Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:52

Нарын: айдоочулардын чыры басыла элек


Бишкек-Торугарт жолу.
Бишкек-Торугарт жолу.

Бишкек-Торугарт жолунда Кытайдан жүк ташып иштеген дунган тектүү айдоочулар жумушсуз калды.

Эки-үч жума мурда кыргыз жана дунган айдоочуларынын ортосундагы келишпестик тереңдеп, арты мушташууга чейин жеткен. Бул окуядан кийин дунган айдоочулары жүк ташууну токтотууга аргасыз болушкан.

Кыргызстандык дунган тектүү жарандардын Бишкек-Торугарт жолунда жүк ташыбай калганына бир айга чукулдап калды. Нарын шаарынын кире беришинде жайгашкан "Кербен" жеке менчик бажы терминалынын жетекчиси Муса Жусаевдин айтымында, эки тараптын мушташынан кийин бир нече жолу айдоочулар арасында сүйлөшүү жүргөн. Бирок андан эч кандай майнап чыккан эмес, кыргыз айдоочулары дунган улутундагылар каттабасын деген талапты карманууда.

Муса Жусаев кыргыз айдоочулардын талабын туура эмес деп эсептейт. Бирок улут аралык кагылышуу чыгып кетүүcүнөн кооптонуп, азырынча дунгандар каттабай эле турганы оң деген пикирде:

- Азыр дунгандар каттаган жок. Биз да эки жак менен сүйлөшүп жатабыз, эми дунгандар катташы керек. Бирок кыргыздар такыр болбой жатышат, эми эл деген эл экен. Азыр убакыт өтүп, токмок жегендер айыгып чыкса дагы сүйлөшөбүз. Бирок азыр эки жакты тең козуткан күчтөр болуп жатат.

Дунган улутундагылар каттабасын деген Таалай аттуу айдоочу буларды айтты:

- Алар менен сый мамиледе иштеп жүргөнбүз. Анан алар көбөйө баштады. Бизди сыйлабайт, тилди укпайт, түшүнбөйт. Биз көп жолу эскерткенбиз. Бизди сыйлабай жатышат.

- Кантип сыйлаш керек эле?

- Такыр түшүнбөйт, сөзүн билбейсиң. Кытайга кирет, кытайча билишет. Биз кезекте турсак, алар өмүрү кезекте турбайт. Кытайлар менен сүйлөшө койот. Тил билишет да, анан тиги жакта фирмалар бүт эле кытайлар да. Кээде акча бере койот деп угуп жатабыз, анан арзан баада жүктөп кетишет. Биз жалдырап турабыз. Токтоткула деп канча айттык. Болбой койду, анан акырында уруш чыкты.

Жеке ишкер Автандил Молдосалиев бизнесте атаандашуудан өсүү болот дейт. Андыктан бул жагдайда улутуна карап бөлүнүү деген туура эмес, “кимге суроо-талап көп, ошонун ити чөп жейт” дегендей эле кеп.

- Бизнесте бул боло берет. Шарты жакшыга барасың да. Дунгандардын машинеси жакшы, жоопкерчиликтүү, ичпейт. Кыргыздарды “баран” деп тоготпой, кезексиз кирип жатканы нааразы кылууда. Такыр эле дунган кирбесин деген болбойт. Сүйлөшүү керек.

Бул маселе боюнча “Торугарт” мамлекеттик бажы кызматынан пикир алууга мүмкүн болбоду. Нарын облусундагы бөлүмү “биз жооп бере албайбыз" деп, Балыкчы шаарындагы башкармалыгына кайрылууну сунушташты. Бирок облустук бөлүм берген телефон аркылуу байланышуу мүмкүн болгон жок. Ал эми Нарын милициясынын басма сөз кызматы “Торугарт” көзөмөлдөө өткөрмө бекетинде чыккан чатакка байланыштуу эки адамга Кылмыш-жаза кодексинин "ээнбаштык" беренеси боюнча иш козголгонун билдирди.

Өкмөттүн облустагы өкүлү Канатбек Муратбеков бул маселе жакынкы күндөрдө чечилет деп ишендирүүдө:

- Учурда дунган улутундагы айдоочулар кире элек. Бирок биз сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Ынтымакта иш алып барып, дунгандар кире баштайт деп ойлойм.

Күбөлөрдүн айтымында, октябрь айынын орто ченинде дунган жана кыргыз улутундагы айдоочулар кезек талашып уруша кетип, арты мушташка айланган. Анда 3 кыргыз айдоочу таяк жеген.

Кийинки мушташ Бишкек-Торугарт жолунун Ат-Башы аймагында 200дөй кишинин катышуусунда уланып, анда элүүдөй дунган таяк жеп, унаалары талкаланган. Бул чатакты жөнгө салуу үчүн ноябрь айында дунган-кыргыз айдоочулары "Кербен" жеке менчик терминалына чогулуп, бирок ал жерде дагы чатак ырбап, милициянын кийлигишүүсү менен токтогон. Ошондон бери дунган айдоочулары Бишкек-Торугарт жолунан жүк ташууну убактылуу токтотууга аргасыз болушкан.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG