Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:41

Пара бере албай өмүрдөн аша кечтиби?


Өз жанын кыйган Элдар Бекиевдин жесири эки баласы менен. Ноокат, 18-июнь.
Өз жанын кыйган Элдар Бекиевдин жесири эки баласы менен. Ноокат, 18-июнь.

Баткендеги бир аскер бөлүктүн эсепчиси Элдар Бекиев пара бере албай, өз жанын кыюуга барганын жазып калтырганы ачыкка чыкты.

Эки жума мурда өз жанын кыйган Баткен облусундагы бир аскер бөлүктүн каржы иштери боюнча бөлүм башчысы Элдар Бекиев Кадамжайдагы аскер прокуратурасынын тергөөчүсү сураган параны бере албагандыктан ушундай акыркы кадамга барганы тууралуу кат калтырып кеткен.

"Баламдан беш миң доллар сураптыр"

36 жаштагы Элдар Бекиев Баткендеги 30630 аскер бөлүгүндө иштечү. Анын Ноокаттагы үйүнүн мал сарайында асылып турган денесин 8-июнь күнү атасы Өмүрбек Бекиев тапкан. Уулунун жазып калтырган каты тууралуу ал буларды айтты:

Элдар Бекиевдин атасы.
Элдар Бекиевдин атасы.

- Жанын кыярдан мурда «Туугандар, мени кечиргиле! Мындай кадамга барышыма Толкунбек уулу Жигит күнөөлүү. Ал менден 5 миң доллар талап кылган. Андай акчаны таап берүүгө кудуретим жетпейт. Менин күнөөм жок»,- деп жазып кетиптир…

Өмүрбек Бекиевдин айтымында, аскер прокуратурасы уулуна жумушунда каржылык чекилик кетти деген күнөө коюшкан. Ал эмес эки күн бою эч кандай санкциясы жок эле камап коюшкан, дейт муңканган ата

- Менин билишимче, уулум өз ишин так аткарып жүрчү эле. Госпиталда дарыланып жаткан жеринен аскер прокуратурасы чакырып алып, эки күнгө камап коюшкан. Неге камады, ал жерде балама кандай кордук көрсөтүштү, мен билбейм. Анан үйгө келди. 10-июнда Баткенге кайра кетем деп жүргөн. Бирок кеткиче эле минтип асынып алды...

Элдарды эмне үчүн камашкан?

Маркумдун келинчеги Керимкан Муратбекова прокуратурага чакырылаардан мурда Элдар тиши ооруп госпиталда болгонун белгиледи. Күйөөсүн камап койгон соң күрөөгө 50 миң сом берип, эч жака кетпейт деген тил кат менен чыгарып алган экен:

- Банк аркылуу 50 миң сом которуп, чыгардым. Элдардын мага айтканы боюнча, анын эч кандай күнөөсү жок болчу. «Мени торго илип жатышат»,- деди эле…

Керимкан маркум күйөөсүн эч кандай санкциясы жок эле эки күн бою абакта кармагандыгы жана пара сурагандыгы үчүн тергөөчүнүн жоопко тартылышын талап кылууда.

Маркумдун калтырып кеткен каты.
Маркумдун калтырып кеткен каты.

- Менин оюмча, күйөөмө кылмыш козголгондон кийин гана камаш керек болчу. Элдарды күрөө менен алып чыккандан кийин, ал жакта кандай абалда болгонун сурасам, «адам өлтүргөн кишилер менен бир бөлмөдө олтурдум»,- деди. Демек, ага психологиялык жактан да сокку болгон. Ошондой кадамга барганы үчүн Жигит Толкунбек уулу жоопко тартылышын чоңдордон суранам. Менин багар-көрөөрүм өлдү. Өзүм эч жерде иштебейм. Эки баламдын келечеги кандай болот, буларды кантип багам?

Маркумдун туугандары күнөөлөп жаткан Жигит Толкунбек уулу айыпсыз экенин, Элдарды камакка алуусу мыйзам чегинде болгонун, 5 миң доллар сурады деген айыптоо ал үчүн да табышмак болуп турганын айтты. Бирок учурда иликтөө иштери жүрүп жаткандыктан, микрофонго сүйлөп берүүнү каалабады.

Элдардын өлүмү боюнча тергөө амалдарын жүргүзүп жаткан аскер прокуратурасынын тергөөчүсү Айтбек Мамытов учурда иликтөөлөр болуп жатканы, азырынча бул жаатта маалымат берилбестигин, текшерүүлөр бүткөндөн соң жыйынтыгы маалымдалаарын айтты.

Маркумдун туугандары Коргоо министрлиги менен Башкы прокуратурага да кайрылышкан. Учурда алардын жообун күтүп турушат.

Элдардын артында 4 жана 6 жаштагы уул-кызы калды.

XS
SM
MD
LG