Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:45

Макмалдын майкандалган алтыны...


"Макмал" алтын комбинаты
"Макмал" алтын комбинаты

Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда жайгашкан “Макмал” комбинатында алтындын уурдалышы боюнча 12 адам иштен убактылуу четтетилди.

Бул фактыны азыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет иликтеп жатат. Ал арада “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасы комбинаттын ишин үзгүлтүккө учуратпоо, уурулукту тыюу жолдорун издөөдө. 12-октябрда уу калдыктар сакталчу жаңы жай да ишке берилди.

Тогуз-Тородо “Макмал” алтын комбинатынын иши жүрүшүп, көпчүлүк ишенген ишкананын үзгүлтүксүз иштеп турушун тилегендер көп. Райондун тургуну Сапарбек Көчөрбаев “Макмал” баштагыдай кирешелүү ишкана болбой калганы менен аймакта мааниси чоң экенине ыраазы:

- Башында комбинат бир жылда үч тоннага чейин алтын берип келген. Мына, бүгүнкү күнү ушундай акыбалга түшүп калдык. Муну деле түшүнүп турабыз. Миңден ашык жумушчу иштеп жатат, ар бир жумушчунун үй-бүлөсүндө беш-алтыдан адам болгондо эле бул комбинат канчалаган адамды багып жатат. Комбинаттан түшкөн каражат облус бюджетинин 25% жапчу. Андан сырткары Казарманга 35% түшчү. Кирешенин 65% республикага кетчү. Ошол бизге түшкөн 35 пайызды облус менен талашчубуз. Ошого да нааразы элек. Азыр эми ал абалды бүгүнкү жагдай менен салыштырып болбойт.

Кен казган техника
Кен казган техника

Кышы бою иштете турган кенди эмитен топтоп алуу максатында "Макмалда" бир жарым айдан бери жумуш токтоп турган. 30 миң тонна кен чогулгандан кийин комбинат 12-октябрдан тарта кайра иштей баштады. Бул күнү уу калдыктары сактала турган жаңы жай да пайдаланууга берилди.

"Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алмаз Алимбековдун билдиришинче, жаңы жайга 2 миллион 600 миң куб метр уу калдык батат жана аны 12 жылга чейин колдонууга болот. Жалпысынан 35 миллион сомдон ашык каражат жумшалды:

- Уу калдыктарын сактай турган жай совет мезгилинде салынган. Ал эбак эле толуп калган. 2009-2014-жылдарга чейин жаңы жай салынды. Бул чоң долбоор. Ал бүгүнтөн тарта иштей баштады. “Макмалдын” өмүрү дагы 12 жылга узарды.

1986-жылы курулган уу калдыктарын сактай турган эски жайда болжол менен 12 миллион тонна калдык жатат жана андан 6,5 тонна алтын өндүрсө болот.

Өткөн жумада Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Макмалда” бир килограммдан ашык алтындын кемип калышы боюнча кылмыш ишин козгогон. “Комбинаттын” жетекчиси Каныбек Дыйканов бул фактыны өздөрү аныктап чыкканын жана анын негизинде 12 адам иштен убактылуу четтетилгенин маалымдады:

-1 - 15-июнга чейин 15 күндүк оперативдүү маалыматтын негизинде 1 килограмм, 14 грамм алтын жетпей калган. Ушул боюнча “Кыргызалтындан” атайын комиссия келген. Маалымдама, болгон документтерди карап отуруп ошол нөөмөттө иштеген топту убактылуу жумуштан четтетип туруу тууралуу чечим чыгарышкан.

Уу калдык сактоочу жай. Тогуз-Торо
Уу калдык сактоочу жай. Тогуз-Торо

Буга чейин айрым кенчилер комбинатта план аткарылбай, чыгаша көбөйгөнүн, алтын уурдоо чектен ашканын айтып чыгышкан эле. “Макмалдын” жетекчиси Каныбек Дыйканов ушул тушта күзөтүү жакшырып калганына ишендирди:

- Азыр күзөт бөлүмүнө жаңы башчы келип, ал дагы бир топ идеяларын айтып, чогуу бир топ чаралар көрүлдү. Мисалы, комбинат ичинде алтын кете турган түтүктөрдүн баарын чыгымына карабай жаңырттык. Экинчиден, видеокамераларды көбөйттүк. Көп жерлерге жашыруун камераларды кое баштадык. Күзөтүү бөлүмүнүн кадрлары, операторлору алмашты.

"Үч күндөн кийин эле алтын жоголду"

Нурбек Азизбек уулу алтындын уурдалышына байланыштуу иштен четтетилген жумушчулардын бири. Ал 12 адамдан турган бригаданын күнөөсү жок экенин айтууда:

- Биздин тиешебиз жок болсо деле 12 балага шылтап бизди жумуштан четтетип коюшту. Ал жерде ишкананын деректири, күзөт кызматкерлер, видеокөзөмөл турат. Биз болгону жумушчу күчпүз. Алтын өндүрүү процессине аралашкан эмеспиз. Чоңдор, жаңы дайындалган команда өзү кирген. Анан үч күндөн кийин эле алтын жоголду деп чыгышты. Башында алтын толук чыгарылды дешкен, эки-үч күндөн кийин эле жок болду деп чыгышты. Биз “Кыргызалтындын” төрагасына барсак, шайлоо бүткүчө кое тургула, андан кийин жумушка киресиңер, биз УКМКга бердик деди. Биз болсо бергиле, деп айттык, биз өзүбүз да прокуратурага кайрылалы дедик. Ошентсек төрага өзү суранып токтотуп койгон болчу.

2012-жылы Башкы прокуратура "Макмалдан" 2010-2011-жылдары 160 килограммадан ашык алтын уурдалганы боюнча кылмыш ишин козгогон болчу. Бирок иш сотко жеткени, жоопко тартылгандар болгон-болбогону белгисиз бойдон калган.

"Макмалда" азыр 1,5 тоннадай алтындын кору калды жана үч жылдын ичинде ал толук казылып бүтөт. Алтын толук түгөнгөндөн кийин анын жанындагы Кылдоо кенин ачуу тууралуу долбоор даярдалып, азыр өкмөттүн кароосунда жатат.

XS
SM
MD
LG