Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Жаман болсо да өзүмдөн болсун


Бийликтеги адамдардын жакын туугандарын мамлекеттик таасирдүү орундарга дайындоону тыюу тууралуу мыйзам долбоору даярдалды.

Бул аркылуу кызматка жылдырууда жердештерине жана туугандарына ылым саноо адатына бөгөт коюу максатын көздөп жатышат. Ал арада мындай демилгени адам укугун бузуу катары баалап, мыйзамдын иштешинен күмөн санагандар да жок эмес.

"Туугандуу чоңдо ыйман жок"

Кыргызстан тууганчылык белгилери боюнча кызматка жылдыруу көрүнүшү тараган мамлекеттер катарында аталат.

Эгер мыйзам кабыл алынса, анда өлкө президенти, премьер-министри, өкмөт мүчөлөрү жана парламент депутаттары мамлекеттик кызматтарда иштеген жакын туугандары тууралуу маалыматтарды ачыктоого мажбур болушат.

Долбоорду иштеп чыккандардын бири депутат Равшан Жээнбековдун айтымында, мыйзамда азырынча тыюу гана сунушталып жатат, кийин чара көрүү жоболору кошулат:

- Мамлекеттик көп уюмдарда, өзгөчө партиялар келгенден кийин ошол партиянын шылтоосу менен андагы жогорку деңгээлдеги адамдары, көрүнүктүү мүчөлөрү артында өзү бекем туруп алып, өздөрүнүн тууган-уруктарын бийликке алып келген учурлар көп болуп жатат. Азыр биз тыюу гана салып жатабыз. Кылмыш катарында дисциплинардык жазасын карай элекпиз. Бирок ал да каралат, эгер ошондой болуп кете турган болсо... Бирок азырынча биз "тыюу салынат" деген гана мыйзамдарды киргизип жатабыз. Мисалы, аялы менен күйөөсү, бир туугандар, атасы менен баласы бири-бирин колдоп жиберген, өзгөчө материалдык пайда алып келген жерлерде иштегенге тыюу салалы деп атабыз.

Мыйзам долбоор парламенттин кароосуна чыгарыла электе эле депутаттар арасында ага каршы чыккандар болууда. Алардын бири - “Ата Журт” фракциясынан депутат Курманбек Осмонов.

Осмонов парламенттин бул жолку чакырылышында кызы Нурзат менен кошо бир шайланган болчу, бирок кызы көп өтпөй депутаттык мандатын тапшырган:

- Бул адам укугун бузуу болуп эсептелет. Министрдин баласыбы, же башка чиновниктин баласыбы ал окуп-чокуп, билип алып, анан бир жерде иштей албаса кандай болот? Ал эмне кылмыш бекен? Анда эмне аткаминерлер бир жолу мамлекеттик кызматта иштеп калса эле балдарын окутпаш, иштетпеш керек бекен? Бул такыр болбогон нерсе.

Мыйзам "жашап" кетеби?

Буга чейин Кыргызстанда аткаруу жана жергиликтүү бийлик органдарына коалициялык көпчүлүктү түзгөн партиялардын депутаттарынын тууган-уруктары көбүрөөк дайындала баштаганы айтылып жаткан. Серепчи Эмил Жураев туугандардын мамлекеттик таасирлүү орундарда иштешине тыюу салган мыйзамдын иштешинен күмөн саноодо:

- Үй-бүлө мүчөлөрү арасында бирөө саясатка келсе, башкасы да киришмей бар. Албетте жумуш ордун, же кесип тандоо эркиндиги бар да. Ар ким каалаган нерсесин кылышы керек. Бирок ошол эле кезде бул мыйзамдын түп-тамыры авторлордун ою боюнча коррупциянын эн начар жагдайын жоюу болуп эсептелет да. Анткени так ушул тууганчылык боюнча, же үй-бүлөлүк башкаруунун артынан Кыргызстан көп жапа чегип атпайбы.

Жураев башка өлкөлөрдү мисал кылып, АКШда жагдай башкача экенин кеп кылды:

- АКШда мындай мыйзам жок. Ал жакта тууганчылык деген маселе эмес. Биз билебиз, Жорж Буш жана анын бир топ башка бир туугандары чоң кызматтарды ээлеп келди. Кеннедилердин династиясы деп коюшат. Бир эле убакта эң чоң кызматтарды ээлеп келишкен. Алардын баары жумушка келгенде аларды эл шайлайт, же конгресс тарабынан бекитилет. Бир топ электерден өтүшөт. Бир тууганы, же атасы, же байкеси өз күчү менен өзү кол коюп бекитип койо алышпайт. Бул деген эң биринчи кезекте моралдык-этикалык проблема. Муну мыйзам менен жөнгө салуу өтө кыйын болот.

Борбор Азиянын башка өлкөлөрү сыяктуу эле Кыргызстанда тууганчылык жана жердешчилик сезими кеңири өрчүгөн. Бул сезим күндөлүк турмушта эле эмес, саясатта жана мамлекеттик башкарууда таасирге ээ болоору көндүм көрүнүш.

Кыргызстанда буга чейин күч менен бийлик куулушунун негизги себеби катары эки президенттин тууган-уруктарынын бийликтеги саясый жана финансылык орчундуу орундарды ээлеп алганын аташат. Эми бул адатты мыйзам күчү менен жоюу аракет көрүлүп жаткан кез.

XS
SM
MD
LG