыптанууда


“Реформа” эксперттик тобунун өкүлү Закир Чотаев Кыргызстандагы саясий элита жана анын алмашуусу боюнча “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: 8-августта Бишкекте “Саясий элитанын алмашуусу жана шаардык кеңешке шайлоо” аттуу жыйын уюштуруп жатыпсыздар. Алгач иш-чаранын максатын айтып бересизби, эмне себептен саясий элитанын алмашуусун шаардык кеңешке шайлоолор менен байланыштырып жатасыздар?

Закир Чотаев: Саясий элитанын алмашуу маселеси бүгүнкү күндө өтө маанилүү. Буга чейин да бир топ жолу көтөрүлүп келген. Баш мыйзамдын, мамлекеттик башкаруу системасынын өзгөргөнүнө карабастан азыркы бийликке “мамлекеттик башкарууга жаңы кадрлар, жаңы саясий күчтөр келген жок” деген сын көп айтылып жатат.

Шаардык кеңешке шайлоолор менен байланыштырып жатканыбыздын себеби, Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктар күткөндөй натыйжалуу иштебей жатат. Ошондуктан шаардык кеңешке шайлоолор республикалык деңгээлде саясий элитаны алмаштыруунун бир жолу. Биз ушул тушта саясий элитанын алмашуусу болуп жатабы, же саясий, башкаруучу кадрлар эле алмашып жатабы деген маселени алып чыктык. Анткени бул экөө эки башка түшүнүк. Ошондуктан шаардык кеңешке шайлоо азыркы парламентке кирбей калган жаңы саясий күчтөрдүн келишине жакшы мүмкүнчүлүк. Азыркы саясий күчтөрдүн тушунда башка, алардан айырмаланган жаңы саясий күчтөр келе алабы дегенди карайбыз.

“Азаттык”: Кыргызстандын азыркы шартында жаңы саясий элита кантип калыптанат? Азыр өлкө парламенттик башкарууга өттү, саясий система алмашты деп айтылып келет эмеспи.

Закир Чотаев: Саясий күчтөр саясий партия аркылуу чыгышы мүмкүн. Ал партиялар азыркы бийликтеги партиялардан айырмаланган, аларга атаандаш болгон саясий системаны өзгөртүү, мамлекеттик башкаруу, мамлекеттин жарандык коом менен байланышы боюнча жаңы ыкма, жаңы план сунушташы ыктымал.

Бир адамды же бир кадрды алмаштыруу саясий элита жаңырды дегенди түшүндүрбөйт. Анткени бүгүнкү күндө кадрлар тез-тез эле алмашып атат, бирок мындан улам саясий элитаны өзгөртүү натыйжалуу болуп жатат деп айта албайбыз.

2010-жылдан кийин кандайдыр бир оң өзгөрүүлөр, мамлекеттик системаны реформалоо болуп жатат. Бирок бул жетишсиз. Өлкөдөгү оппозициялык күчтөр аз деп жатат. Чындап эле эл күткөндөй болбой жатат.

“Азаттык”: Азыркы саясий элитаны алмаштыра алган, ордуна келчү күчтөр барбы, алар бышып жетилдиби?

Закир Чотаев: Мамлекеттик башкарууну жакшыртууга, өлкөнүн, социалдык-экономикалык жана саясий жашоосуна салым кошкусу келген жаңы саясий күчтөр жигердүү калыптанып жатат. Балким алар азыр чачыранды болуп турат, балким алар жетишерлик деңгээлде күч-карууга толо элек, каражаты да аз болушу мүмкүн, бирок буга карабай алар калыптанып жатат.

Биз муну бүгүнкү жыйыныбызда да байкайбыз. Анткени талкууга ар кандай эксперттерди, саясий партиялардын, мамлекеттик органдардын, ар кандай саясий жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүн чакырганбыз. Баарыбыз чогуу талкуулайбыз.

XS
SM
MD
LG