Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

Ойлоп тапкыч окуучулар алтын медал тагынды


Казакстанда өткөн Infomatrix олимпиадасында мультифункционалдык сызгычты ойлоп тапкан нарындык окуучулар 1-орун ээлеп, алтын медаль алышты.

Алардын жаңы табылгасы илим дүйнөсүндө биринчилерден болгондугун олимпиаданын комиссиясы тастыктаган. Бул эл аралык олимпиадага 30дан ашык өлкөдөн 308 окуучу катышкан.

Нарын шаарындагы Муратбек Субакожоев атындагы Кыргыз-түрк лицейинин 10-классынын окуучулары - Теңирбек Карыпжумаев менен Нурсултан Шакиров кадимки сызгычтан циркулдун жана транспортирдин функцияларын ойлоп таап, эл аралык олимпиаданы багындырып келишти. Бул жаңы табылганын артыкчылыгы - анын абдан эле жөнөкөй экендигинде. Теңирбек менен Нурсултан өздөрүнүн табылгасы тууралуу айтып беришти.

Теңирбек Карыпжумаев: Ушул окуу жылдын башында Нурсултан экөөбүз сабактан эскертүү алдык. Ал эскертүү геометрия сабагына керектүү окуу куралдарын алып келбегендиктен болду. Анан ойлонуп сызгычты, транспортирди жана циркулду өз-өзүнчө алып жүрүп убара болбой, аларды чогуу жасап койсо болбойбу деген ой келди.

Биринчи биз сызгычтын макетин жасап көрдүк, карасак болчудай экен. Анан сызгычты жарымынан бөлүп, ортосун буроо менен бекиттик. Бул сызгыч менен 360 градуста айланта чийсе болот. Башкача айтканда, транпортир кылып, каалаган бурчту чийип алууга мүмкүн. Анын дагы бир артыкчылыгы - 1-класстагы бала да колдоно алат, аябай жөнөкөй. Бул сызгычты ойлонуп, анан долбоорубузду баштадык. Кемчиликтердин үстүнөн иштеп отуруп ушул тандоого келдик. ​

Бул долбоорго катышып калуубузга агайларыбыз абдан жардам берди. Кайсы жерде болот, кандай катышуу керек, чыгымдары кандай болот. Баарын агайларыбыз билип беришти. Долбоорго 30дан ашык мамлекеттен 308 окуучу катышты. Акыры жеңишке жетиштик.

"Азаттык": Буга чейин силер жасаган сызгыч башкаларда болгонбу, башкалар жасап койгон жок беле деген ой келбедиби?

Нурсултан Шакиров: Алгач дизайнды жасап бүткөндөн кийин биз интернеттен карап, издеп көрдүк. Буга чейин мындай сызгычтар жасалыптыр, бирок алар өтө эле татаал болгондуктан, колдонуу оор болгон экен. Ошондой эле кемчиликтери да арбын экен.

"Азаттык": Кандай кемчиликтер экен?

Теңирбек Карыпжумаев: Мисалы, башкалар жасаган мультифункционалдуу сызгычты сумкадан алып чыгып атсаң, биздин сызгычты пеналдан алып чыгасың. Бирок биздин сызгыч кичине болгону менен бардык функцияларды аткарат жана тигилерге караганда колдонгонго да аябай жеңил.

"Азаттык": Infomatrix долбоору, дегеле бул эл аралык олимпиада тууралуу да айта кетсеңер?

Теңирбек Карыпжумаев: Infomatrix долбоору менен өткөн бул эл аралык олимпиада биринчи Румынияда өткөн экен. Infomatrix компьютерге байланыштуу долбоор - олимпиада. Азыр бул олимпиада кеңири тарап жатат. Жакында эле бул олимпиаданын Казакстанда Сулайман Демирел атындагы университетинде филиалы ачылды.

"Азаттык": Infomatrix олимпиадасында силердикинен тышкары дагы элди таң калтырган кандай ачылыштар бар экен?​

Нурсултан Шакиров: Мисалы, биз роботтор десе, абдан кыйын деп элестетебиз. Бирок олимпиадага биздей эле балдар өздөрүнүн роботторун жасап барышыптыр. Бизди ошол нерселер таң калтырды.

"Азаттык": Бул сызгычты көбөйтүп, автордук укук алуу планыңар барбы?​

Теңирбек Карыпжумаев: Биздин максатыбыз долбоорду элге көрсөтүп, сынактарда орундарга ээ болуу. Ал эми патент алуу, көбөйтүү жагын азырынча ойлоно элекпиз.

Окуучулардын бул мультифункционалдуу сызгычынын кемчилиги катары анын колго жасалгандыгы айтылган. Анткени ал профессионалдык деңгээлге жетпей калган. Ал эми кийинки олимпиадаларга катышканча аталган кемчиликтерди жоюуга аракетибизди жасайбыз дешет жаш ойлоп табуучулар.

Лицейдин мугалими Улук Жумалиев мындай жаңы табылга бул лицейде биринчи жолу болуп жаткандыгын айтат. Бирок эл аралык олимпиадага лицейдин окуучулары активдүү катышып турушат экен.

Улук Жумалиев: Быйыл ондон ашык долбоорго ар кандай ойлоп табууларыбызды тапшырдык. Алардын ичинен бири Голландияга айыл чарбасы боюнча, Индонезияга эки долбоор айыл чарба жана дизайн боюнча, Кенияга бир окуучунун эмгегин жөнөттүк. Кудай буюрса, аларга окуучуларыбыз барат.

Мындан тышкары магнит менен башкара турган оюнчук ойлоп атабыз, бул эмдиги жылы ишке аша турган долбоор. Экинчиси - кадимки бөтөлкөгө эки түрлүү суусундук куюп, аларды өз өзүнчө иче тургандай кылып жасайбыз. Мунун баарын биз интернеттен карадык. Буга чейин болгон эмес экен.

XS
SM
MD
LG