Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:23

Нарын: ГЭСтердин чыры көп чыгымы


Нарында ГЭСтердин курулушуна 37 миллион доллар сарптаганы айтылган, бирок депутаттар ал сумма жасалган жумуштан өтө эле көп экенин билдиришүүдө.
Нарында ГЭСтердин курулушуна 37 миллион доллар сарптаганы айтылган, бирок депутаттар ал сумма жасалган жумуштан өтө эле көп экенин билдиришүүдө.

Жогорку Кеңеште депутаттык комиссиянын жыйынында Нарында ГЭСтерди курууга жумшалган материалдар, кызмат көрсөтүүлөр өз баасынан эки-үч эсе кымбат болгону айтылды.

Ал арада чыгымдарды тактоо боюнча өкмөт өзү да мекемелер аралык комиссия түзгөнү жатат. Буга чейин орусиялык “Русгидро” ишканасы Нарында ГЭСтердин курулушуна жалпысынан 37 миллион доллар сарптаганы, муну кыргыз тарап төлөп бериши керектиги айтылган эле.

Жогорку Кеңеште ГЭСтерди курууга кеткен чыгымды тактоо боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын биринчи жыйынында бир топ талаштуу сандар айтылды. Комиссиянын төрагасы, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов “Жогорку Нарын ГЭСтери” ишканасынын расмий сайтында 7 миллион долларлык гана иш тууралуу отчет бар экенин, курууга кеткен материалдарды, кызмат көрсөтүүлөрдү иликтей келгенде баасы эки-үч эсе жогору болгону аныкталганын айтты:

Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

- Бетон заводу деген чакан өндүрүштү курууга 75 миң доллар кетиптир. Бирок алар документте 500 миң доллар деп көрсөтүшкөн. Көпүрө курууга 500 миң доллар кетти деп көрсөтүшүптүр. Биз сайттарды карап, андагы маалыматтан улам көпүрө куруу андан эки-үч эсе арзан болорун аныктадык. Курула элек ГЭСтердин жаратылышка, экологияга тийгизген таасирин иликтөө үчүн тендер жарыялашкан. Анда жеңген жеке менчик лабораторияга 200 миң доллар беришиптир. Мен ал эмне деген лаборатория экенин, эмнеге өзүнүн кызматын 200 миң долларга баалаганын түшүнө албай турам. Менимче, аны адистер миң доллар акы алып эле иликтеп беришмек.

Шыкмаматовдун маалыматы боюнча, андан сырткары күзөт агенттигине 200 миң доллар төлөнгөн. ГЭСтерди курууну мактап-жактап жарнамалоо үчүн 50 миң долларга жакын каражат кеткен жана 10 жүк ташуучу унааны сатып алууга 1 миллиондой доллар жумшалган.

Депутаттык комиссиянын жыйынына “Жогорку Нарын ГЭСтери” ишканасынын башкармалыгынын кыргыз тараптан шайланган мүчөсү Чоробек Акунов гана катышты жана кеткен чыгымдар боюнча документтер ишкананын деректирлер кеңешинин уруксаты жок берилбей турганын билдирди. Анын айтымында, күмөндүү жагдайлар боюнча былтыр октябрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Коррупцияга каршы күрөш кызматына кайрылышкан:

- Шек жараткан көп нерселерди Коррупцияга каршы күрөш кызматына бергенбиз. Бул кызмат текшерген, бирок биз жыйынтыгын алган жокпуз. Мисалы, жумушчулар шаарчасы боюнча чынында эле күмөн саноо болгон. Жеке менде күмөн саноо болгон.

Дагы бир кызык жагдай тендер өткөргөн комиссияларга байланыштуу болууда. Эки комиссиянын бирөө толугу менен орусиялык өкүлдөрдөн, экинчисинде да мүчөлөрдүн басымдуу бөлүгүн орусиялыктар түзгөн. ГЭСтердин айланасындагы жагдайды, жаңы инвестор табуу, 37 миллион долларлык чыгымды төлөп берүү маселелерин өкмөт жабык талкуулады. Энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев чыгымдар боюнча өкмөт өзү да мекемелер аралык комиссия түзөрүн билдирди:

Айбек Калиев
Айбек Калиев

- Биз тапшырма берип болгон документтердин баарын алдыртабыз. Текшерүү ачык- айкын болушу үчүн орус тараптан да өкүлдөрдү кошобуз. Чыгымдарды эсептөө боюнча көз карандысыз баалоочуларды жалдайбыз. Мисалы, бетон заводу канча турат, жумушчулар шаарчасы канчага курулган жана башка жабдуулар канчага алынган, баарын тактайбыз. Арзан болгонун, кымбат болгонун баарын тактап туруп, орус тарапка билдиребиз.

Нарындагы ГЭСтерди курууга 700 миллион доллар сарпталары айтылган жана ушул күнгө чейин жалпы иштин жети пайызы гана аткарылганы маалымдалган. Быйыл жыл башында расмий Бишкек кыргыз-орус өкмөттөрүнүн ГЭСтер боюнча келишимин бир тараптуу денонсациялагандан кийин курулушка кеткен чыгым 37 миллион доллар деп эсептелген. Бул коомчулукта талаш-тартыш жаратып, парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG