Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Турдукулов: Иштейм деп баратып, ажал табышты


Казакстан -- жол кырсыгынан бир көрүнүш. 8-май, 2012. (Сүрөттү "Азаттыкка" Караганда облустук ички иштер департаменти сунуштады.)
Казакстан -- жол кырсыгынан бир көрүнүш. 8-май, 2012. (Сүрөттү "Азаттыкка" Караганда облустук ички иштер департаменти сунуштады.)

Казакстанда жол кырсыгынан набыт болгон 16 адам Базар-Коргон районунун Моңол айыл өкмөтүнө караштуу Чарбак айылынын тургундары болушкан. Булар 6-майда Орусияга иштеп келүү үчүн аттанышкан. Капилет кырсыктан жакындарын жоготкон айылдагы абал тууралуу Моңол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукулов "Азаттыкка" маек курду.

- Казакстанда кырсыкка кабылып, набыт болгондордун баары Чарбак айылынан турбайбы. Алар Орусияга эмнеге баратышыптыр?

- Алар Орусияга жумушка кетип жатышкан болчу. Бир кичи автобустагы 18 адамдын төртөө наристе жана 14ү чоң адамдар. Мына ушул ишке жарамдуу 14 адам Орусияга эмгектенүү үчүн баратышкан.

- Алар мурда Орусия эмгектенип жүрүшкөнбү?

- Ооба, алардын арасында мурдатан бери Орусияда иштеп жүргөндөрү болгон. Мисалы, 5 адам Орусиянын жарандыгын алып, узак убакыттан бери ал жакта эмгектенишкен. Алар айылдагы жакындарына учурашканы келип, ушинтип кырсыкка учурап отурушат.

- Булар жолго качан чыгышыптыр?

Казакстан -- жол кырсыгынан бир көрүнүш. 8-май, 2012.
Казакстан -- жол кырсыгынан бир көрүнүш. 8-май, 2012.
- 6-май күнү Базар-Коргондун район борборунан чыгышыптыр. Машиненин айдоочулары да биздин айылдан болгон үчүн бири-бирине жармашып, Орусияга жетип алууну аракет кылышкан экен.

- Азыр айылда кырдаал кандай? Каза болгондордун жакындары суук кабарды угуштубу?

- Ооба, суук кабарды угушту. Азыр баары даярданып жатышат. Айылда 13 адамдан турган атайын штаб түзүлүп, даярдыкты көрүп жатабыз.

- Каза болгондордун сөөгүн алып келүү боюнча иштер жүрүп жатат. Алардын баары эле айылга коюлса керек?

- Ошондой болот. Менин маалыматым боюнча, өкмөттүн деңгээлинде иштер жүрүп, Казакстан менен сүйлөшүүлөр болуп жатыптыр. Учурда маркумдардын сөөгүн алып келүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен эки машине Карагандага чыгып кеткени да белгилүү болду.
5 адам Орусиянын жарандыгын алып, узак убакыттан бери ал жакта эмгектенишкен.

- Айылдагы каза болгондордун жакындарына психологиялык жардам көрсөтүлүп жатабы?

- Ооба, андай жардамдар көрсөтүлүп жатат. Андан сырткары каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн айылдын тургундары 200 миң сомдон ашык каражат чогултушту. Муну менен катар Орусияда иштеген айылдыктар да өз жардамдарын салып жатышат.

- Сиздердин айылдан Орусияда канча адам иштейт?

- Жалпы айыл өкмөт боюнча 1500дөн ашуун адам Орусияда эмгектенип жүрөт.

- Ал эми айыл өкмөтүңөрдө канча адам жашайт?

- 15 миңге жакын адам катталган.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG