Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:03

Жылкы уурдады деген жаран таяктан каза тапты


Сүрөттүн макалага тиешеси жок.
Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

Сузак районунун Калма-Кырчын айылынын тургуну Асылбек Юсубалиев мал уурулукка шектелип, айылдаштарынын токмогунан улам каза тапты. Аны менен бирге Кара-Кулжа районунун тургуну да сабалган.

Учурда кылмышка шектүү 7 адам камакка алынып, Сузак райондук соту аларды 2 айга камоо чечимин чыгарды.

Сузак районунун Калма-Кырчын айылынын тургуну Жолой Мамбеталиев менен бирге 7 адам азыр Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында кармалууда. Кара-Кулжа районунан жылкы уурдап келди деген жаранды алгач Сузактан Жолой Мамбеталиев кезиктирип, айылдаштарына кабар берген. Окуянын жүрүшүн ал төмөнкүчө айтып берди:

- Балам менен чоочун жигит сүйлөшүп турган экен. Мен андан шек санадым. Бир маалда өзү Кара-Кулжа районунан экенин, сата турган жылкысы барын айтып алды. Мурда жылкы жоготконубуз үчүн ууру экенин сездим. Анан биздин айылдан ким менен тааныш экенин алдап сурасак, айылдашыбызды сүрөттөп берди. Анан мен башка кишилерди телефон аркылуу чакырттым. Аңгыча Кара-Кулжадан жылкысын жоготкон адам да келип калды.

Айылдыктар уурулукка шектүү каракулжалык Бекен Базарбаевди ага шерик деп айтылган ошол айылдын тургуну Асылбек Юсубалиев менен беттештиргени алып келишет. Ал арада Кара-Кулжа районунан жоголгон жылкынын ээси келип, экөөнү тең кыйноого алганын аты-жөнүн атагысы келбеген жигит айтып берди:

- Асылбекке колум тийген эмес. Ууру деген жигитти алып келип беттештирген кезде карап тургам. Ал жигит Асылбек аке менен шерик болуп, мурда-кийин биздин айылдан жылкы уурдап жүргөнүн айтып берген. Бирок Асылбек аке күнөөсүн моюнуна албагандыктан жылкысын жоготкон каракулжалык жигиттин ачуусу келип, аркан менен аны кыйноого алган. Биз сарайдан чыгып кеткенбиз. Бир убакта кирсек, Асылбек аке жерде жаткан экен. Анан эле милиция чакырып, ооруканага алып барганда каза болуп калыптыр. Эми биз уурулугун билсин деп ойлогонбуз, өлүп калат деп күткөн эмеспиз.

Кыйноого кабылган Асылбек Юсубалиев 8-июль күнү ооруканага жеткирилип, операция учурунда көз жумган. Анын агасы Кубанычбек Исаев укук коргоо органдарына ишеним артып, күнөөлүүлөр жазасын толук алат деген үмүттө:

- Иним мурда соттолгон эмес, кыйнаганда уурулукту моюнуна албаптыр. Ошого карабай бутун аркан менен чырмап, муундарынан кан өткүс кылып кысып салышкан. Ооруканага келгенде дарыгерлер эки бутун тең кесишти, анан операция жасап жаткан маалда өлүп калды. Сот териштирип, инимди өлтүргөндөргө өз жазасын бериши керек деп ойлойм. Бөөдө 6 бала жетим калды.

Окуя катталган күндүн эртеси аталган райондун 7 тургуну тергөөгө чакырылып, ошол эле күнү камакка алынган. Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 3 күн мурда райондук сот кармалгандардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, 2 айга чейин абакта калтырды. Райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Муктарбек Калыев буларга токтолду:

- 7 жарандын баарын шектүү катары кармап, Жазык процессуалдык кодекстин 94-беренесинин негизинде сотко алып барып, 2 айга камоо санкциясын алдык. Азыр иш тергөөгө берилди, анын кызыкчылыгы үчүн азыртан бир маалымат айтууга болбойт. Ал эми уурулук кылган каракулжалык атуулду ошол райондун милициясы келип алып кеткен, анын абалы дурус эле. Жоголгон жылкы ошол аймактан болгондуктан ишти алар териштирип жатат.

Ал эми маркумду кыйноого алган Кара-Кулжа районунун жашоочусунун аты-жөнү такталып, азыр кармоо аракеттери жүрүп жатканы белгилүү болду. Муктарбек Калыев берки жарандар эмнеге камалганын мындайча түшүндүрдү:

- Булар деле айтып жатышат, өлтүрөлү деген оюбуз жок болчу, эгер ууру экенин моюнуна алса милицияга тапшырмакпыз деп. Бирок ошончо сабап жатканда, бирөө да кой дегенге жараган эмес. Эмнеге милицияга дароо өткөрүп беришпейт, бизге ишенбесе прокуратура бар да. Ошол себептүү баарын камакка алдык. Ал эми маркумду кыйноого алган Кара-Кулжа районунун тургунун азыр кармоо аракеттери жүрүп жатат. Ал өзү да сезип, жайлоого качып кетиптир деп жатышат. Бул багытта да аракеттер көрүлүүдө.

Статистикалык маалыматтарга караганда, Жалал-Абад облусунда жыл башынан бери 400дөн ашуун мал уурдалып, малчылар 9,3 млн. сомдук чыгым тарткан. Уурдалган малдын 185и өз ээлерине кайтарылган.

XS
SM
MD
LG