Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

Мургабдан көчүп келгендердин муң-зары


Тажикстандан Баткендин Кызыл-Кыя шаарына көчүп келген кыргыздар жерге жетпей жатканына даттанууда.

Алардын айтымында, өкмөт бул маселе чечилерин убада кылганы менен эч кандай өзгөрүү жок. Ал эми өкмөт өкүлдөрү болсо быйыл августта алар жер менен камсыз болорун жана жарандык алган этникалык кыргыздарга материалдык жардам көрсөтүлүп жатканын билдирүүдө.

Камалдин Сатыбалдиев Тажикстандын Мургаб районунан үй-бүлөсү менен 2010-жылы көчүп келген. Киндик каны тамган жердин катаал жаратылыш шартынан кыйналган жана балдарынын келечегин Кыргызстандан көргөн бул журтташыбыз Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан турак тапкан:

- Кыргызстан экономикалык жактан кыйналып турганын көрүп турабыз. Эч кимге жүгүбүздү артып, милдет кылгыбыз келбейт. Бирок жер берилсе өз тиричилигибизди тартып кетет элек. Мен унаа токтоочу жайда иштейм, аялым идиш-аяк жууйт, уулум болсо цемент ташыйт. Мургабчылар негизинен ушундай эле кара жумушта иштешет. Биз өзүбүз батирде турабыз.

Этникалык кыргыздардын “Сарыкол” бирикмесинин жетекчиси Мамиражаб Кадыровдун айтымында, Кызыл-Кыя шаарында турган 120дай үй-бүлө ушундай абалда жашап жатат. "Өкмөт жер берилет деп убада берген, азырынча бериле элек, анын үстүнө көчүп келгендердин үй курууга каражаты жок, мамлекет көмөктөшсө жакшы болмок эле"- деп кошумчалайт ал.

Бирок өкмөт өкүлдөрү этникалык кыргыздарга жардам берилбей жатат деген кинеге макул эмес. Өкмөт аппаратынын Баткен облусу боюнча бөлүмүнөн кабарлашкандай, Кадамжай районунун Бүргөндү аймагындагы жерге сугат каналы жана жарык орнотулгандан кийин 120 үй-бүлөгө жер тилкесин бөлүп берүү ушул жылдын август айына пландалган.

Өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым өкүлүнүн биринчи орун басары Карамат Орозова аталган үй-бүлөлөр догдурга бекер кайрылып жатканын, жарандык алгандарга насыя жана жөлөк-пулдар берилгенин, калгандарына жарандык берүүгө көмөктөшүп жатышканын айтты.

- Аларга финансылык жардам же кредит бериш үчүн биздин мыйзам боюнча жарандык алыш керек. Көптөрү "Кайрылман" макамында жүрүшөт, он чактысы эле жарандык алышты. Ошол үчүн алар өздөрү документтерди толук тапшырышы керек. Биз учурда аларга жарандык берүү боюнча көмөктөшүп жатабыз. Жарандык берилсе, жакынкы күндөрү ссуда, кредит, жөлөк пул жана жерге ээ боло алышат.

Өкмөт аппаратынын Баткен облусу боюнча бөлүмүнүн маалыматына таянсак, учурда облус аймагында 425 этникалык кыргыз жашайт. Анын 36сы Кыргызстандын жарандыгын алган, дагы 59у жарандык алууну күтүүдө, 186сы чет жактан көчүп келгендер үчүн атайын "Кайрылман" макамын алган, 239у ошол макамды алуу үчүн кайрылган.

Этникалык кыргыздар Кыргызстанга массалык түрдө 1991-жылдан тарта көчүп келе баштаган. Алардын басымдуу бөлүгү Тажикстандан келип, өлкөнүн ар кайсы аймактарына отурукташкан.

XS
SM
MD
LG