Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:18

Инвесторлор вице-премьерге арызданышты


Кыргызстанда эл аралык Бишкек – Стамбул – Улан-Батор аба каттамын ачуу үчүн вице-премьер-министрдин тикелей кийлигишүүсү талап кылынды.

Өкмөт башчынын орун басары Жоомарт Оторбаев 28-майда өкмөттүн жыйынында Транспорт жана коммуникация министрлигинде коррупциялык элементтерден улам “Түрк аба жолдору” компаниясы аталган каттамды ачуудан баш тартып жатканын билдирген болчу.

Кыргызстанда ондогон жылдардан бери инвесторлордон “шапке жыйноо” деген коррупциялык көрүнүш орун алып келген. Былтыртан бери коррупцияга каршы күрөш жарыяланса да, министрликтерде эски оору өкүм сүрүп жатканын серепчилер белгилешет.

Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Азаттыктагы” маегинде Бишкек – Стамбул – Улан-Батор аба каттамын ачууга Транспорт министрлиги эмнеге тоскоол болгону териштирилип жатканын билдирди. Бул маселе боюнча вице-премьер-министрге Монголиядан атайын чалып маалымдашкан экен:

- Эки-үч күн мурун Монголиянын президентинин кеңешчиси мага телефон чалды. Ал Монголиядагы Түркиянын элчисинен “Түрк аба жолдору” Улан-Баторго Бишкек эмес, Новосибирск аркылуу учарын, себеби кыргыз өкмөтү уруксат бербей жатат деген маалымат алганын айтты. Мен Транспорт жана коммуникация министрлигине чалып, бул маселени бир-эки күндө бүтүргүлө деп айттым. Ким бул каттамга уруксат бербей койгонун териштирип жатабыз. Себеби бул каттамды ачуу боюнча президенттин, өкмөттүн деңгээлинде чечим кабыл алынган. Бул чечимди министрлер сөзсүз ишке ашырышы керек болчу.

Кыргызстандын президенти Монголиянын лидери менен, 3-апрель, 2012-жыл
Кыргызстандын президенти Монголиянын лидери менен, 3-апрель, 2012-жыл
Кыргызстан менен Монголиянын ортосунда аба каттам ачуу боюнча чечим апрель айында монгол президенти Бишкекке иш сапар менен келгенде кабыл алынган эле. Вице-премьер-министр Оторбаевдин тикелей кийлигишүүсү менен алгачкы учак эми 2-июлда учканы жатат.

Маалыматка караганда, Транспорт министрлигиндеги аткаминерлер “Түрк аба жолдорунан” бекер билет берип турууну талап кылышкан.

Министр чет өлкөдө иш сапар менен жүрөт деп айтылгандыктан өзүнөн пикир алуу мүмкүн болгон жок. Министрликтеги Жарандык авиация жана суу транспорт боюнча бөлүм башчы Мамат Назаров тоскоолдуктар тууралуу билбей турганын айтты.

- Мисалы, мен каршы болгон эмесмин. Ким каршы болгонун билбейм. Азыр андай каттам жок, мен ал каттамды билбейм. Каттам башталганда аэропортко барып көрө бересиңер. Каттам боюнча биз эмес, компания өзү даярдык көрөт. Аларга уруксат бергенбиз. Муну кечээ өкмөттүн жыйынында айтканбыз. Териштирип жатабыз деп айтып жатпайбы, ошол териштирүү бүткөндөн кийин белгилүү болот.

Экономикага кыянаттык

Кыргыз бийликтери коррупцияга каршы айосуз күрөш жарыяланганын билдирген. Президент Алмазбек Атамбаев 29-декабрда маалымат жыйында инвесторлордон пара алуу көрүнүшү дээрлик тыйылып калды деген болчу:

- Жалаң эле кыргызстандыктар эмес, керек болсо башка мамлекеттен келген инвесторлор “кантип эле пара бербей инвестиция салам” деп түшүнбөй жатат. Коркуп атышат. Эгерде ошол эле парламент, өкмөт, аткаминерлер “эй, таза иштеш керек, таза иштебесек жаман болот экен, түрмөгө отурат экенбиз, таза иштесек жакшы болот экен” деп калса гана Кыргызстанда турмуш оңолот.

Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин төрайымы Нурипа Муканова мамлекеттик мекемелерде "шапке жыйноо" көрүнүшү уланып жатканын белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстандын аткаминерлери таза, ачык иштегиси келген инвесторлорду үркүтүп жатат

- Бизде таза иштебеген, “шапке” берип, салыкты бюджетке төлөбөгөн, башка сол жолдорду, чоңдордун арасында “крыша” инвесторлор калган. Ал эми таза иштеген инвесторлордун баары кеткен. Ошондуктан бизде көмүскө бизнес 70 пайызды түзөт. Алардын баары жалаң “шапке” менен жашайт. Бирок ошол “шапкеге” берген акчаны кайра кайтарып алышат. Бюджетке салык төлөбөй, же өздөрү продукцияларын, кызматын элге кымбат сатып кайтарып алышат. Ошондуктан таза инвесторлор келбей, келгендери таза иштебей биздин экономика өнүкпөй жатат.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери мындай коррупциялык көрүнүштөрдөн арыла албай келатат. Мунун айынан дүйнөгө аты бар бир катар ири компаниялар иш баштаганы келип, бирок кайра кетип калганы, андай көрүнүштөр айынан Кыргызстан жаманаттыга калганы айтылып жүрөт.
XS
SM
MD
LG