Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:42

Нарын: "хизбутчу" делген адам соттолду


Нарын шаардык соту тыюу салынган "Хизб-ут Тахрир" уюмунун активдүү бир мүчөсүн улуттук, расалык, диний жана аймактык араздашууну козуткан деген айып менен жети жылга эркинен ажыратты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча “улут аралык, диний, расалык жана аймактар аралык кастыкты козутту" деген айыптын негизинде 37 жаштагы Бакыт Жумадилов күчөтүлгөн тартипте жети жылга кесилди.

Ал 2011-жылдан бери издөөдө жүрүп, быйыл 25-июнда Бишкек шаарынан кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынын өкүлү Тилек Чокморов:

- Ушул жылдын 18-сентябрында Нарын шаардык сотунун чечими боюнча Кыргызстанда тыюу салынган "Хизб-ут Тахрир" диний экстремисттик уюмунун мүчөсү, 37 жаштагы Жумадилов Бакыт жети жылга эркинен ажыратылды.

Экстремисттик деп таанылган бул уюм Нарында өз катарына мүчөлөрдү көп тарта баштагандыгы тууралуу маалыматтар буга чейин эле айтылып келген. Маселен, Нарын шаарынан "Хизб-ут Тахрир" уюмунун аймактагы активдүү үч мүчөсү кармалган. Алар мектепте, шаардык жылуулук ишканасында, облустук акимиятта иштеп жүрүшкөн. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматында, облус боюнча тыюу салынган диний уюмдун 29 мүчөсү каттоодо турат.

Облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкери Арслан Жусупжанов мындай көрүнүшкө каршы күч органдары менен жергиликтүү бийлик бирге күрөшүүсү жана дин кызматкерлеринин диний билимин жогорулатуу керек дейт. Анын айтымында, азыр мечиттерде ислам дининин багыттарын айырмалай албаган имамдар көп.

- Айыл өкмөт жана бийлик органдары биз менен бирге иш алып барса дейт элем. Себеби жалгыз милиция жана УКМКнын күчү кээде жетпей калат. Жер-жерлердеги имамдардын сабатсыздыгынан ушундай уюмдардын мүчөлөрүнүн көбөйүшүнө шарт түзүлүп жатат.

Жусупжановдун ишендиргенине караганда, экстремисттик уюмга адашып кирип алганын айтып, кайра чыгып кеткендер да бар.

Анткен менен ысымын купуя калтырууну каалаган жергиликтүү тургун мүчө болбой туруп, бул уюмга жан тарткандар бар деген ишенимде:

- Эми колдойт деп айта албайм. Бирок алардын ишин туура деп эсептегендер бар. Алардын кылганы жакшы эле. Болгону исламды айтат.

Дин иштери боюнча долбоор менен иштеген “Нур жол бер” коомдук уюмунун жетекчиси Сүйүн Жумалиева мечит жана медреселердин ишмердүүлүгүн тыкыр көзөмөлгө алып, алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл дейт. Анын айтымында, соттоп салуу оңой, бирок бул жол аркылуу маселе чечүү татаал.

- Биз бул боюнча иш жүргүзүп келебиз. Мечиттердин көбүн кыдырдык, көбүнүн иш кагаздары жок. Анан ал жерден эмнени окутуп жатканын ким билет? Бул уюмдар да социалдык жактан аз камсыз болгон аймактарга көп барат экен. Мисалы, Жумгалда көбөйүп жатат.

Ислам халифатын куруу идеясы менен белгилүү “Хизб-ут Тахрир” уюмуна Кыргызстанда 2004-жылы расмий тыюу салынган. Бул уюмдун Кыргызстанда канча мүчөсү бар экени тууралуу такталган маалымат жок.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG