Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Нарында лотерея азгырыгы тамыр жайды


Ат-Башы базарында лотерея ойнотулууда. 2014-жыл.
Ат-Башы базарында лотерея ойнотулууда. 2014-жыл.

Акыркы убакта Нарында эл арасында лотерея ойноо көрүнүшү күч алды. Жергиликтүү беш-алты адам ортодон акча чыгарып, байге сайышат да, билет сата баштайт.

Эл арасында азгырыктуу лотереяны ойноп, арзыбаган байгеге ээ болгондор да, утуп алган байгесине ичи чыкпагандар да жетиштүү. Мыйзам боюнча ал билеттердин канча пайызы утушка ээ болушу керек деген теориялык нормаларга эч ким деле кызыкпайт.

Тар чөйрөдө ойнотулган бул лотерея оюну айыл жергесинде кеңири жайылган. Анын баш байгеси автоунаа болсо, төмөнкү байгеси 500-1000 сомдук утуштар. Бирок эл арасында бул көрүнүштү жактырбагандар да арбын. Алардын айтымында, оюн өткөргөндөр өтпөгөн автоунаасын сатуу үчүн ушул амалды ойлоп табышкан. Мындайда анын чыгымы лотерея менен жабылат.

Ат-Башы айылынын тургуну Руслан да мурда бул иш менен шугулданып жүргөндөрдүн бири. Ал лотерея оюнун таза өткөрөрүн айтууда:

- Байге фондун 250 миң сом кылганбыз. Баш байгеге эки автоунаа сайып, 300 билетти 2000 сомдон саттык. Досум экөөбүз уюштурган элек. 50 миң сом пайда көрдүк. Оюнду ойнотордун алдында райондогу Салык кызматынан уруксат алганбыз. Уруксат кагазыбыз үчүн 2500 бердик. Билет алгандардын арасынан атайын комиссия түзүп, таза өткөргөнгө аракет кылганбыз. Бирок нааразычылык чыга берет экен. Баш байгени тааныштарына берип койду деп айткандар болду. Чынында таза эле өткөн, мен өзүм да мурда 5 миң сомго лотерея сатып алып ойногом.

Нарын шаарынын тургуну Гүлмира Кудайбергенова мындан үч ай мурун 5000 сомдон эки билет сатып алып ойноткон. Билеттеринин бири дубалга таккан арзан саат уткан экен. Гүлмира ушундан кийин лотереялар элди алдоонун, көз боёмочулуктун бир түрү деген бүтүмгө келген:

-. Кызыктырып жатса, баары эле машине уткусу келет да. Алар ушундан пайдаланып элди алдап жатышпайбы. Менин билишимче, ручка менен баш байге утчу билетке белги коюшат экен. Анан өздөрүнүн кишиси чыкканда акырын кармата салышат. Биз болсо жаш баладай алданып кала бердик. Айлыгыбыз 2-3 миң сом экенине карабай алдык эле. Оозубуз күйдү.

Мындай лотереяны ойнотуп, баалуу утуштарга да ээ болгондор да жок эмес. Билет баасынан беш-алты эсе көп байге уткан Кайып Сапарбаев мындай деди:

- 2500 сомдон үч билет алгам. Бирөө 16 миң сомдук муздаткыч, бир билетим менен 5000 сомдук чатыр утуп алдым. Таза өтөрүнө ишенем. Билбейм эми нааразы болгондор ар кандай айта берет да. Бул дагы өзүнчө бизнес болуп калбадыбы. Акча табуунун оңой жолу десек болот.

Ошол эле маалда байгени утарын утуп алып, артынан машакат тарткандар да жок эмес. Ат-Башынын тургуну Койсун Жусубакунова да ушундай абалга кабылган:

- Былтыр лотерея ойнотуп жатканда уулум бир билет сатып алган. Кудай жалгап машине утуп алды. “Ниссан X-Treil” болчу. Оюн бүткөндөн кийин документин бергиле деп сурасак, ойноткон киши “үйдө турат, эки-үч күндө аласыңар” деген. Болуптур деп сүйүнгөн бойдон айдап кеткенбиз. Ошо менен тиги киши ар кайсыны айтып, улам бирөө шылтап атып бербей койду. Документ болбосо, машинени айдаганга болбойт экен. Айлабыз куруганда “документин өзүңөр жасатып алгыла” деп бирөөгө арзан эле сатып жибердик.

Нарын шаарынын тургундары бул оюн жаңы ойнотулуп баштаганда кызыгып көп билет алганын айтышат. “Сүткө оозу күйгөн, айранды үйлөп” ичет болуп азыр лотерея ойноткондордун саны азайган экен.

Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаарындагы бөлүмүнө кайрылганыбызда, тар чөйрөдө бул лотереяны уюштургандар аталган кызматтын каттоосунан өтүп, тиешелүү акчаны мамлекетке төлөшү шарт экенин айтышты. "Бирок бул эрежени баары эле сактай бербейт, аларга чара көрүлөт" деп билдирди аталган кызмат.

XS
SM
MD
LG