Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:06

Таарынышкан жубайлар, өмүрдү алган өрт


Жубайына жана өзүнө өрт койгон деп шектелип жаткан 27 жаштагы Раимбектин денесинин 30 пайыздан ашыгы күйүп, догдурлардын кароосунда болууда.
Жубайына жана өзүнө өрт койгон деп шектелип жаткан 27 жаштагы Раимбектин денесинин 30 пайыздан ашыгы күйүп, догдурлардын кароосунда болууда.

Күйөөсү койгон өрттөн катуу жабыркаган 22 жаштагы келин эсине келе албай жатып көз жумду.

Окуя 5-февралда Нарын шаарындагы туристтик агенттиктердин бири жайгашкан имараттын ичинде болгон. Үй-бүлөлүк чатакка байланыштуу өрт койду деп шектелип жаткан адамдын денеси да жарым-жартылай күйүп, ооруканада оор абалда жатат.

Атайын коюлган өрттө денесинин 80 пайызга жакыны күйүп кеткен Нургүл үч күн эсине келе албай жатып, 8-февралда ооруканада дүйнө салды.

Каза болгон келиндин жакындары окуя тууралуу азырынча кең-кесири пикир айтыша элек. Агасы Керимбек “Азаттыкка” буларды гана айтты:

- Бала азыр эс-учун билбей жатат. Милиция кылмыш ишин козгоду. Мурун-кийин эмне болгону тууралуу азыр мен эч нерсе айта албайм.

Негизи адамдын денеси 25 пайыздан ашык күйсө оор дегенди билдирет. Азыр бизге түшкөн 27 жаштагы кишинин денесинин 32 пайызы күйгөн.
Жыргалбек Аалиев

Расмий маалыматка караганда, үйлөнүү үлпөт салонунун ичинде жайгашкан туристтик агенттиктин кеңсеси 5-февралда өрттөнүп, анда жабыркаган эки киши ооруканага жеткирилген. Бул окуянын чыгышына күйөөсү себепкер деп, ал колуктусуна бензин чачып өрт койгон деп шектелүүдө.

Ошентсе да Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Азамат Мукаев бир жактуу тыянак чыгаруу эрте экендигин билдирди:

- Азыр күйгөн адамдардын бири каза болуп калды, экинчиси эс-учун билбей жатат. Бул окуя боюнча Нарын шаардык ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоду. Ал эми тергөөнүн жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.

Жубайына жана өзүнө өрт койгон деп шектелип жаткан 27 жаштагы Раимбектин денесинин 30 пайыздан ашыгы күйүп, догдурлардын кароосунда болууда. Нарын облустук оорукананын реанимация бөлүмүнүн дарыгери Жыргалбек Аалиев бейтаптын абалы оор деп билдирди:

- Негизи адамдын денеси 25 пайыздан ашык күйсө оор дегенди билдирет. Азыр бизге түшкөн 27 жаштагы кишинин денесинин 32 пайызы күйгөн. Ал учурда өз алдынча дем ала албай, аппарат менен дем алып жатат. Өпкөсү жана башка дем алуу органдары күйүп кеткен. Азыр дарынын жана биздин карообуздун эле күчү менен жатат. Айыгат деп азырынча айта албайм. Бирок организми биз берген дарыларды кабылдап кетиши толук мүмкүн.

Жашоосу кайгы менен бүткөн жубайлар бир жарым жыл мурда баш кошуп, күздөн бери таарынышып жүрүшкөн. Ажырашуу тууралуу арыз боюнча сот чечимин чыгара элек экен. Кылмышка шектүү бейтаптын жакын тууганы Амангелди Раимбек колуктусу менен элдешүүнүн аргасын издеп жүргөн дейт:

- 3-февраль келинибиздин туулган күнү экен. Тортун көтөрүп алып келиптир деп уктум. Ошондо таарынтып койсо керек да. Буга чейин да таарынышып жүргөн. Бирок инимдин мындай кызуу кандуусу жок эле да. Сылык, ким болсо да сүйлөшө билген бала. Азыр өзү деле кудайдын колунда турат. Айыгып кетсе деп баарыбыз тиленип жатабыз.

Ошентип кайгылуу окуяга жеткирген үй-бүлөлүк араздашуунун арты жубайлардын бирин өлүмгө жеткирип, экинчисин азапка салып отурат. Буга чейин облуста мындай факт катталган эмес.

XS
SM
MD
LG