Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

Тасма чыры басыла элек


"Бир дүйнө" фестивалынан бир көрүнүш
"Бир дүйнө" фестивалынан бир көрүнүш

Бишкек шаарынын район аралык соту “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоочу уюмдун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын да, УКМКнын да тарабын колдогон жок.

Сот Исмаилова бул экстремисттик деп таанылган тасманы кинофестивалда көрсөтүүгө уруксат берсе, Жаза кодекси боюнча жоопко тартылат деген УКМКнын кызматкеринин эскертүүсү сотто каралууга негиз боло албайт деп чечти.

Мындай өкүм менен макул эмес экендигин билдирген Төлөйкан Исмаилова УКМКнын эскертүүсүн жокко чыгаруу үчүн эми Бишкек шаардык сотко кайрылаарын айтты.

- Бул фестивал жабык жерде болду да - "Манас" кинотеатрында. Каалаганы келет, каалабаганы тышта турсун, келбесин, көрбөсүн. Көргөндү каалагандар эч кимди зордоп, үгүт жасаган жок да.

28-сентябрда Бишкекте Исмаилованын уюму уюштурган “Бир дүйнө” даректүү тасмалардын фестивалында “Мен кумса жана мусулманмын” аттуу тасма көрсөтүүдөн алынган. УКМК бир катар мусулман уюмдардын кайрылуусуна таянып, тасманы экстремисттик деп таап, Исмаилова аны көрсөтсө, тиешелүү берене боюнча жоопко тартылат деген эскертүү жиберген. Ошол эле күнү Башкы прокуратуранын кайрылуусу менен Биринчи май райондук соту бул тасмага өлкө боюнча тыюу салган.

Мароккодогу эки баланын сүйүүсү көрсөтүлгөн бул тасмага Кыргызстандагы мусулман коомчулугу каршы чыгып, кинофестивалдын уюштуруучулары сынга алынган эле.

Атайын кызматтардын басма сөз катчысы Нурлан Токталиев “мамлекет ислам динин үстөмдүк кылган жок жана укук коргоочу УКМКнын эскертүүсүн сотто жокко чыгарууга укугу бар” деп айтып, Коопсуздук комитети өзүнүн чечими менен жаңжалды токтотту деген ойдо.

- Фестивал учурунда бул фильм чуулгандуу болуп кетпедиби, маалымат коомчулукка тарады. Жергилиликтүү эл, мусулмандар ушуга нааразы болушту. Массалык башаламандык, улут аралык жаңжал болуп кетпесин деп мыйзам чегинде ушундай кадамга барганбыз.

Тасмага каршы чыккан уюмдардын бири - “Дин, укук жана саясат” борбору. Анын өкүлү Данияр Мурадыловдун айтымында, ислам гомосексуалдык мамилеге каршы болгондуктан “Мен кумса жана мусулманмын” тасмасы бул динге шек келтирип, мусулмандардын сезимин басмырлап жатат.

- Ар бир коомдун өзүнүн салттуу түшүнүгү бар да. Эми бул Европа өлкөлөрүндө болуп жатса, ал жакта бул норма. Бул жерде гомосексуалдык коомдун оюунун тышында болсо, ошондо реакция болуп атат. Бирок уюм сырттагы маданиятты бул жакка алып келип киргизем десе, ал да туура эмес болуп жатат. Эми эркиндик деп, коомдун ортосунда жаңжал салуу да туура эмес.

Ошол эле учурда 2011-жылы өткөн “Бир дүйнө” фестивалында Ооганстандагы бачабаздык тууралуу тасмага тыюу салынган эмес. УКМКнын өкүлү Нурлан Токталиев ал тасмага коомчулук тарабынан каршылык болбогону менен түшүндүрдү.

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова УКМКнын эскертүүсүн жокко чыгаруу үчүн эми 10 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотко кайрылса, ушул эле тасма боюнча 5-декабрда Биринчи май райондук соттун өкүмүн да жокко чыгаруу боюнча алгачкы сот жыйын болот. Тасмага каршы чыккан уюмдар эгер сот “Мен кумса жана мусулманмын” фильмин өлкөдө көрсөтүүгө уруксат берсе, анын чечимин жокко чыгаруу боюнча жогорудагы сотторго кайрылаарын билдиришти.
XS
SM
MD
LG