Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:08

Миграция үй-бүлө баалуулуктарын да бузууда


Ата-энеси туугандарына таштап кеткен балдардын болжолдуу саны да белгисиз.
Ата-энеси туугандарына таштап кеткен балдардын болжолдуу саны да белгисиз.

Кыргызстанда жумушсуздуктун айынан ата-энеси талаалап кетип, ата-эне мээримисиз өсүп жаткан балдардын саны көбөйүп жатат.

Кыргызстанда мигрант ата-энелердин балдарынын абалы аттуу темадагы иш-чаралар башталды. Анын алкагында өлкөдө канча бала кароосуз калган, алардын саламаттыгына, окуусуна ким көз салат – мына ушул өңдүү олуттуу маселелер бир катар тегерек үстөлдө талкууланмакчы. Мигранттардын балдарынын тагдыры кыргыз бийликтерин кабатыр кылып, көңүл борборунда турганын жакында президент Роза Отунбаева да билдирген эле. Буга байланыштуу иш-чара Бишкекте, анан Жалал-Абад, Ош, Баткенде улантылат.

Бул тууралуу балдар жана үй-бүлө маселелери боюнча эксперт Гүлзат Шамсуддин "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Сиздер чоң бир акция баштапсыздар, ага эмне негиз болду. Кандай зарылчылык келип чыкты?

- Биринчиден, биз ар кайсы маалымат булактардан мигрант ата-энелердин бадарынын абалы туурасында маалымат издеп тапкан жокпуз. Мамлекеттик органдар дагы, бейөкмөт уюмдар деле бул маселени иликтебептир. Ошондуктан биз республика боюнча ар бир дубанда “Мигрант ата-энелердин балдарынын абалы” деген жыйындарды өткөрүп жатабыз.

- Иш-чаранын биринчи тыянактары кандай болууда, кандай маалыматтарды алдыңыздар?
Ата-энелери өздөрү бул жакка акча жиберип, балдарымы багып атам деп материалдык камын ойлогону менен алар ата-эне мээримин төкпөй калып атат. Балдар мындай шартта үй-бүлө моделин албай, келечекте мерез, ата-энесине кайрымсыз болуп калышы мүмкүн.

- Талкууларда мигрант ата-энелердин балдарынын мониторинг системасы жана аларды каттоого алууну талкууладык. Бул багытта кандайдыр бир жооптор пайда болду, бардык региондо өткөргөндө кийин дагы бир жыйынтыктар чыгаар дейбиз. Мониторинг системасын жолго салып, мамлекет менен бейөкмөт уюмдар биргелешип иш-чараларды өткөрөбүз.

- Ата-энеси мигрант болуп кетип, балдары үйдө калган балдардын болжолдуу саны бар бекен?

- Болжолдуу сандар да жок экен, тилекке каршы. Жергиликтүү кызматкерлер менен сүйлөшсөк эч ким балдарды каттоого албайт экен. Каттоого чыкса да, кирсе да ата-энелери эле алынып, балдары ортодо калып калат экен. Балдар көбүнчө эле чоң-ата, чоң-эне, таята-таянесинде жана жакын туугандарына калат. Бала каттоодо болбогондуктан ал ден соолугун да чыңай албайт, билим алууга да толук кандуу кире албай жатат.

- Ушундай шартта окубай калган балдардын деле саны жок да?

- Андай сан да жок. Ошондуктан ушул иш-чараны өткөрүп жатабыз. Бирок окууга барбай калган фактылар көп. Биздин келечегибиз болгон балдар коомчулуктун көйгөйү болуп атат. Азыр ойлонбосок, качан деген суроону коюп жатабыз.

- Ушундай тенденция улана берсе, анын кесепети кандай болот?

- Ата-энелери өздөрү бул жакка акча жиберип, балдарымы багып атам деп материалдык камын ойлогону менен алар ата-эне мээримин төкпөй калып атат. Балдар мындай шартта үй-бүлө моделин албай, келечекте мерез, ата-энесине кайрымсыз болуп калышы мүмкүн. Негизгиси бала өзү үй-бүлө күтүүгө жараксыз болуп калат деген психологдордун ой-пикирлери бар.

- Баланын эне мээримин, ата камкордугун көрүп, толук кандуу үй-бүлөдө өсүшү үчүн кандай аркеттер көрүлүп, шартар түзүлүшү абзел?

- Албетте буга мамлекеттик программа керек. Жумушчу орундар түзүлүп, айлык акыны көтөрүш керек. Мугалим, врачтар айлыктын аздыгынан ишин таштап сыртка кетип атышат. Эгер ошол акча жашоосуна жетсе анда алар деле балдарынын жанында отурмак. Сыртка кеткендердин көбү аялдар, мына ошолор да балдарын таштап кетип жатышат.

- Демек сиздин айткаңызга караганда, келечекте билимсиз, чабал муун өсүп келатат деген коркунуч да бар экен да?

- Ооба, ушундай коркунуч бар. Эң негизгиси бала эмне үчүн төрөлөт? Биринчиден ата-эненин мээримин алыш керек. Антпесе келечекте ууру, каракчы же коомдогу терс көрүнүштү алып жүргөн элементке айланып калышы мүмкүн. Бул жерде биринчиден, мамлекет жана ата-эненин жоопкерчилиги турат. Үй-бүлөнү пландаштыруу, канча балалуу болуш керек, ошону ойлонуш керек. Андан сырткары коом өзүнүн руханий байлыктарын, үй-бүлө баалуулуктарын жогору коюш керек. Ошондо гана биз оңолуу жолуна түшөбүз деген пикирдемин.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG