Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:19

ЕАЭБ кесипкөй кадрларды азгырат


Москвадагы миграция борбору
Москвадагы миграция борбору

Быйылкы жылдын биринчи кварталында мигранттар Кыргызстанга 33 пайызга аз каражат которгон. Орусиядагы экономикалык каатчылыктан улам өлкөдөн кеткен мигранттардын саны да азайды.

Бирок Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирсе, мигранттардын саны кайра өсүшү мүмкүн деген божомолдор бар. Анын ичинде жогорку тажрыйбалуу кадрлардын да сыртка чыгып кетүү коркунучу бар.

Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту уюштурган тегерек үстөлдө миграция системасындагы иликтөөлөрдүн жыйынтыгы чыгарылды. Айрыкча Орусиянын экономикалык абалы мигранттарга да, Кыргызстанга да кесепетин тийгизди.

Жылына 2 млрд. долларга чейин каражат которуп келген мигранттардын акчасы Кыргызстандын тышкы соодасындагы үч-төрт эсе тескери сальдону жана көмүскө экономиканы кайсы бир деңгээлде жаап келет. Ал эми которуулардын 33% азайышы, калк арасында каатчылыкты жаратты. Алсак, базарларда сооданын басаңдашына, кыймылсыз мүлк баасынын түшүшүнө, унаа жана малга болгон суроо-талаптын төмөндөшүнө алып келди.

Домодедово аба майданы
Домодедово аба майданы

Атайын иликтөөнү жүргүзгөн экономист Камалбек Карымшаковдун “Азаттыкка” билдиришинче, жылдын башындагы биринчи квартал акча которууларда өзгөчө сезилди.

- Жыл башындагы биринчи кварталда акча которуулар 33 пайызга азайып кеткен, бирок апрель-май айында Орусия экономикасында жылыш болуп, акча которуулар 16,42% көрсөттү. Себеби апрель-майдан баштап Орусия экономикасында жылыш байкалды.

Натыйжада Орусияга жөнөп жаткан мигранттардын саны дагы азайды. 2015-жылдын башындагы сандар боюнча көрсөткүч 20,6 пайызга азайган. Эгерде биринчи кварталды алсак 1369 жаран Орусияга кетсе, 2338 адам Кыргызстанга келген.

ЕАЭБ мигранттарды көбөйтөт

Бирок Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирсе, мигранттардын саны кайра өсүшү мүмкүн деген божомолдор бар. Экономист Камалбек Карымшаковдун айтымында, кесипкөй адистердин да сыртка чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү жогору болгону кооптуу көрүнүш.

- Эгерде башка келишимдер кабыл алынып, биздин адистердин дипломдору ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө таанылса, кесипкөй кадрлар көбүрөөк кетет. Эгерде ал жакта социалдык пакеттер каралып, иштөөгө жеңил болсо, өлкөдө кармап кала турган факторлор жокко эсе. Ошондо бул кырдаал өлкөнүн экономикасына түз таасирин тийгизет. Себеби өзүбүздө адистер, мугалимдер, доктурлар аз болуп жатпайбы.

Орусиянын Федералдык миграция кызматынын маалыматы боюнча, 508 миң кыргызстандык Орусияда ар тармакта эмгектенип жүрөт. Айрыкча өлкөнүн түштүк аймагында миграция көрсөткүчү жогору. Баткен облусунун 35%, Оштун 22% жана Жалал-Абаддын 17% калкы өлкөдөн тыш жүрөт. Ошол эле учурда Нарында бул көрсөткүч 1% болсо, башка облуста 4 пайыздан ашпайт.

Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Алмазбек Асанбаев “Азаттыкка” билдиргендей, туруктуу жумуш орду менен камсыз кылмайынча жарандарды ички жана сырткы миграциядан сактап калуу кыйын.

Алмазбек Асанбаев
Алмазбек Асанбаев

​Ошондуктан өкмөт менен бирге облустарда өнөр жай ишканаларын куруу зарыл. Бул үчүн өлкөдө жети шаар аныкталып, жер тилкелери бөлүнгөн. Долбоор ишке ашса, кандайдыр бир деңгээлде миграцияны кармоо ойлор бар экенин Алмазбек Асанбаев айтты.

- Биз миграциялык концепциянын үстүнөн иштеп жатабыз. Токмок, Балыкчы, Кара-Балта, Баткен шаарында, Орловка айылында өнөр жай зоналарын ачалы деп жатабыз. Биз чет элдик инвесторлордун жардамы менен ишканаларды ачып, кыргызстандыктарды өлкөдө кармап калбасак, миграция күчөй берет.

Кыргызстанда ар бир бала төрөлгөндөн баштап 18 жашка толгуча мамлекет орто эсеп менен 15 миң доллардын тегерегинде акча кетирет. Мигранттар жооп иретинде жылына 2 млрд. доллардын тегерегинде Кыргызстанга которуп жатканы менен салык, жашаган акчасы, өндүргөн эмгеги жана жаран өзү башка өлкөдө калып калууда.

Иликтөөлөр көрсөткөндөй, Орусияга кеткен жарандардын көпчүлүгү ошол жакта жашап калууга аракеттенишет.

XS
SM
MD
LG