Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Кыргызстандагы эң кооз мечит


Караколдогу дунган мечити
Караколдогу дунган мечити

Караколдогу азыркы борбордук мечит кезегинде Кытайдан куугунтуктан качып келген дунган жамааты тарабынан тургузулган.

Борбор Азияда Европадагы кылымдардан бери турган асман тиреген чиркөөлөрдөн кем калышпаган мечиттер шөкөттөлүп курулган.

Алардын эң мыктылары Самарканд менен Бухарада, мындагы мечиттерди бүт дүйнөдөн көргөнү жылына жүз миңдеген адам келет.

Мечит араб жазуусу менен катар буддисттик элементтер менен да кооздолгон
Мечит араб жазуусу менен катар буддисттик элементтер менен да кооздолгон
Ал эми Кыргызстанда эң кооз мечиттердин бири Караколдогу дунган мечити болуп саналат.

Орозо айында "Азаттыктын" кабарчысы баш бакканда, бул мечитке намазга келген момун мусулман Абдулла мындай деди:

please wait

No media source currently available

0:00 0:01:29 0:00
Түз линк

Кыргызстанда бүгүн мечиттердин көбү бир-бирине окшош салынууда
Кыргызстанда бүгүн мечиттердин көбү бир-бирине окшош салынууда
Ысык-Көлдү айланып көрсөңүз ар бир айылда бирден жаңы мечит түшкөнүн көрөсүз.

Бир караганда, бүгүн мечиттерде гана акча бар экен деген ойго кетесиз, себеби шаар-кыштактарда алардан башка жаңы салынган, же жаңыланган имараттар жокко эсе.

Бирок ал мечиттердин көбү бир үлгүдө, бозгулт түскө боёлуп, томолок чатырлары жалтырак калайдан салынган.

Ал эми Караколдун борбордук мечити жалаң жыгачтан салынган. Минареттин ордунда кытайлык пагода шаңкаят. Ар түрдүү түскө боёлген көркөм мечит 1901-жылы бир да мык кагылбастан, кытайлык архитектор тарабынан, төрт жылдык даярдыктан кийин үч айдын ичинде бүткөрүлгөн.

Дунган мечитиндеги момун мусулмандар
Дунган мечитиндеги момун мусулмандар
Имараттын ичинде жана сыртында арабча жазуулар менен катар дунгандардын исламга чейинки түшүнүктөрүн чагылдырган гүлдөрдүн жана от дөңгөлөктүн сүрөтүн көрө аласыз.

Караколдогу дунган мечити тууралуу дүйнөлүк саякат китептеринин ар биринде жазылган, ошондуктан бул жакта чет элдик туристтердин аягы үзүлбөйт.

Советтик бийликтер аны 1943-44-жылдары жаптырып салып, бирок ал кийин кайра ачылган.
XS
SM
MD
LG