Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:04

Партиялар катары “Мурас” менен толукталды


Кыргызстанда каттоодон өткөн партиялардын саны 160ка чамалады.
Кыргызстанда каттоодон өткөн партиялардын саны 160ка чамалады.

Бишкекте 23-сентябрда “Мурас” деп аталган жаңы саясий партиянын бет ачары өттү. Ишкер Аскар Салымбеков башында турган партия саясий саябанга жаңы идеяларды жана инсандарды алып чыгарын жар салууда.

Эксперттер жаңы саясый уюмдун келечегине ар башка пикирлерди айтууда.

“Мурас” партиясынын прграммасы президенттик шайлоодон кийин коомчулукка жарыяланарын партия лидери Аскар Салымбеков билдирди.

"“Мурастын” башка партиялардан эң негизги айырмачылыгы - саясий саябанга жаңы күчтү алып чыгуу" деп белгиледи ал:

Аскар Салымбеков
- Жаңы саясий элитаны даярдайлы деген максат болуп жатат. Партия илимге негизделип түзүлдү. Дүйнөлүк тажрыйбалар эске алынды. Бул шайлоо алдында эле чогула калган партия эмес. Өз идея менен, өз ишеним менен команда түзүп, Кыргызстанды даңгыр жолго салалы деген партия.

Биз программабызды курултайда, ушул жылдын ноябрь айында жарыялайлы деп жатабыз. Шайлоо бүткөндөн кийин, анын жыйынтыктарын карап, өзүбүздүн программабызды жакшылап тактап, курултайга чогулабыз, анан ошондо айтабыз.


“Мурас” партиясынын алгачкы жыйынына ар кайсы облустардан 70тей делегат катышты. Оштогу “Ала-Тоо айымдары” коомдук экологиялык кыймылдын жетекчиси Жыпаргүл Баргибаева бул партиянын колдоп жаткан себебин мындайча түшүндүрдү:

- Чокуларыбыз, мөңгүлөрүбүз, жерлерибиз сатылып баратат. Ошого бөгөт коюш үчүн кыргыздын патриот инсаны катары “Мурас” партиясын колдоюн деп чечтим. Себеби биз бала өстүрүп жатабыз. Ушу балдарымдын, балдарымдын балдарынын келечеги, дегеле кыргыз элимдин балдары үчүн ата-бабаларыбыз бизге калтырган мурасты балдарыбызга өткөрүп берүү салт.

Серепчи Бекбосун Бөрүбашевдин пикиринде, жаңы партия программасын дароо жарыялашы керек болчу:

- “Биздин партиянын көз карашы мындай, коом бул жол менен өнүгүшү керек” деп булар негизги саясий платформасын бериши керек.

Партия деген профсоюз эмес, аялдар, же жаштардын коому эмес. Бул – саясий уюм. Саясий уюм болгондон кийин коомдун саясий өнүгүүсүнүн жолун айтышы керек. Ошондо гана биз партия деп айта алабыз. Азыр Кыргызстанда партия түзүү актуалдуу. Анткени көйгөйлөр, проблемалар чечилбей жатат. Көйгөйдү чечүүнүн бирден-бир механизми бул - саясий партия.


Эксперт Эмил Каниметов “Мурас” жаңы идеяларды, жаңы багытты алып келиши ыктымал деп эсептейт. Ал үчүн командага күчтүү кадрлар керек:

- Эгемендүүлүк алгандан кийин кыргыздардын арасында өз алдынча абдан чоң каражат чогултуп, капиталга ээ болгон саналуу адамдардын бири – Аскар Салымбеков. Ушул акчаны, капиталды кармап турган адамдар канчалык деңгээлде элдин арасындагы билими жетиштүү, прогрессивдүү, эл үчүн чындап күйгөн, ошол эле мезгилде интеллектуалдык жогорку деңгээли бар адамдарды чогулта алат, уюштуруп андан ары иш алып барганга канчалык жөндөмү бар экенине жараша болот.

Турат Акимов
Талдоочу Турат Акимов “Мурас” партиясы жаңы идеялар менен чыгарынан күмөн саноодо:

- "Биз саясатты таштайбыз, экинчи чыкпайбыз, мына өзүмдүн баламды даярдадым, Муралиев өзүнүн баласын даярдады. Биздин балдарыбыздын акчасы бар, булар да биздин жолубузду жолдой алат, май майга тамат” деп билдирүү жасаса, мен алардын жаңыланганына ишенмек элем.

Кыргызстанда каттоодон өткөн партиялардын саны 160ка чамалады. Былтыр парламенттик шайлоого отузга чукул партия катышып, алардын бешөө гана парламентке өткөн болчу.

Жаңы партия кураган ишкер Аскар Салымбеков өзүнүн меценанттык ишмердиги менен белгилүү. 2007-жылы парламентке бийликчил “Ак-жол” партиясынан депутат болуп келген.

XS
SM
MD
LG