Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:14

Нарын: ГЭС куруудагы көйгөйлөр


ГЭС курула турган Нарын дарыясы, 27-октябрь, 2012
ГЭС курула турган Нарын дарыясы, 27-октябрь, 2012

Өлкөдөгү ири долбоорлордун бири болгон Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскадынын курулуш иштери жай жүрүп, жергиликтүү тургундар жумушка кабыл алынбай жатат.

Бул маселени курулуш объекттери менен жамаатташ отурукташкан Орток айылынын эли Жогорку Кеңештин депутаттары менен 14-майдагы жолугушууда көтөрүштү.

Депутаттар менен болгон жолугушууда курулушка көзөмөл кылган Жогорку Нарын гидроэлектростанциясынын башкармалыгынын өкүлдөрү менен жергиликтүү тургундар ортосунда кайым айтышуу болду.

Азиз аттуу жергиликтүү тургун курулуш жай жүрүп, ал жердеги менчик сарайлардын тагдыры эмдигиче чечилбей жатканын айтты:

- Өкмөттүн токтомуна ылайык ал жерде жазылып турат, 2013-жылдын 1-декабрына чейин тактагыла деп. Азыр эч иш жүргөн жок, өкмөттөн эч ким келе элек. Бул сарайларды мындай кылгыла деген эч ким жок.

Орток айылдык кеңешинин депутаты Аятбүбү Касымалиева жергиликтүүлөр жумушка кабыл алынбай жатканына нааразы экенин айтты:

Курулуш жүрүп жаткан жер. Нарын. 14-май.
Курулуш жүрүп жаткан жер. Нарын. 14-май.
- Бир аз болгон иштерди фирмалар өзүлөрү жумушчу алып келип жасап жатат. Жергиликтүүлөрдөн болгону жыйырмага чукул адам иштейт. Үй-бүлөмдү ушул жерден иштеп, багам дегендердин маанайы чөгүп турат.

ГЭСтер каскадынын курулушуна байланышкан макулдашууларга ылайык долбоорлоо иштерин «Ленгидропроект» мекемеси жүргүзмөкчү. Маалыматка караганда долбоорлоо иштери баскыч-баскычы менен ишке ашуусу керек.

Жогорку Нарын гидроэлектростанциясынын башкармалыгынын өкүлү Чоробай Акунов азыр даярдоо иштери жүрүп жатат, жакын арада курулуш башталат деп билдирди:

- Азыр биринчи курулушту баштаганга шарт түзүп алыш керек, шарт түзбөй эле баштамак белек...

Бүгүнкү күндө курулушта жалпысынан 1 миллиард рубл каражатынын жумушу бүткөрүлдү. Ага убактылуу жашоочу шаарча жана бир кичи бетон заводу тургузулган. Бирок шаарча азыр толук бүтө элек суу, жылуулук, жарык киргизүү сыяктуу иштер жасалууда. Учурда жалпы алтымыш жумушчу иштесе, анын он беши жергиликтүү тургундар. Жумушчулардын айлык маянасы орто эсеп менен 15 миң сомдой. Акунов жергиликтүүлөр жумушка алынган жок деген дооматтарга мындайча жооп берди:

- Бизде облуста координация түзүлгөн. Ошол жерде жумушка кабыл алуу комитети бар. Ишке алуу боюнча ал жерде баары ачык турат. Тендерден утуп алган фирма ошол жерге барат, анан жумушчу тандап алат. Ошондой сүйлөшүлгөн жана ошондой эле болуп жатат. Ал эми классификациясы жогоруларды чын эле фирмалар өзүлөрү алып келип жатат.

Буга чейин курулушка 242 гектар жер берилип, кыргыз өкмөтү тарабынан Орток айыл өкмөтүнө 10 миллион сомдой акча бөлүнгөнү айтылган эле. Бул акча ошол жер ээлерине төлөнүп берилип жатат.
Эл өкүлү Бакыт Шаршеев бул жерде айтылган көйгөйлөр Жогорку Кеңеште караларын билдирди:

- Бул чоң эмгек менен келген долбоор. Ал эми экинчи маселе качан башталып, качан бүтөт? Азыр болгон маселе менен таанышып, маалымат алдык. Эми ушунун үстүндө иштейбиз. Жергиликтүү калктан жумушчу алыш керек эле, бирок аз санда алынып жатат. Себеби, бул жерде кайнаган деле иш жок экен.

Өткөн жылы 18-октябрда Нарынга иш-сапары менен келген президент Алмазбек Атамбаев убактылуу жашоочу шаарчанын курулушу менен таанышкан. Анда Жогорку Нарында ГЭСтердин негизги курулушу быйыл жазда башталары айтылган.

Нарын дарыясына Орусия менен биргеликте Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишимге 2012-жылы кол коюлган. Орусия тараптан каскадды куруудагы Кыргызстандын өнөктөшү “РусГидро” ишканасы ГЭСтердин курулушу 5-6 жылга созулуп, алгачкы гидроагрегат 2016-жылы ишке кирерин маалымдаган. ГЭСтер курулуп бүтсө Нарын, Ысык-Көл облустарын электр жарыгы менен камсыз кылат.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG