Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

Нарын: жаш ойлоп табуучулардын ийгилиги


Иллюстрация
Иллюстрация

Нарындагы Кыргыз -түрк лицейинин окуучулары ойлоп тапкан табылгалар эл аралык олимпиадада байгелүү орундарды алууда.

Нарын шаарындагы Муратбек Субакожоев атындагы Кыргыз-түрк лицейинин 10-классынын окуучулары Самат Болотбеков менен Бекбол Муканбетов май айынын башында Индонезиянын борборунда өткөн эл аралык ISPRO олимпиадасынан алтын медаль алышты.

Дүйнөнүн 29 өлкөсүнөн келген 75 долбоордун арасынан алардын "Чалкан жана койчу баштык чөптөрүнүн уйларга дарылык касиеттери" деген долбоору мыкты деп табылган.

- Батыш фермаларында бир уйдан бир күндө 50 литр сүт алышат. Ал эми биздин уйлар эң көп дегенде 20-25 литр сүт берет. Эмнеге дегенде биз туура эмес багабыз же таптакыр көңүл бурбайбыз. Биздин долбоор ушуну колго алуу менен айырмаланды. Биз чөптүн чалкан жана койчу баштык деген түрлөрү менен табыгый дары жасадык. Бул дары уйлардын ар кандай ылаңынын алдын алат, - деди окуучу Самат Болотбеков.

Лицейдин дагы эки окуучусу Грузиянын Тбилиси шаарында өткөн Эл аралык жаш ойлоп табуучулардын IYIPO олимпиадасында күмүш медаль алышты. 10-класстын окуучулары Дастан Уланов менен 8-класстын окуучусу Урмат Үмөтов үйдүн дубалдарын кадимки чий жана кийиз менен жылуулоо боюнча долбоор жазышкан. Авторлордун бири Дастан Уланов бул долбоорду үшүгөндөн улам ойлоп табышканын айтты:

- Курулушта азыр көп учурда пенопласты колдонушат. Ал ден соолукка зыяндуу экен. Биз болсо кадимки чий менен үйдү жылуулоонун оңой жолун сунуштадык. Чий кышында үйдүн ичинен жылуулукту чыгарбайт, ал эми жайкысын салкын болот. Биз бул долбоорду кышында лицейден үшүгөндөн улам ойлоп тапканбыз. Биз барган олимпиадага көптөгөн долбоорлор менен келишти. Алардын арасынан банан жалбырагынан идиш жасаган бала алтын медаль утуп алды.

Лицейдин мугалими Улук Жумалиевдин айтымында, эл аралык олимпиадага лицейдин окуучулары байма-бай катышып турат.

- Быйыл ар кандай олимпиадаларга ондон ашуун долбоор тапшырдык. Кийинки жылга магнит менен башкара турган оюнчукту ойлоп таап атабыз, бул эмдиги жылы ишке аша турган долбоор. Өткөн апрель айында биздин балдар мультифункционалдуу сызгыч эл аралык Informatrix олимпиадасында 1-орунга татыган эле. Ал колго жасалгандыктан бир аз профессионалдык деңгээлге жетпей калды. Балдар кийинки АКШда боло турган олимпиадага катышуу үчүн бул кемчиликтерди жоюуга аракет жасайбыз дешүүдө.

Аталган лицейдин окуучулары жакынкы жылдардан бери эл аралык олимпиадаларга активдүү катышып, көптөгөн окуучулардын көмүскөдөгү талантын ачып жаткандыгы белгилүү. Алар окуу менен гана чектелбестен, быйыл спорттун эркин күрөш жана самбо түрлөрү боюнча да чет жерде ийгиликтерге жетишип жаткандыгын кошумчалай кетсек болот.

XS
SM
MD
LG