Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:24

Өкмөт Жерүйгө инвестор издей баштады


Өкмөт Кыргызстандагы экинчи кирешелүү алтын кени саналган Жерүйдү ишке киргизүүнү көздөөдө. Жаңы компания издөө аркылуу өкмөт тобокелчиликке барып жаткан жокпу?

“Азаттыктын” ушул темадагы "Арай көз чарай" талкуусуна Геология жана жер байлыктары боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Наби Эшназаров, Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев жана “Жер байлыгы - эл бийлиги” коомдук уюмунун төрагасы Бакыт Сейталиев катышты.

“Азаттык”: Өкмөт башчы Таласта болгон учурунда эки ай аралыгында Жерүй алтын кенин иштетүүгө конкурс жолу аркылуу компания тандалып алынаарын жарыя кылды. Алды менен тактап алалы, конкурс өткөрүү комиссиясы качан түзүлөт, кандай тартипте өтөт?

Наби Эшназаров: Комиссия түзүү боюнча азыр камылгалар көрүлүп жатат. Комиссия өкмөт башчынын буйругу менен бекитилет. Ага азыр даярдыктарды көрүп атабыз? Ал тармактар аралык болуп, ага Талас облусунан да сөзсүз өкүлдөр кирет. Ачык-айкын эле болот. Бардык тиешелүү министрликтерден киришет. Парламенттен да кириши мүмкүн.

“Азаттык”: Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Жерүй кенин иштетүү укугу кеминде 100 млн. долларга бааланат деди. Бул кандайча эсептелген нарк? Дегеле адистер өкмөт Жерүй аркылуу инвестордон алдын ала көбүрөөк акча алууну, бонустун көлөмүн көбөйтүүнү көздөп жатат деп атышат. Чын эле азыркы бюджеттик тартыштыктан ушундай кадам жасалып жатабы? Же жөн эле дал келүүчүлүкпү?

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:




Наби Эшназаров: Бул эми Таластагы ири кен байлык. 100 млн. деген 100 млн. доллардан кем эмес дегенди түшүндүрөт. 500 млн. долларга чейин барышы мүмкүн. Бул сатылат дегенди билдирбейт. Кен байлык сатылбайт. Конкурста инвестор утуп алган болсо, ал бонусту сөзсүз төлөйт. Андан тышкары айтылып аткан сумманы кошумча катары бюджетке төлөйт. Андан тышкары салыктардын бардыгын төлөөнү улантат. Мындайча айтканда ушул кошумча каражаттар аркылуу инвестор кенди иштетүүгө укук алат.

Азамат Арапбаев: Менимче $100 млн. болжолдуу гана сумма. Өкмөттүн азыркы жүргүзүп жаткан саясаты бир аз эскирип калды. Өкмөт жоопкерчиликти мойнуна алгысы келбей атат. Негизи бул Кумтөрдөн кем эмес ири кен байлыгыбыз. Мен башкача сунуш берет элем. Азыр дүйнөгө таанымал ири компаниялар бар, маселен, орусиялык “Полис золото” сыяктуу. Өкмөт 40х49 же 50х50 форматында биргелешкен компания түзсө, сырттан келген компаниядан бир эле жолу 100 млн. алып, бир жакка жумшабай, мамлекет көп жыл пайдаланмак. Мына “Кумтөр” канча жылдан бери иштеп атат, алдыда канча жылдык божомол бар. Пайдасы болбосо сырттан келген компания иштебейт эле да. Анын үстүнө божомолдор боюнча дүйнөдөгү алтынга баа эң аз дегенде эки эсеге өсөт деп адистер айтып атышат. Ошон үчүн мен өкмөткө жанагыдай компания түзүүнү сунуштайт элем.

Бакыт Сейталиев: Буга чейинки мамлекет жетекчилеринин кылганынын кесепетинен буга чейин беш-алты компания келип, жарытылуу иштеген жок. Кийин бир компания келип куруп атканда Бакиевдин уулу Максим келди дагы, алардан “Глобал голд” деген бир ай мурун Австрияда катталган компанияга үч айдын ичинде карматып койду. Ошондойлордун айынан эл азыр деле өкмөткө ишенбей турат. Чын эле өкмөт ушу кен тармагы өнүксүн десе, Кыргызстанда иштеп аткан бардык кендерге мисал кылгыдай ачык-айкын конкурс өткөрсө, ошондо гана ийгиликке жетишет.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG