Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:43

Нарымбаевдин сотунда президенттин аты аталды


Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазов менен президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевдин коррупциялык ишине байланыштуу сот отуруму уланды.

Сотто айыпталуучу Хажимурат Коркмазов Нарымбаев Бишкектин мурдагы мэри, азыр абакта отурган Нариман Түлеевдин мүлктөрүн камактан чыгартуу үчүн 200 миң доллар пара талап кылганын айтты.

Хажимурат Коркмазовдун айтымында, ал Нарымбаевдин Түлеевдин кызынан 50 миң доллар пара алышына ортомчулук кылган.

- Бул акча Жогорку Соттун төрагасынын ошол кездеги орун басары Канатбек Турганбековго бир жолу телефон чалуу үчүн керектигин айтты. 50 миң долларды мага Назгүл Түлеева алып келип берген, мен аны Данияр Нарымбаевге алып барып бердим. Мен Түлеевдин жакындары менен Нарымбаевдин ортосунда ортомчулук кызматты аткаргам.

Коркмазов кошумчалагандай, Нарымбаев Түлеевдин соттук ишин алардын пайдасына чечип берүү үчүн алгач 50 миң доллардан эки ирет жана 100 миң долларлык үй беришин талап кылган.

Хажимурат Коркмазов сот отурумунда атайын билдирүү жасап, аны Нарымбаевдин адвокаттары "каршы көрсөтмөңдү өзгөрт" деп коркутуп жатканын билдирди. Ушундан улам ал Нарымбаевдин жана анын жактоочуларынын суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.

Өз кезегинде Данияр Нарымбаев Түлеевдин иши боюнча Коркмазов ага бир нече ирет кайрылганын тастыктап, бирок ал үчүн эч кандай пара албаганын айтты. Ал Коркмазовдун айткандарынын баары жалган деп жокко чыгарды.

- Түлеевдин мүлктөрүн камактан чыгаруу боюнча мага анын иниси Нарынбек Түлеев да кайрылган. Мен баарын мыйзам чегинде сот чечерин айткам. Кийин Коркмазовдун ортомчулугу менен Назгүл Түлееваны ошол эле маселе боюнча кабыл алдым. Сүйлөшүүгө Чыныбай Турсунбеков да катышкан. Мен эч кандай пара талап кылган эмесмин. Акча алды деген сөз болбогон жалаа.

Президенттин экс-аппарат башчысы Түлеевге байланышкан маселелерди өз убагында президентке жеткирип турганын, Атамбаев Түлеев андан ырайым сураса болорун айтканын кошумчалады. Анын ишендиришинче, Турсунбеков өлкө башчынын макулдугунун негизинде Түлеевдин кызы менен болгон сүйлөшүүгө аралашкан.

15-октябрдагы сот отурумунда иш боюнча маанилүү күбөлөр сурак берген. Сот алдында КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нургазы Айдаров жана Жогорку Соттун мурдагы төрага орунбасары Канатбек Турганбеков суралган.

Турсунбеков Түлеевдин мүлкүнө байланышкан маселеге анын жердеши катары, Айдаров болсо досу катары аралашканын билдирген. Турганбеков Назгүл Түлееваны Нарымбаевдин өтүнүчү менен кабыл алып сүйлөшкөнүн, бирок эч кандай убада бербегенин айткан.

Нарымбаев: Атамбаев Түлеев ырайым сураса болорун айткан
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:52 0:00

Ушул жылдын 15-июлунда Коркмазов абактагы Нариман Түлеевдин мүлктөрүн Жогорку Сот аркылуу камактан чыгартууга ортомчу болуп, Түлеевдин жакындарынан 200 миң доллар пара талап кылып, анын 100 миңин алып жаткан жерден кармалганы кабарланган. Кийин ал бул параны Нарымбаев талап кылганын айтып чыккан.

Жемкорлукка шектелген президенттин мурдагы аппарат жетекчиси Нарымбаев болсо 22-июлда УКМКнын тергөө абагына камалган.

XS
SM
MD
LG