Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

Эмгек квотасы эмдигиче бекий элек


Кыргызстанга келип иштеп жаткан чет өлкөлүктөрдү каттоого алуу жана аларга жумушка уруксат берүү иштери жөнгө салынбай калды.

Бул тууралуу билдирген парламент депутаты Абдыжапар Бегматов бул көйгөй коопсуздукка гана коркунуч келтирбестен, инвесторлорду иренжите турган коррупциянын өнүгүшүнө өбөлгө болуп жаткандыгын белгиледи.

Аткаруу бийлиги муну тышкы миграция департаменти жаңыдан уюштурулуп жатканы менен байланыштырды.

Бушайман кылган квота

Өкмөт менен парламент ушул учурга чейин 2012-жыл үчүн Кыргызстанга келип иштей турган чет элдиктерге эмгек квотасын беките элек. Мунун натыйжасында Кыргызстанда иштеп жүргөн чет элдиктердин укуктук абалы жөнгө салынбай калды. Бул көйгөй өлкөгө кирип жаткан чет өлкөлүктөрдүн так санына жана алардын ишмердүүлүк багытына көзөмөл жүргүзүүдө кыйынчылыктарды жаратууда.

Депутат Абдыжапар Бегматов маселе коопсуздукка гана коркунуч келтирбестен чет элдик инвесторлорду иренжитүүчү көрүнүшкө айланып жатканына токтолду:

- Чет элдиктерге Кыргызстанда ишке уруксат алуу жагы чечилбей жаткандыктан алардын виза маселеси дагы көйгөйгө айланды. Биздин тартип коргоо органдары бул жерде жөн эле иштебестен инвестор катары жүргөн чет элдиктерге чейин асылышып, алардын документтеринин мөөнөтү өтүп кеткендигин шылтоо кылып, туура эмес иштерге барган учурлар болуптур. Ушинтип отурсак бизге инвестор келеби?

Жылына Кыргызстандын өкмөтү он миңдин айланасындагы чет өлкөлүк жаранга эмгек квотасын бекитип келген. Адатта алардын көпчүлүгүн соодада, өндүрүштө иштеп, орто жана чакан ишкердик менен алектенгендер түзөт. Эмгек квотасынын өз учурунда бекитилбей калышы Кыргызстанда иштеген чет элдиктерден милиция кызматкерлери ири суммадагы акча талап кылган учурлар байкалган.

Мына ошондуктан Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов Кыргызстандын тышкы беделине шек келтирип жаткан бул көйгөй жакында парламенттин кароосуна койулаарын белгиледи:

- Бул жерде албетте милиция текшерүүгө акысы бар. Бирок маселе мына ошол мыйзамдык эреженин алкагында квотанын кечиктирилип жаткандыгында болуп жатпайбы. Мына ошондуктан ушундай эле жөнөкөй маселени татаалдаштырып жаткандарга чара көрүү керек. Мына ошол өкмөттүн бул багыттагы кемчиликтеринин себебин иликтөө үчүн биз бул маселени күн тартибине киргизүүнү сурап жатабыз.

Тышкы миграция департаменти өзү куралып бүтө элек

Мыйзамга ылайык, чет өлкөлүктөрдүн эмгек квотасын өкмөт карап чыгып, парламент бекитет. Бирок учурда мындай иштер менен алектенчү Миграция министрлиги жоюлуп кеткен. Анын ордуна Тышкы иштер министрлигинин алдында чакан штаттык бирдикти кармаган тышкы миграция департаменти түзүлгөн болчу.

Тышкы миграция департаментинин директору Куштарбек Айтматов чет өлкөлүктөрдүн эмгек квотасын өз учурунда бекитүүгө уюштуруу иштери тоскоол болгондугун мисал келтирди:

- Негизи чет элдиктер үчүн эмгек квотасы Ош, Бишкек шаарларынан жана жети облустан келген сунуштардын жыйынтыгында жүргүзүлөт. Биздин тышкы миграция департаментинин аймактык бөлүмдөрү түзүлбөй жатат. Мына ошолор документтерди кабыл алыш керек эле. Ал гана эмес, биздин департаменттин жалпы эле штаттык бирдиги аныкталып бүтө элек. Маселе жакын арада чечилет. Эмгек квотасын кечиктирбестен бекитүү жагы боюнча иш алып баруудабыз.

Эмгек квотасынын өз учурунда бекитилбей жатышы Кыргызстанга мыйзамсыз келип, иштеп жатышкан чет элдик жарандардын санын арбытууга өбөлгө болуп жаткандыгы айтылууда. Анткени, жергиликтүү байкоочулардын баамында, кийинки жарым жылда Кыргызстандын ири шаарларында мыйзамсыз иштеген Кытайдын, Пакистандын, Түркиянын жана Тажикстандын жарандарынын жаңы агымы пайда болгон.

XS
SM
MD
LG