Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:50

ТИМ консулдук төлөмдөрдү кескин азайтканы жатат


Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөдөгү мигранттар үчүн консулдук төлөмдөрдү кыскартуу боюнча токтомду коомдук талкууга алып чыкканы жатат.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызматынын биринчи катчысы Бакыт Кадыров “Азаттыкка” маек курду.

- Азыр жаңы токтомдун долбоорун сунуштап жаткан экенсиздер. Мурда консулдук төлөмдөр канча сомду түзчү эле жана жаңы долбоор менен канча сом болуп калат?

- Азыркы убакты Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-апрелиндеги № 234 “Консулдук аракеттерди көрсөтүүдө алынуучу консулдук жыйындар боюнча” жобосуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча токтомдун долбоорун сунуштады. Бул долбоор менен бирге биздин министрлик маалымат кат даярдады. Долбоор менен катты өкмөткө узатып, алардан колдоп берүүсүн сурандык.

Долбоордун башкы максаты – чет жерде жүргөн кыргызстандыктардын консулдук төлөмдөрүн бир нече эсе азайтуу. Кыргызстандын жарандары чет өлкөгө убактылуу же болбосо туруктуу жашаганга кетсе, ошол барган жеринен алар консулдук мекемеге 40-250 долларга чейин акча төлөшчү. Ал эми азыр бир сунуштаган жаңы долбоор боюнча консулдук жыйындар 35 доллардан ашпай калат.

- Мигранттардын акчасы аз да болсо өз чөнтөгүндө калганы жакшы экен. Ал эми бул бюджетке зыянын тийгизбейби?

- Бюджетке деле зыян болбосо керек. Мурда эгер консулдук кызмат тез арада, үч күндүн ичинде, же иштен сырткары убакытта көрсөтүлсүн дешсе, чет өлкөдөгү кыргыз мигранттары 100 пайыз көтөрүлгөн баа менен төлөшчү. Ал эми майрамдык күндөрү 200 пайыз өйдө баага туш болчу. Эми жаңы долбоор ишке кирсе, андай пайыздык жогорулоолор болбойт. Кайсы убакытта болбосун бирдей баа менен гана төлөп калышат.

- Консулдук төлөмдөр бардык өлкөлөдө бирдей алынабы?

- Консулдук төлөмдөр кыргызстандыктар үчүн бардык өлкөлөрдө бирдей. Бирок консулдук жыйындардан тышкары болгон иш жүзүндөгү жыйындар ар бир өлкө үчүн өз алдынча аныкталат.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG