Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:29

Москва: мигрантты алдаган шылуун көп


Мигрант. Москва
Мигрант. Москва

4-март күнү Москвада жасалма документ даярдап, сатып жүргөн кыргызстандык беш киши кармалды. Алар жасаган документтерден Кыргызстандын гана эмес, КМШ өлкөлөрүнүн жарандары жабыркаган.

Отуз беш жаштагы Кутманбек Кайрыев бир нече жыл мурун Москвада иштеп жүрүп былтыр Кыргызстанга келген. Бул жердеги иштерин бүтүрүп, кайра Москвага кетейин деген кезде “кара тизмеде” болуп чыкты:

- Мен бир жолу иштен чыгып, үйгө бараткам. Метродон чыксам, эки полиция кармап, документ текшерди. Болгон документимди берсем, жумуш иштөөгө уруксат берүүчү кагазымды жасалма экен деп, полиция бөлүмүнө алып барышты. Ал жерде компьютердеги базадан карап эле, “документиң жасалма экен, депортация болосуң” дешти. Жанымда балдар бар эле, аке-жакелеп атып, үч миң рубль берсек, албай коюшту. Анан 5 миң рубль берип, кайра жасалма документимди колума алдым. Ошону менен аны унутуп, былтыр Кыргызстанга келгем. Бул жактагы иштерим бүтүп, кайра Москвага жөнөсөм, “кара тизмеде” экем. Сүрүштүрсөм, ошол жасалма “уруксат” үчүн экен. Мен ал кагазды ошо Москвадагы кыргыз балдарга жасатып алгам. Чынын айтсам, анын жасалма экенин деле билген эмесмин, таза деп айтышкан. Эми минтип кайра барып иштей албай жүрөм. Ал жакта пиццерияда иштеп кызматтан жогорулап калган элем, эми ал да жок...

Алар жасаган документтер арзан жана бат бүтөт. Каалаган дарекке каттоого тура аласыз, каалаган сүрөтүңүздү чаптап беришет. 5 миң рублдин айланасында акы алышат.
Азизбек Асабала

Орусияда мигранттар үчүн жасалма документ даярдап, шугулданган топтор арбын экени айтылып келет. Жакында эле эмгек мигранттары үчүн жасалма документтерди даярдаган кылмыштуу топ Орусиянын күч кызматтары тарабынан кармалган. Алар Москвадагы кыргыз элчилигине жакын жерде иштеп, туулгандыгы тууралуу күбөлүккө тиркеме, нотариалдык документтерди, кайрылман тууралуу күбөлүктөрдү жасап, сатып келишкен.

Кармалган топтун жасалма мөөрлөрү
Кармалган топтун жасалма мөөрлөрү

Москвадагы кыргызстандык мигрант Азизбек Асабаланын айтуусунда, акыркы убактарда өзгөчө жасалма документ даярдагандар көбөйдү, алар Кыргызстандын ички паспортун да жасап жүрүшөт:

- Жасалма документ менен иштегендер аябай көбөйдү. Казан вокзалында көбүнчө өзбектер турса, биздин элчилик жайгашкан Добрынин метросунда кыргыздар көп. Алар жасаган документтер арзан жана бат бүтөт. Каалаган дарекке каттоого тура аласыз, каалаган сүрөтүңүздү чаптап беришет. 5 миң рублдин айланасында акы алышат. Азыр Кыргызстандын ички паспортун да, Орусиянын паспортун да даярдашат.

Биздин айрым мекендештер күткүсү келбейт, аз убакытта бүтүргүсү келип, жасалма документ даярдагандарга кайрылат. Алар болсо, “пулуң болсо кулуңмун” деп туруп, дароо акчасын алып, жасалмасын карматып коюшат.
Руслан Эшимов

Азырынча тергөө кызыкчылыгына байланыштуу беш кишиден турган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн аты-жөнү тууралуу маалымат бериле элек. Кармоо учурунда алардын кылмыштуу ишке байланыштыгын тастыктаган далил заттар алынып, Орусия мыйзамы боюнча кылмыш иши козголгон. Далил заттар ичинде Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин мөөрү бар. Мындан тышкары Орусиядагы кыргыз элчилигинин башкы консулдугунун жана Кыргызстандагы Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын да мөөрү жүрөт. Маалыматтарга караганда, алар жасаган документтерден жалаң Кыргызстандын гана эмес, КМШ өлкөлөрүнүн жарандары да жабыркаган.

Москвада мыйзамдуу түрдө мигранттарга керектүү документтерди даярдаган “Руспартнер” ишканасынын жетекчиси Руслан Эшимовдун айтуусунда, мындай жасалма документ даярдаган ортомчулардын ишин аларга кайрылган адамдар жүргүзөт:

Жасалма мөөр
Жасалма мөөр

- Кишинин соттолбогону, никеси бар, жок экени тууралуу жана башка ырастама документтер бул жактан берилбейт. Элчилик аркылуу гана же Кыргызстандын өзүнөн гана мыйзамдуу түрдө ошондой документтерди алса болот. Ошондуктан, биздин айрым мекендештер күткүсү келбейт, аз убакытта бүтүргүсү келип, жасалма документ даярдагандарга кайрылат. Алар болсо, “пулуң болсо кулуңмун” деп туруп, дароо акчасын алып, жасалмасын карматып коюшат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин аракети менен мындай жасалма документ даярдоо менен шугулданган кылмыштуу топтор буга чейин да кармалган.

9-мартта ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү Москванын күч кызматтары менен биргеликте жасалма документ даярдаган дагы бир топту кармашканы кабарланууда.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG