Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Нарын: мал ылаңы убайымга салды


Кургакчылыктан пайда болгон кара өпкө ылаңынан Нарында 300дөн ашык мал кырылган.
Кургакчылыктан пайда болгон кара өпкө ылаңынан Нарында 300дөн ашык мал кырылган.

Кургакчылыктан улам пайда болгон кара өпкө ылаңынан Нарында 300дөн ашык мал кырылса, жазында кар аралаш жааган жаандын кесепетинен 700гө жакын мал өлдү.

Мал киндиктүү Нарын өрөөнүндөгү быйылкы жагдай малчыларды бир топ түйшүккө салууда. Кышында кар аз түшүп, кургакчылыктан пайда болгон кара өпкө ылаңынан 300дөн ашык мал кырылса, жазында кар аралаш жааган жаандын кесепетинен жайлоолордо кырылган малдын саны 700гө жакындады. Ал эми кургакчылыктан айрым айылдагы сугат талааларына бир тамчы суу тие элек.

Акталаалык Эрландын короосунан алтымышка жакын козулуу кой өлдү. Ал жайлоого чыгаар алдындагы жүнү кыркылган кой баласы, катуу жаанга туруштук бере албай ооруганын айтат. Акчага айландырганда Эрлан быйыл 400 миң сомго чыгым тартты. Малчы өкмөт тараптан жардам үмүт кылууда:

- Кой жаңы кыркылган кезде жаанда калды. Ошондон улам өлдү. Жалаң козулуу койлор болчу, жетим козуларды азыр уйдун сүтү менен багып жатабыз. Сатсам 350-400 миң болмок. Малдын баары кыркылган. ӨКМдан келип сүрөткө тартып кеткен, андан бери дайын жок.

Ак-Талаада 7-июнга карата райондо чыгымга учураган койдун саны 675 башка жетти. Мындан сырткары 4 баш жылкы, 5 беш баш уй өлдү. Өкмөт тараптан жардам болоору азырынча белгисиз. Ак-Талаа райондук агрардык өнүктүрүү башкармасынын башчысы Нарынбек Керимкулов бүгүнкү жагдайга токтолду:

- Азыр аба ырайы ачылып калды, абал жакшы. Ошол бир күн жааган жаандан ушунча чыгым болду. Биз азыр баарын өкмөткө кетирип жатабыз, анан жардам боюнча азыр эч кандай маалымат жок.

Буга чейин Нарын районундагы Кара-Кужур, Эмгек-Талаа айыл аймактарында кой-эчки ылаңдап, 300дөй мал өлгөн. Бүгүнкү күндө ылаңдын алдын алууга, эмдөө иштери жүрүп жатат. Дарылар Казакстандан келгендиктен, отуз койго жетүүчү бир флаконун малчылар 160 сомдон сатып алышууда. Азыр жалпы 72 миң майда жандык эмделди.

Нарын облустук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын башчысы Жалил Алымкулов ылаң кургакчылыктан күч аларын, ага каршы вакцина тартыш болуп жатканын билдирди.

- Азыр 72 миң мал эмделди. Вакцинаны элдин эсебинен сатып келүү керек. Вакцина тартыш болуп, 2-3 күндө келет деп айтышты. Кургакчылыкта мал ылаңы күчөйт.

Минтип Нарын районунда мал ылаңдап, Ак-Талаадан жаандан мал кырылып жатса, Ат-Башыдагы айрым айылдарда малга тоют камдалчу талаага эмдигиче суу жете элек. Сугат учуру эчак өтүп, чөп күйүп баратат. Малчылар эмитеден эле башка аймактан чөп издөөгө аргасыз. Быйыл Нарын өрөөнүнө кар аз түшүп, жазында күн жылыбагандыктан тоодогу мөңгү эрибей калган. Мунун айынан коктулардан суу түшпөй калганын Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам Таштанов айтты:

- Негизи Ат-Башыда кургакчылык болуп жатат, өзгөчө батыш тарабында. Жаан жаай элек. Кара-Коюн айылында 3000 гектар жер болсо 70 гектары гана сугарылды. Ал эми Кызыл-Туу айылына такыр суу бара элек. Күн жылыбаса мөңгү эрибейт экен. Эми тоютту сатып алабыз го.

5-июнда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев журналисттерге маалымат берип жатып, малдын кырылышына айрым аймактарда өз убагында эмдөө жүргүзүлбөй калганы себеп болгонун айтып, тиешелүү жетекчилерге чара көрүлөрүн эскерткен. Быйылкы кургакчылык, суу тартыштыгы Нарын сыяктуу өрөөндөрдүн айыл-чарбасына олуттуу кыйынчылык алып келиши ыктымал дешет адистер.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG