Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Улуттук кастыкты козутчу очоктор көбөйүүдө


Лейлектин Андарак айылында 29-декабрда чыккан чатакты милиция учурунда токтотуп калууга жетишти.
Лейлектин Андарак айылында 29-декабрда чыккан чатакты милиция учурунда токтотуп калууга жетишти.

Кыргызстанда этностук кастыкка түрткү болчу чыр-чатактардын жүздөн ашуун очогу бар экени айтылууда.

Бул тууралуу билдирген Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Шамил Атаханов алардын ичинен жыйырма тогузу шашылыш түрдө жөнгө салууну талап кыла тургандыгына басым жасады. Парламент комитетинин отурумунда этностук тирешүү орун алган акыркы окуялардын курчушуна жергиликтүү бийлик башчыларынын жоопкерсиз мамилеси себеп болгондугу айтылды.


Жергиликтүү бийликтин кайдыгерлиги

Баткен облусунун губернатору Бурканов жоопкерчиликсиздигин жана аракетсиздигин көрсөттү. Биздин облустук башкармалык берген шашылыш маалыматка ал алты саат бою жооп берген эмес.Шамил Атаханов

Парламенттин коргонуу жана коопсуздук комитетинде Чүй облусунун Маевка, Жаңы-Жер жана Баткендин Андарак айылдарында катары менен орун алган окуялардын себептери боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилери маалымат беришти. Өспүрүмдөрдүң чатактарынан улут аралык тирешүүгө алып келген ал окуялардын чыгышына бийликтин кайдыгерлиги негизги себеп болгондугу айтылды.

Ошондой эле атайын кызматтын жетекчиси Шамил Атаханов жергиликтүү бийлик башчыларынын курч кырдаалдарда чечим кабыл алууда мажирөөлүгүнө:

- Баткен облус губернатору Бурканов жоопкерсиздигин жана аракетсиздигин көрсөттү. Биздин аталган облус боюнча башкармалык берген шашылыш маалыматка ал алты саат бою жооп берген эмес. Бурканов бул окуяга карата тиешелүү чараларды көрмөк турсун, жалпы эле көйгөйлөрдү чечүүдөн алыс жетекчи экендигин көрсөттү. Лейлектин акими да аталган окуяга өз учурунда баа берип, ыкчам чара көрө алган жок. Окуя укук коргоо органдарынын кийлигишүүсү менен гана жөнгө салынды.

Биздин укук коргоо органдарынын жетекчилери бул маселени үстүртөн сыйпалап карап, ал туурасында ачык сүйлөгөндөн коркушат. Анан барып мына ушуга окшгон окуялар чыгып кеткенден кийин гана талкууга алып калып жатабыз. Жоомарт Сапарбаев

Бул маселе боюнча Баткен облусунун губернатору Арзыбек Бурканов менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Парламенттин коргонуу жана коопсуздук комитети өз токтомунда аталган окуяларга кайдыгер караган жетекчилердин жоопкерчилигин кароо боюнча өкмөткө сунуш киргизди. Этностук негизде жапырт мушташка алып келген аталган үч окуянын тең себептери жаштар ортосундагы карама-каршылыктан чыккан.

Жогорку Кеңештин депутаты Жоомарт Сапарбаев бийлик этностук карама-каршылыкка негиз берген окуянын чыныгы себептерин ачыктап, жөнгө салуудан чочулап келген деп эсептейт:

- Укук коргоо органдарынын жетекчилери бул маселени үстүртөн карап, ал туурасында ачык сүйлөгөндөн коркушат. Анан барып мына ушуга окшогон окуялар чыгып кеткенден кийин гана талкуулап калып жатабыз. Экинчи бир себеп – улуттар аралык мамиле жана тирешти жөнгө салуу багытында толук иликтенип, иштелип чыккан мамлекеттик концепциянын жоктугунда. Андарактагы же Жаңы-Жердеги окуяны алсак, чыныгы себептери такыр башкада. Биз мына ошол карама-каршылык жаратып жаткан жагдайларды жашырбастан, аны чечүүнүн жолдорун издесек маселени чечүү бир аз болсо да жеңилдемек. Биринчи дарт аныкталганда гана аны дарылоонун жолу табылат.


“Көшөгөгө катылган” көйгөйлөр

Жаш балдар эки тарап болуп алып урушуп кеткендиги бул жанагы чыга албай турган көз эле – чыгып кетти өзү эле дегендей эле нерсе. Окуянын чыныгы себептери тереңде... Бакыт Алымбеков
Жыйында социалдык теңсиздиктен улам келип чыккан басмырлоолор аягы барып, улуттук мүнөздөгү тирешүүгө жеткирип жатканы да айтылды. Буга учурунда жер-суу ресурстарынын акыйкат бөлүнбөй калгандыгы жана аларды кайра бөлүштүрүүгө умтулган экинчи бир тараптын көксөөсү себеп болуп жаткан экен.

Ички иштер министринин орун басары Бакыт Алымбеков этностук тирештердин анык себептери аныкталганда гана карама-каршылыктарды жөнгө салууга болоорун эске салды:

- Жаш балдар эки тарап болуп алышып урушуп кеткендиги бул "чыга албай турган көз эле – чыгып кетти өзү эле" дегендей эле нерсе. Ал эми окуянын чыныгы себептери тереңде. Бул мына ошол аймактардагы социалдык-экономикалык маселелер чечилбей, акыры толуп-ташып жаткандыгынан кабар берет. Жер талашпы, же суу талашпы – мына ошонун бардыгы учурунда туура чечилгенде мындай көйгөйлөр чыкмак эмес. Кээде жөн эле чарбалык маселе курчуп отуруп, улуттук тирешке айланган учурлар бар.

Баткендин Андарак айылындагы этнос аралык кагылышты тутандырууга жасалган аракет боюнча он адамга иш козголгон. Ал эми Чүй облусунун Жаңы-Жер айылындагы окуяга байланыштуу беш адам кармалган.

Парламент комитетинин жыйынын соңунда этностук араздашууларга өбөлгө болгон жагдайларды жөнгө салуу боюнча шашылыш сунуштарды иштеп чыгуу жагы өкмөткө тапшырылды.


Сүрөтбаян: Андарактагы чатактан кийин, 30-декабрь, 2011

XS
SM
MD
LG